Роя гезити

Малидеги мамлекет боштугун толтуруу үчүн козголоң кайра башталганы жатабы?

Малидеги мамлекет боштугун толтуруу үчүн козголоң кайра башталганы жатабы?

Эл аралык чечим кабыл алуу борборлорунан алыс көрүнгөн география – Батыш Малиде бүгүн эң кооптуу тымызын өзгөрүүлөрдүн бири калыптанууда. Анткени Азавад аты кайрадан күн тартибине чыкты. Бул өткөн козголоңдун эскерүүсү катары эмес, башаламандыктын так ортосунан жаңыланып чыккан долбоор катары кайтып келүүдө. Азавадды боштондукка чыгаруу фронтунун жаңы форматта пайда болушу өзүнчө бөлүнгөн окуя эмес. Тескерисинче, бул Сахел аймагын жылдар бою башкарып келген тең салмактуулуктардын кыйрашын, эл аралык таасирдин артка чегинишин жана борбордук мамлекет бийлигинин алсырашын түздөн-түз чагылдырат.

Мындай башаламан шартта улуттук иденттүүлүк талаптары күч теңдемелери менен аралашып, саясат башаламан экономикага аралашып кетүүдө. Натыйжада кадимки бөлүнүү жаңжалынан да татаал көрүнүш жаралууда. Бүгүн болуп жаткан нерсе жөн гана жер үчүн күрөш эмес, дүйнөнүн эң алсыз аймактарынын бириндеги мамлекет түшүнүгүнө карата оор сыноо болуп жатат.

Салттуу козголоңдон саясий кайра жайгашууга чейин:

Малидеги Азавад козголоңу 1960-жылдагы жасалма эгемендүүлүктөн бери уланып келе жаткан түзүмдүк жаңжал болуп, ал түндүктөгү туарег калкынын Азавад аймагында автономия болуу же бөлүнүү талаптарына байланыштуу. Бул козголоң ондогон жылдар бою кайталанып келген козголоң, аны басуу, андан соң сүйлөшүү жана убактылуу элдешүүлөрдүн бүтпөс айлампасы кайталанып келет.

2012-жылы Азавадды боштондукка чыгаруу улуттук кыймылы тарабынан Азавад аймагынын кыска мөөнөттүү көз карандысыздыгы жарыялангандан кийин, туарег маселеси жаңы баскычка өткөндөй көрүнгөн. Бирок көп өтпөй бул көтөрүлүш тышкы аскерий кийлигишүүлөр аркылуу, өзгөчө Франция жетектеген “Сервал” операциясы аркылуу тизгинделди.

Бүгүн ошол эле идея кайра кайтып келүүдө, бирок башкача өң-түс менен. Ачык бөлүнүүгө умтулган кескин билдирүү азайып, автономия жана саясий укуктарга көбүрөөк басым жасалууда. Бирок бул өзгөрүү орточулук эмес, тескерисинче күч теңдемелери таңуулаган тактика болуп эсептелет. Эгер мурдагы туарег козголоңдору классикалык мүнөздө болсо, азыркы фронт өзгөчө гибриддик мүнөзгө ээ болуп, бир нече негизги факторлор менен айырмаланат:

  • Эки баштуу тактика жана “ал-Каида” менен шериктештик:

Биринчи жолу бөлүнүүчү фронт “ал-Каида” уюмуна караштуу “Ислам жана мусулмандарды колдоо жамааты” менен мындай денгээлде кызматташууда. Анда ролдор так бөлүштүрүлгөн: туарегдер түндүктөгү көзөмөлүн кеңейтүүгө көңүл бурса, жихадий топтор мамлекеттин стратегиялык тереңдигине сокку урууда. Бул болсо оор теңдемени пайда кылды. Бул тууралуу 2026-жылдын 28-апрелинде “Аль-Жазира нет” сайтында “Исламды колдоо жана Азавадды боштондукка чыгаруу фронтунун альянсы: кызыкчылык “никесиби” же стратегиялык өзгөрүүбү?” деген аталыштагы кабарда айтылган.

