Кабар

«Израил» армиясында кызмат өтөгөн АКШ жараны өз жанын кыйды

«Израил» армиясында кызмат өтөгөн АКШ жараны өз жанын кыйды

«Израил» армиясында кызмат өтөгөн, үй-бүлөнүн жалгыз уулу, 23 жаштагы америкалык Алекс Миллер мекенине кайткандан кийин өз жанын кыйды.

Анын өлүмү Газадагы согуштан улам аскер кызматкерлеринин арасында психикалык оорулар күчөп жатканын дагы бир жолу көрсөттү.

АКШга кайтып баргандан кийин Миллер күзөтчү болуп иштеп, каза болгонго чейин олуттуу психологиялык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. «Израил» маалымат каражаттарына ылайык, ал тынч жашоону кайра курууга аракет кылып, университетте окуй баштаган.

Миллердин окуясы жалгыз учур эмес. 2023-жылдан бери «Израил» аскерлеринин арасында стресстик бузулуу учурлары дээрлик 40%га өскөн.

«Израил» парламентинин тышкы иштер жана коргонуу комитети 2024-жылдын январынан 2025-жылдын июлуна чейин 279 аскер өз жанын кыюуга аракет кылганын аныктаган. 2024-жылы өлкөдөгү суицид учурларынын 78 пайызын аскер кызматкерлери түзгөн.

Психологдор фронттон кайтып келген аскерлерде травманын эки негизги булагын белгилешет:

— Газада жана Ливандагы салгылашууларда башынан өткөргөн өлүм коркунучу;

— “моралдык травма” т.а адам жасоого аргасыз болгон иштердин айынан абийирине келтирилген зыян.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button