Сириядагы экономикалык кризистин туура чечими: вакыйлыкка жана исламий альтернативага аналитикалык көз караш

Сириядагы экономикалык кризистин туура чечими: вакыйлыкка жана исламий альтернативага аналитикалык көз караш
Бүгүн Сириядагы экономикалык кризис анын элинин чоң бөлүгү үчүн өтө курч жана оор болуп көрүнүүдө. Алар жакырчылыктын, жогорку салыктардын, айлыктардын жана сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшүнүн оордугу астында онтоп-кыйналып жатышат. Эл арасында түпкү чечимдерди талап кылган нааразылык акциялары күчөгөн сайын, бул кризистин табияты тууралуу олуттуу жана тагдыр чечүүчү суроолор жаралууда: бул он төрт жылга созулган кыйраткыч согуштан жаңы чыккан өлкө үчүн сөзсүз боло турган натыйжабы? Же маселе мындан алда канча терең болуп, мамлекетти башкаруу жана анын байлыктарын бөлүштүрүү услубунун түзүмүндө жатабы?
Бул макала – ийгиликсиздикти актаган баяндарды талдоо. Ошондой эле, Исламда экономикалык система бар экенин унуткандарга, дал ошол система экономикалык көйгөйдүн түпкү чечими экенин эскертүү.
Ресурстардын тартыштыгы тууралуу жаңылыш түшүнүк: Сириянын чыныгы байлыктары
Азыркы саясий багыт күчөп жаткан кризисти негизги мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги менен актоого ыктап жатат. Бирок азыркы Сириянын географиялык жана экономикалык вакыйлыгы мунун таптакыр тескерисин далилдейт. Анткени Сирия күчтүү, көз карандысыз жана өзүн-өзү камсыз кылган экономиканы куруу үчүн зарыл болгон ресурстардын жетишсиздигинен таптакыр жапа чекпейт. Өлкөдө, айрыкча чыгыш аймактар кайра көзөмөлгө алынгандан кийин, мунай жана газ сыяктуу энергия булактары жетиштүү деңгээлде бар. Мындан тышкары, чөл аймактарында кеңири жеткиликтүү болгон күн энергиясы сыяктуу альтернативдүү энергия тармагында да пайдаланылбай жаткан зор мүмкүнчүлүктөр бар.
Буга кошумча, өнөр жай үчүн зарыл болгон чийки заттардын молдугу жана ички азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, коңшу өлкөлөргө экспорт жүргүзүүгө шарт түзгөн түшүмдүү айыл чарба жерлери да бар. Ошондой эле эң маанилүү байлыкты т.а. илимдүү адамдарды, адистик кудуреттерди жана чебер сириялык жумушчу күчүн да унутпашыбыз керек.
Бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары биригип, Сириядагы чыныгы көйгөй ресурстардын тартыштыгында эмес, тескерисинче бул байлыктарды туура башкарууга жана адамдар арасында тең салмактуу бөлүштүрүүгө жөндөмдүү адилеттүү экономикалык системанын жоктугунда экенин эч кандай шек калтырбастан тастыктайт.
Капиталисттик жана пайдапарастык моделдерди көчүрүп алуунун тузагы
Айрым тараптар Сирия кризисинен чыгуу үчүн Кытайдын, Булуң өлкөлөрүнүн же Түркиянын экономикалык моделдерин көчүрүп алуу зарыл экенин көптөн бери “куткаруучу жол” катары жайылтып келишет. Бирок кылдат талдоо жүргүзгөндө, бул моделдер чыныгы жана адилеттүү ойгонуу долбооруна туура келбеген терең түзүмдүк бузулууларды камтыганы көрүнөт.
Кытай болсо, өндүрүшүнүн жана дүйнөлүк соода экспортунун көлөмү чоң болгонуна карабастан, экспорттук “даңкын” өтө арзан жумушчу күчүн сактап калуу үчүн өтө оор жакырчылыкта жашаган миллиондогон эмгекчилердин эсебинен куруп жатат. Ал эми Булуң өлкөлөрүнүн экономикасы толугу менен мунай кирешелеринин агымына таянган айырбаштоочу экономика болуп саналат. Эгер бул ресурс түгөнсө, анда бул түзүм толугу менен кыйрайт. Бул дүйнөдөгү эң чоң мунай запасына ээ болгонуна карабай, бүгүнкү күндө блокада жана экономикалык системасынын башаламандыгы себептүү өтө оор жакырчылыкка дуушар болгон Венесуэладагыдай көрүнүш болот.
Ал тургай түрк модели да, кыймылы активдүү болгонуна карабастан, башка капиталисттик экономикалар сыяктуу эле байлыкты аз сандагы катмарлардын колуна топтоп, анын карамагындагы адамдарды инфляциянын, жакырчылыктын жана калктын көпчүлүгү үчүн турак жай табуунун оордугу астында онтотуп жатат.
Ийгиликтүү экономика эч качан өндүрүштүн көлөмү менен өлчөнбөйт. Тескерисинче, ал байлыкты чыныгы бөлүштүрүүдөгү ийгилиги, ар бир адамдын негизги муктаждыктарын камсыз кылышы жана ошол эле учурда ар кимге өз каалоосу менен мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча муктаждыктарын камсыздоого жол ачышы аркылуу өлчөнөт. Мунун баары коом үчүн талап кылынган жашоо таризин сактай турган түрдө болушу керек.
