БАЭнин ОПЕК уюмунан чыгуусу: себеп жана кесепеттери

БАЭнин ОПЕК уюмунан чыгуусу: себеп жана кесепеттери
Бириккен Араб Эмирлиги 2026-жылдын 1-майында ОПЕК уюмунан жана ОПЕК+ альянсынан расмий түрдө чыкканын жарыялады. Бир караганда бул чечим өндүрүштү күнүнө 3,4 миллион баррелден 5 миллион баррелге чейин көбөйтүү үчүн жасалган экономикалык-техникалык кадамдай көрүнүшү мүмкүн. Бирок чындыгында бул азыркы дүйнөлүк каржы системасында болушу мүмкүн болгон маанилүү өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү болуп саналат. О.э ар түрдүү эл аралык күрөштөрдү чагылдырат. БАЭ өзү ишке ашырып жаткан ири долбоорлорду каржылоо үчүн мунай өндүрүшүн көбөйтүүгө үмүт артууда. Айрыкча Индиянын батыш порттору менен БАЭдеги Жабал Али жана Халифа портторун байланыштырган, андан соң БАЭни Саудия жана Иордания аркылуу басылып алынган Хайфа порту менен туташтырган темир жол линияларын камтыган IMEC эл аралык соода жолу долбооруна үмүт артууда. Ошондуктан БАЭ мунай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн ОПЕК жана ОПЕК+ уюмдарынан чыгууга шылтоо кылды.
Бул ОПЕКти жок дегенде формалдык жана саясий жактан алсыратат. Бирок ОПЕК жана ОПЕК+ мамлекеттери БАЭнин өндүрүш көлөмүнүн ордун толтуруп, анын үлүштөрүн башка мамлекеттерге бөлүштүрө алат. Ал эми БАЭ өз мунайын ОПЕКтен тышкары сатуу үчүн ОПЕК бааларынан төмөн баада сатууга аргасыз болот. Мындан тышкары, ал өз аймагында иш алып барган дүйнөлүк компанияларга, мисалы Британиянын BP жана Shell, ошондой эле Франциянын Total мунай компанияларына көбүрөөк таянат.
Тарыхка кайрылсак, ОПЕК уюму 1960-жылы мунай экспорттоочу беш мамлекет тарабынан негизделген. Алар: Саудия, Ирак, Кувейт, Иран жана Венесуэла. Кызыгы, Венесуэланы эске албаганда, бул мамлекеттердин баары Британиянын таасири алдында болгон. Бул болсо ОПЕК уюму негизделген күндөн тартып эле Британиянын кызыкчылыктарына кызмат кылганын айкын көрсөтөт. БАЭ ОПЕКке 1967-жылы кошулган жана ал кезде али “көз карандысыздык” ала элек болуп, Абу-Даби эмираты деп аталчу. Бирок кийинчерээк Америка Саудия жана Ирактагы Британиянын таасирин алмаштырып, 1991-жылы Кувейтти аскерий жактан көзөмөлүнө алып, 1979-жылдан тарта Ирандагы британ таасирин жок кылгандан кийин Британиянын саясий таасири ОПЕКтен азайып кетти. Башкача айтканда, негиздөөчү мамлекеттердин баары, анын ичинде Венесуэла да, кандайдыр бир деңгээлде Америкага баш ийип калды.
Америка алтынга негизделген каржы системасынан баш тартууну жана долларды чыгарууда алтынды негиз катары кабыл алган Бреттон-Вудс келишимин жокко чыгарууну чечти. Ушундан кийин ОПЕК уюмунун маанисин абдан жакшы түшүндү. Ал келишим боюнча бир унция алтын 35 долларга бааланчу. Америка дүйнөлүк экономикалык жашоонун күрөө тамыры эсептелген мунайдан өзүнө ылайыктуу мүмкүнчүлүк тапты. ОПЕК Американын көзөмөлүндө болбогонуна жана Саудия падышасы Файсал анын агенти болбогонуна карабастан, Америка ОПЕК уюмуна жана анын лидери болгон Саудияга таасир эте алды. Ал мунай баасын 1972–1974-жылдар аралыгында 2,25 доллардан 12 долларга чейин, башкача айтканда беш эседен ашык көтөрүү мүмкүнчүлүгү менен азгырды. Бул 1973-жылдагы Мисир менен Сирия яхудий түзүмүнө каршы жүргүзгөн октябрь согушу аркылуу ишке ашкан. Ошентип Америка ОПЕКти өтө натыйжалуу пайдаланып, петродоллар системасы пайда болду. Бул система боюнча мунай соодасы доллар менен гана жүргүзүлүп, доллар чыгаруу көлөмү да мунай соодасынын көлөмүнө жараша аныкталат.
