Кабар

Үч мусулман өз өмүрлөрүнүн акысына 140 баланы куткарып калышты

Үч мусулман өз өмүрлөрүнүн акысына 140 баланы куткарып калышты

2026-жылдын 18-майында эки неонацист — 17 жаштагы Кейн Ли Кларк жана 18 жаштагы Калеб Лиам Васкес — Сан-Диегодогу эң чоң мечиттердин бирине куралдуу кол салуу уюштурушту.

Эки америкалык тең өздөрүн ак расанын үстөмдүгүн жактоочу жана Жаңы Зеландиядагы мечиттерде  теракт кылгандардын урматына «Тарранттын уулдары» деп аташкан. Чабуулдун алдында алар расалык согушка чакырган манифест жарыялап, мечитке неонацисттик символикасы бар камуфляж кийип келишкен.

Алардын максаты ислам мектебиндеги окуучу балдар болгон. Бирок коопсуздук кызматкери Амин Абдулла, ошондой эле мечиттин кызматкерлери Надер Авад менен Мансур Казиха чабуулду тосуп калышкан. Алар террорчуларды унаа токтотуучу жайда кармап турганда, ичиндегилер бардык кирүүчү эшиктерди жапканга жетишишкен.

Натыйжада Куран жана араб тилин үйрөнүп жаткан 140 бала куткарылган. Анткен менен медресени коргогон үч кызматкер тең шахид болушту.

Ал эми кол салгандар полиция курчоого алганда өздөрүн өлтүрүшкөн. ФБР бул ишти диний жана расалык жек көрүүчүлүктүн негизиндеги теракт катары расмий түрдө иликтөөдө.

Алгачкы эки сутканын ичинде дүйнө жүзүндөгү адамдар курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 1,5 миллион доллардан ашык каражат чогултушту.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button