Тышкы тараптарга көз каранды болуунун жана үммөт мүмкүнчүлүктөрүн менчиктештирүүнүн коркунучу
Сириядагы азыркы башкаруунун эң чоң туңгуюгу — дүйнөлүк капиталисттик экономикага сокур түрдө интеграцияланууга аракет кылып, өлкөнү Америка шарттарын аткарган эл аралык долбоорлордун бир бөлүгүнө жана “2030 көрүнүшүнүн” курамына айландыруусу болуп жатат. Бул коркунуч мунай казып алуу укуктарын чет элдик компанияларга берүүнү мыйзамдаштырууга жана чет элдиктерге айыл чарба жерлерин менчикке берип, инвестиция кылууга уруксат берүү багытында ачык көрүнүүдө. Мындай жолду кармануу өлкө байлыктарын сыртка уюшкан түрдө талап-тоноодон жана Сириянын уулдарын, адистерин жөн гана чет элдик инвесторлордун жалданма жумушчуларына айландыруудан башка нерсени билдирбейт.
Чыныгы көз карандысыздык өзүн-өзү камсыз кылган экономиканы курууну талап кылат. Ал экономика ар кандай тышкы блокадага туруштук бере ала турган толук экономикалык айлампага ээ болушу керек. Ошондо мамлекет чет элдик эркке барымта болуп калбайт. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө амал кылуу болуп саналат:
﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141)
Тарыхта мунун сабактары бар. 1930-жылдагы Улуу депрессия кризисинде дүйнөлүк капиталисттик экономикалык системанын “органикалык” бөлүгү болбогон мамлекеттер гана аман калган.
Байтул-малдын шаръий кирешелери менен зулум салык жыйноонун айырмасы
Мындай башаламандык шартында натыйжалуу чечим т.а. исламий экономикалык система атайылап көмүскөдө калтырылууда. Ал система кемчиликти дарылоого толук көз карашка ээ. Байлыктын топтолуп, аз сандагы адамдардын колунда айланып калуусуна бөгөт коюу бул системанын алтын эрежеси болуп саналат. Бул тууралуу Куранда мындай делет:
﴿كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنكُمْ﴾
«…тээ силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн…» (Хашр: 7)
Бул Роббаний система бүгүн колдонулуп жаткан зулум салык саясаттарын түп-тамырынан четке кагат. Анткени кирешеси чектелүү адамдарга жана жакырларга салынган салыктар, кошумча нарк салыгы жана бажы төлөмдөрү шарият таразасында “макс” – арам салык жана уурулук болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»
«Макс жыйноочу бейишке кирбейт».
Ал тургай мамлекеттин электр энергиясы жана суу сыяктуу негизги кызматтарды кымбат төлөмдөр менен баалашы да шариятта бул ресурстардын бардык жарандар үчүн умумий мүлк деп эсептелишине толугу менен карама-каршы келет. Бул Пайгамбарыбыздын ﷺ төмөнкү хадисине негизделет:
«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ»
«Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто».
Мунун ордуна, Исламдагы мамлекеттик казынанын (Байтул-малдын) кирешелери бекем жана адилеттүү шаръий булактарга таянат. Алардын катарында мусулмандардын байларынан алынып, шарият белгилеген орундарга, эң оболу кедейлерге берилүүчү зекет бар. Мындан тышкары, мунай жана кендер сыяктуу умумий мүлктөн түшкөн ири кирешелер да бар. Бул байлыктар үммөттүн муктаждыктарын каржылоо үчүн түздөн-түз үммөттүн пайдасына пайдаланылышы керек, чет элдик компанияларга артыкчылык катары берилбеши керек.
Эгерде шаръий кирешелер жетишсиз болуп, күтүүсүз тартыштык жаралса, анда Исламда салык бай мусулмандардын гана мүмкүнчүлүгү жеткендерине жүктөлөт. Ал эми кедейлердин же кирешеси чектелүү адамдардын чөнтөгүнө эч кандай жол менен кол салынбайт.
Жыйынтыктап айтканда, Сирияны каптаган экономикалык кризис жөн гана убактылуу көрүнүш эмес. Ал чет элдиктерге көз карандылыктан келип чыккан саясий жана мабдаий кризис. Бийликтин исламий экономикалык системаны атайылап көмүскөдө калтыруусу терең тамыр жайган наадандык же дүйнөгө үстөмдүк кылган күчтөр менен эл аралык рынокко интеграция болуу үчүн түзүлгөн саясий келишимдердин аткарылышы. Айтор, адамдардын азап-тозогу жана жакырчылыгы күчөшүнүн негизги жана түпкү себеби болуп жатат.
Элдерди жакырлаштыруу саясаты – алардын саясий чечимине көзөмөл орнотуу жана эркин тартып алуу үчүн колдонулган эски колонизатордук курал. Бул караңгы туннелден чыгуу жана мындай кордуктагы көз карандылыктан кутулуу үчүн чыныгы коомдук аң-сезим керек. Ал аң-сезим байлыкты адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылган, үммөттүн мүмкүнчүлүктөрүн коргогон жана аны капитализмдин тырмактарынан жана жырткыч механизмдеринен алыс чыныгы көз карандысыздыкка жеткирген Роббаний толук экономикалык системаны талап кылышы керек.
Роя гезити
Ахмад ал-Касас