Бул система 2016-жылдан тартып ОПЕК+ деген ат менен белгилүү болгон уюмга дагы тогуз мамлекет кошулганга чейин кыйла туруктуу бойдон калды. Ошондон тартып мунайды доллардан тышкары валюта менен сатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу божомолдор айтыла баштады. Акыры петродоллар системасынан тышкары жүргүзүлгөн мунай соодасы дүйнөлүк көлөмдүн 20 пайызына жетти. Эми БАЭ мунайды доллар менен сатууга милдеттүү болбой калгандыктан, петродоллар системасынан тышкары жүргүзүлө турган мунай соодасынын көлөмү дагы көбөйүшү мүмкүн.
Туура, мунай өндүрүүчү мамлекеттер, мейли ОПЕКте болсун же ОПЕК+та болсун, мунай кендерине ээ. Бирок мунай баасына болгон чыныгы көзөмөл дагы эле эски жана жаңы колонизатор мамлекеттердин борборлорунда т.а. Америка менен Британияда, андан азыраак деңгээлде Францияда кала берүүдө. Бул көзөмөл “алты ири мунай компания” аркылуу ишке ашат. Алар: Американын Exxon Mobil, Chevron, ConocoPhillips компаниялары, Британиянын Shell жана BP компаниялары, ошондой эле Франциянын Total компаниясы.
Бул компаниялар жөн гана экономикалык түзүмдөр эмес, алар сырттан башкаруу стратегиясы боюнча иш алып барган саясий куралдар болуп саналат. Мамлекеттер материалдык запастарга ээ болгону менен, бул алты компания терең катмарлардан мунай казып алуу технологиясын, дүйнөлүк кайра иштетүү тармактарын көзөмөлдөйт. Эң маанилүүсү, алар Нью-Йорк жана Лондон биржалары аркылуу “кагаз мунай” соодасын башкарат. Ал жерде чыныгы мунай көлөмүнөн отуз эсе көп болгон кагаздагы жасалма баррелдер аркылуу соода кылышат. Дал ошол жерде баалар Уолл-стриттеги жана Лондондун каржы аймагындагы ири инвестициялык фонддордун кызыкчылыгына ылайык аныкталат. Натыйжада мунай мамлекеттери өздөрү добуш берүү укугуна ээ болбогон өзгөрмөлүү биржалардын астындагы барымтага айланып калууда.
Мунайды колонизатордук курал катары кароо жөн гана тарыхты эстөө эмес, бул 2026-жылдагы жашап жаткан вакыйлык. Энергия булактарын жана мунайды континенттер аралык ташуучу суу жолдорун көзөмөлдөө дүйнөлүк өнөр жайдын “жашоо” тамырын көзөмөлдөө дегенди билдирет. Ошондой эле бул энергияга муктаж, бирок өзүндө андай булактары жок Европа жана Кытай сыяктуу күч борборлорун башкаруу дегенди да түшүндүрөт. Бүгүн Америка мунайды санкция куралы катары түздөн-түз Иран жана Булуң аймагына каршы колдонуп жатат, же кыйыр түрдө Европа менен Кытайга каршы пайдаланууда. Ал эми Россия менен Британия мындай санкциялардан түздөн-түз корголгон абалда, анткени алар өздөрүнүн мунай кендерине же Shell жана BP сыяктуу ири мунай компанияларына ээ. Белгилүү болгондой, BP америкалык Amoco компаниясын өзүнө кошуп алган.