  • Геосаясий боштуктан пайдалануу убактысы:

2023-жылдын аягында БУУ миссиясынын (МИНУСМА) чыгышы жана орус “Вагнер” тобунун келишим мөөнөтүнүн аякташы кырдаалды өзгөрттү. Анткени орус тобу 2025-жылдын 6-июнунда Малидеги келишими расмий аяктаганын жарыялады. “Сахара 24 түз эфир” радиосунун маалыматына ылайык, бул билдирүү топ Малинин өкмөтү менен түзүлгөн расмий тапшырманы аткарганын айткандан кийин жасалды. Бул болсо саясий талаада боштук жаратып, таасирди кайра бөлүштүрүүгө жол ачты.

Мындай шарт Малинин бийлигин эки жолдун алдына койду: же өнүккөн партизандык согуш алдында чектелүү экени далилденген аскерий чечим жолун улантуу, же мамлекет түзүмүнүн калган бөлүгүн сактап калуу үчүн куралдуу топтор жана бөлүнүүчүл күчтөр менен оор сүйлөшүүгө баруу. Натыйжада мамлекет саясий туруксуздуктун жаңы баскычына жакындап бара жатат. Бул болсо бийлик түзүмүнүн өзгөрүшү же узак мөөнөттүү өзгөчө абал жарыяланышы менен аякташы мүмкүн.

  • Тарыхты кайра жазуу аркылуу ахлакый жеңиш (Кидалды кайра алуу):

Маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 25-апрелинде өлкөдө аскерий аймактарга жана базаларга чабуулдар жасалып, анын натыйжасында коргоо министри Садио Камара жубайы менен бирге каза болгон жана башка курмандыктар да болгон. Ошондой эле борбор шаар Бамакодогу Модибо Кейта эл аралык аэропортунун айланасында үзгүлтүктүү жардыруулар катталган. Мындан тышкары өлкөнүн эң түндүгүндөгү Кидал шаары кулады.

Шаардын кайрадан кулашы аны кайтарып алгандан үч жыл өтпөй туруп Бамаконун аскерий жолундагы ийгиликсиздигинин ачык жарыясы болду. Бул орус жалданма кошуундарынын колдоосун да жокко чыгарды. Анткени алар талаадагы түшүнүшүүнүн негизинде артка чегинүүгө мажбур болушкан (“Африка коопсуздугун изилдөө борбору”, 29/4/2026).

Эң маанилүү суроо: булардын баары эмне үчүн азыр болуп жатат?

Фронтту түзүү чечими Малидеги түзүмдүк кемчиликтерден келип чыккан терең нааразылыктын жыйынтыгы болду. Саясий тамырларга кайрылсак, бул кайра-кайра келишимдердин аткарылбай калышынан келип чыгат. Алардын эң белгилүүсү 2024-жылдын январындагы Алжир келишими. Анткени, “2015-жылы кол коюлган Алжир келишиминин жокко чыгарылышы бурулуш учур болду. Себеби ал куралдуу топтор, анын ичинде туарег фракциялары менен согуш майдандарынын кайра ачылышына алып келди. Ушул күчөгөн чыңалуу шартында айрым азаваддык кыймылдар үчүн өз катарларын натыйжалуураак бирдиктүү түзүмдүн алкагында кайра уюштуруу зарылчылыгы пайда болду”.

Фронттун түзүлүшү аскерий кеңеш башкаруусунан мураска калган аскерий күчөтүүгө түз жооп катары келди.

Ал эми стратегиялык себептерге келсек, фронттун чатыры астындагы фракциялар келечектеги ар кандай коркунучтарды алдын алуу үчүн жамааттык тоскоолдук күчүнө ээ болгон бирдиктүү түзүм түзүүнү каалашууда.

