Комментарий

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жылда 47,7% га өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жылда 47,7% га өстү

2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жыл ичинде 47,7%га өсүп, 9.8 млрд долларды түздү. Бул тууралуу economist.kg жазды.
Ага ылайык, Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч.
Маселен, Казакстанда карыз 15,6%га, Орусияда 25%га, ал эми Арменияда 0,1%га өскөн.

Ал эми Кыргызстандын ички карызы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 эсеге көбөйгөн.

Комментарий:

Расмий бийлик мамлекеттик карызды төлөө боюнча бардык чараларды көрүп жатканына, ал тургай ушул максатта салык жана айып пулдарды көбөйтүп жатканына карабастан, мамлекеттин карызы өсүп жатат. Анткени, Кыргызстандын карызга батып барышына негизинен колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык башкаруу түзүмү себепкер. Алар Кыргызстандагы коррупцияга батып калган саясий чөйрөнүн абалынан пайдаланышат. Башкача айтканда, Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн, берилген карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп ала турган коррупционер чиновниктерден пайдаланышат. Кыргызстандагы мурунку жана учурдагы жетекчилер мамлекет үчүн карыз алып жатканда бир жолу болсо да “оор өнөр жайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, буга чейин сатып жок кылынган ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” карыз алышкан эмес.

Эгер мамлекет бирер эл аралык финансылык уюмдан карыз ала турган болсо ал карыздар узак мөөнөткө жана белгилүү бир үстөк пайыз менен берилет. Карыз алган мамлекет ошол мөөнөттүн ири бөлүгүндө карыздын үстөгүн гана төлөп барат. Качан гана белгиленген убакыт келгенде үстөгүнө кошуп, алынган карыздын өзүн да төлөй баштайт. Мамлекет алган карызын мөөнөтүнөн мурда төлөөгө кудуреттүү болгон күндө да эл аралык каржы уюмдары карызды мөөнөтүнөн мурда кайтарып алууну каалашпайт же карыздын үстөгүн бир нече эсеге көтөрүүнү талап кылышат. Негизи, карыз алынып жаткан учурда ушундай шарттар коюлат жана карыз алып жаткан мамлекет ушул шарттарды аткарууга мажбурланат.

Демек, Кыргызстандын проблемасы эл аралык капиталисттик системанын саясатына моюн сунуп, байланып калганында. Бул системада капиталисттер үчүн гана шарт түзүлүп, карапайым калк алардын салык төлөөчүсүнө айланат. Маселен, Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматка ылайык, өлкөдө эң бай катмар кедейлерден 10 эсе көп киреше таап калган. Ал эми, үч жыл мурун бул көрсөткүч беш эсе болгон. Ал эми, 2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандагы каржы уюмдар 115 млрд сомдон ашуун киреше табышты. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га же дээрлик 24 млрд сомго көп.

Демек, капиталисттик чырмалган экономика түзүмү калктарды жакырлаштырып, байлардын байлыгын арттыруу негизине курулган. Мунун каршысында, Исламдагы экономика түзүмү алтын жана күмүш акчага негизделип, анда байлыктын бир ууч адамдын колуна топтолуп калышына, алардын байлыктарды казына кылып сактап жатуусуна, сүткордукка жана каршылыгы болбогон кагаз акча басып чыгарууга жол берилбейт. Ошондой эле, колонизатор мамлекеттердин алсыз өлкөлөрдү эксплуатация кылуу үчүн карыз кишендерине салып алуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Бул түзүмдө инфляция көйгөйү болбойт жана адамдардын баанын кымбатташынан кыжаалат болуп, товарларды ашыкча өлчөмдө сатып алуусуна муктаждык жаралбайт. Демек, бүгүнкү күндө учурап жаткан көйгөйлөрдүн жана колубуздагы каражаттын капиталист, колонизаторлордун чөнтөгүнө агылып кетүүсүнүн түпкү себеби капиталисттик түзүм болуп саналат.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button