Ал эми мунайды доллар системасынан тышкары сатуу себебинен Америка доллар чыгаруу мүмкүнчүлүгүнүн 20 пайызын жоготуп жатканына келсек, Америка бул каржылык жоготууну толтуруу үчүн көп жылдан бери доллар чыгаруунун жаңы системасын түзүүгө аракет кылууда. Ал тургай акырында петродоллар системасын толук алмаштырууну көздөп жатат, өзгөчө аны сактап калуу үзгүлтүксүз геосаясий күрөштөрдү талап кылса ошол максатын ишке ашырат. Ошондуктан Америка 15 жылдан ашык убакыт мурун валюта алмашуу системасы менен иштей баштаган. АКШнын Федералдык резерв банкы аны “swap lines” — “алмашуу линиялары” деп атаган. Америка бул системаны өнүктүрүп, акырында Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун ордун баса турган деңгээлге жеткирүүнү көздөөдө. Ошентип ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Бреттон-Вудс келишими аркылуу түзүлгөн каржы системасынын калдыктарынан толук кутулууну каалайт. Кызыгы, Америка алтын стандарты жөнүндөгү жобону Жакынкы Чыгыштагы катуу согуштун ортосунда жок кылган болсо, бүгүн Бреттон-Вудс системасынын калган бөлүгүн дагы Жакынкы Чыгыштагы мындан да катуу согуш аркылуу өзгөртүүгө же жоюуга аракет кылууда. Бул болсо элдердин жакырчылыгын дагы күчөтүп, аларды улам тереңирээк кыйынчылык жана жакырчылык баткагына түртөт.
Бул колонизатордук таасирдин канчалык жийиркеничтүү экендиги “кара алтынга” ээ болуп туруп жакырчылыктын караңгылыгында жашаган мамлекеттерди караганда айкын көрүнөт. Африкадагы эң ири мунай өндүрүүчү Нигерия мунун эң оор мисалы болуп саналат. Shell жана Total сыяктуу ири компаниялар дельта аймагындагы кендерден миллиарддаган доллар киреше таап жаткан учурда, өлкөдө жакырчылык деңгээли 40 пайыздан ашууда. Ошондой эле экологиялык оор кыйроо жана азык-түлүк коопсуздугунун жоголушу орун алууда. Ушундай эле абал Индонезияда да байкалат. Ал мурда ОПЕКтин активдүү мүчөсү болгон, кийин мүчөлүгүн токтоткон. Жергиликтүү технологиянын жоктугу жана казып алуу менен чалгындоодо чет элдик компанияларга ашыкча көз карандылык себебинен Индонезия өзүнүн эбегейсиз калкынын муктаждыгын камсыз кылуу үчүн мунай экспорттоочу мамлекеттен мунай импорттоочу мамлекетке айланып калды. Бул болсо анын бюджетин Техас жана Лондондогу соода борборлору көзөмөлдөгөн дүйнөлүк биржалардагы баалардын “ырайымына“ таштады.
Oxfam уюмунун 2026-жылдын апрелиндеги отчеттору алты ири компания секунд сайын болжол менен 3000 доллар киреше таап жатканын ачыктады. Бул болсо байлыктардын уюшкан түрдө талап-тонолуп жатканын көрсөтөт. Түштүк мамлекеттери оор карыздар жана климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери менен күрөшүп жаткан учурда, бул кирешелер Батыштагы акционерлердин каржылык күчүн бекемдөөгө, саясий берилгендиктерди сатып алууга жана элдерге каршы согуштарды жүргүзүүгө жумшалууда.
Мунай мамлекеттеринин чыныгы эркиндиги БАЭ же андан мурда Катар кылгандай уюмдардан чыгуу менен гана башталбайт. Тескерисинче, ал технологияны өздөштүрүү жана Батыш биржаларынын монополиясын бузууга жөндөмдүү көз карандысыз баа аныктоо борборлорун түзүү менен башталат. Мындан мурда жана кийин да Америка менен Британияга болгон саясий көз карандылыктан турмуштун бардык тармактарында кутулуу зарыл. Болбосо мунай баррели Нигерия, Индонезия жана башка мунай мамлекеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн Батыштагы чечим кабыл алуучу борборлорго жана колонизатордук тегирмен ташына байлап турган чынжыр бойдон кала берет. Мунун баары “эркин соода” жана “орток кызыкчылыктар” деген ат менен жүргүзүлүүдө.
Роя гезити
Доктор Мухаммад Жилани