Тилекке каршы, бул көрүнүш негизги эки оюнчунун ортосундагы өлүм-өмүр бийине окшош:

Азавадды боштондукка чыгаруу фронту (туарег бөлүнүүчүлөрү). Азавадды боштондукка чыгаруу фронтунун түзүлгөнү тууралуу жарыя 2024-жылдын ноябрында Малинин түндүгүндө орун алган коопсуздук жана саясий топтолуулардын түздөн-түз натыйжасы катары келди. Бул өзгөрүүлөр аймактагы куралдуу күчтөрдүн көрүнүшүн кайра калыптандырды. Фронт Азаваддын тагдырын өзү аныктоосуна жана тышкы колдоону тартуу үчүн орточо легитимдүүлүк менен бекемделген автономияга жетишүүгө аракет кылууда. Бирок ал коалициянын алсыздыгы жана келечекте бөлүнүп кетүү ыктымалдыгы менен бетме-бет келүүдө.

Ал эми “Ислам жана мусулмандарды колдоо жамааты” (жихадийлер) болсо, 2017-жылы “ал-Каида” уюмуна байланыштуу бир нече топтордун биригүүсүнөн кийин үстөмдүк кылган күч катары пайда болду. Бул болсо чабуулдардын күчөшүнө жана Малинин түндүгүндөгү көзөмөл аймагынын кеңейишине алып келди. Алар практикалык услубду пайдаланып, теңдеменин негизги тарабына айланууга аракет кылышууда. Ошондой эле Ийяд Аг Гали сыяктуу ортомчу лидер аркылуу көз караштарды жакындатуудан да пайдаланышууда (“Аль-Жазира нет”, 28/4/2026).

Мындай курч алсыздык шартында Малидеги абал толук масштабдуу жарандык согушка айланып кетиши мүмкүн. Айрыкча борбор калаага чабуулдардын улануусу жана фронттун Гао менен Тимбукту сыяктуу ири шаарларга карай кеңейиши өлкөнү узак мөөнөттүү аймактык согушка түртүшү ыктымал.

Же болбосо, биз мамлекеттин майдаланып, Сомалидегидей этникалык кантондордун түзүлүшү сценарийине жетишибиз мүмкүн. Бул болсо Алжир жана Мавритания сыяктуу аймактык күчтөрдүн, ошондой эле эл аралык күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол ачышы мүмкүн. Айрыкча таасир үчүн атаандаштык жана бүтүндөй аймакка кирип баруу аракеттери жүрүп жаткан шартта мындай ыктымал чоң.

Демек, бүгүнкү күндө көрүп жаткан нерсе жөн гана жаңы козголоң эмес. Бул Малидеги борборлошкон мамлекет моделинин оор кыйроосу болуп эсептелет. Анткени Азавад фронту эми жөн гана автономия талап кылган козголоңчу топ эмес, түзүмдүк чоң кризиске айланды. Балким, Бамакодогу аскерий кеңеш муну сүйлөшүүлөр аркылуу же кайра-кайра ийгиликсиз экени далилденген басым жана күч колдонуу жолу аркылуу чечүүгө аракет кылат.

Тилекке каршы, мусулман өлкөлөрү ар кандай шылтоолор менен талап-тонолуп жатат. Себеби аларды коргой турган халифа жок. Ошондуктан Африка элдери өзгөчө, мусулмандар Аллахтын шариятын колдонуу аркылуу баалуулуктарын алган ардактуу жашоого кайтуусу жана Расулуллах ﷺ  берген сүйүнчүнү ишке ашырууга аракет кылуусу керек:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Андан соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Ошондо биз улутчулдук жана мазхабчылык кысымынан чыгып, мурдагыдай Ислам казанында эрип биригебиз. Мусулмандардан жана зиммийлерден болгон жарандардын иштерин караган, дүйнөгө адилеттик менен нур тараткан Халифалык роясы астында жашайбыз.

Оо Аллахым, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин бизге тездетип бер.

Роя гезити

Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button