Макала

Кытайдын таасири күчөп бара жатат

Кытайдын таасири күчөп бара жатат

Дүйнөдө бат өзгөрүп жаткан геосаясий абалдын шартында, Кыргызстанда Кытайдын таасири улам күчөп бара жатат. Алгач экономикалык жактан таасирин бекемдеген Кытай, бүгүнкү күнгө келип саясий-аскерий таасирин да күчөтүп барууда. Себеби, Кытайдын өлкөнүн экономикасындагы үлүшү болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Арийне, Кытай эми саясий-аскерий кызматташууларга таянып өлкөбүздөгү экономикалык кызыкчылыгын коргоону кепилдөөгө аракет көрө баштады.

Анын таасирин байкоонун бир фактору – бул мамлекеттин карызы. Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 10 млрд долларга жетти. Бул акыркы беш жылда өлкөнүн карызы эки эсеге көбөйгөнүн билдирет. Бул карыздардын 1,5 млрд доллары Кытайга таандык. Бул мамлекеттин тышкы карызындагы эң чоң үлүш.

2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 27,2 млрд долларга жетти. (Кытай бажысынын статистикасы). Анын ичинен Кытайдан келген импорт басымдуу бөлүгүн түзөт. Бул үлкөн көлөм менен Кытай Кыргызстандын эң башкы соода өнөктөшүнө айланды.

Ал эми 2025-жылдын тогуз айына карата Кытайдын Кыргызстанга тикелей инвестициясы 282,3 млн долларды түздү. Кытай бул көрсөткүч менен инвестиция жаатында биринчи орунга чыкты.

Кытайдын инвестициялары жана кредиттери өзгөчө талаптарды коштой турганын да эске алуу керек. Маселен, Кытай өлкөбүздө кандайдыр бир долбоорду ишке ашырып, же инвестиция жаткырып жатса, долбоорго кетчү бардык жабдууларды, а түгүл жөнөкөй бураманы да Кытайдан алдырат. Тагырак айтканда, бир бурама болсо да жергиликтүү базардан алынбайт. Башка тараптан, Кытай ишке ашырмакчы болгон долбоорлорго жана инвестицияларга кытай жарандарын алып келип иштетет. Кытайдан алынган кредиттердин көпчүлүгү ушундай схема иштетилет. Мамлекет кандайдыр бир долбоор үчүн Кытайдан кредит алат. Долбоорду Кытай компаниясы ишке ашырат. Аны менен, алынган кредит Кытай компаниясына кетип, долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай жарандары агылып келет.

Кытай жылма саясаты менен өлкөбүздөгү экономиканын негизги бөлүктөрүн ээлеп алды. Эми Кытайдын алдында бул экономикалык кызыкчылыгын коргоону жана андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо турат. Табигый түрдө бул жагдай Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык мамилесин саясий-аскерий форматка өзгөртүүнү талап кылат. Мунун биринчи кадамдары көрүнө баштады. Тагырак айтканда, 19-майда өлкөбүзгө Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун келип Ички иштер министри менен жолугушту. Жолугушууда тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташуусун талкуулашты. Ал эми 20-майда Ван Сяохун УКМК башчысы менен жолугушуп, УКМК башчысы өлкө аймагында Кытай инвесторлорунун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого даярдыгын билдирди.

Бул жолугушуу ушул чындыкты ачыктап турат. Бийлик Кытай үчүн өлкөнүн бардык дарбазаларын ачып берүүгө даяр. Ал эми, Кытай инвестициясын дагы да көбөйтүүгө камданып жатат. Арийне Кытайдын инвестициялары менен кошо кытайлар да агылып келиши күтүлөт. Бийлик өлкөдө иштегенге укуктуу чет элдик жарандардын квотасын 50 миңден 100 миңге көтөргөнү жөн жайдан эмес. Ошону менен бирге, 25-апрелде министрлер кабинети Кытай жумушчуларынын өлкөгө кирүүсүн жеңилдеткен токтом кабыл алган. Мындан улам, коом арасында нааразылыктар күчөп, ал тургай жаңжалдар да чыгышы табигый. Бул нерсени алдын алуу үчүн, тагырак айтканда Кытайдын экономикалык кызыкчылыктарын жана Кытай жарандарын коргоо үчүн эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн кызматташуусу жолго коюлуп жатат.

Андан тышкары, бийлик Кытайды жакшы көрсөтүү үчүн өлкөдө Кытай көргөзмөлөрүн ачып, жогорку окуу жайларда Кытай бөлүмдөрү түзүлдү, Кытайдын маданиятын таңуулаган иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүүдө. Ошондой иш-чаралардын биринде Мамлекеттик катчы: «Кыргыз-Кытай мамилесинин 3000 жылдык тажрыйбасы бар», – деп билдирүү берди. Бул кайнаса каны кошулбаган элибиз менен кытайларды боордош кылып көрсөтүүнүн белгиси.

Ошондой эле эл арасында кытайларга нааразылыктар башталары менен бийликтин жарчылары элди басууга аракет кылышууда. Маселен, калк арасында «кытайлар көбөйүп кетти», «кытайлар басып кетти» деген видеолор тараганда президенттин маалымат саясатынын башчысы бул чагымчыл аракет жана жалган маалымат деп билдирип чыкты.

Андан тышкары, мурда мамлекеттин карызы боюнча маалыматтар ачык болгон. Бүгүн бул нерсеге чекит коюлду, тагырак айтканда мамлекеттин жалпы карызы ачыкталат, бирок кимге канча карыз экендиги көрсөтүлбөйт. Мамлекеттин тышкы карызынын ири көлөмү Кытайга таандык болчу. Эми жаңы форматтагы анализ менен мамлекет Кытайга канча карыз экендиги элге ачыкталбайт. Бул болсо эл арасында Кытайга каршы нааразылык жаралышын алдын алган аракет болуп эсептелет. Ошондой эле, бийлик Кытайдан дагы да көбүрөөк кредит алуусу күтүлөт.

Демек, бийлик өлкөнүн «өнүгүүсү» үчүн Кытайга бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип, бул ички дүң продукциянын жогорулашына, «өнүгүүгө» алып келет деп эсептөөдө. Бирок, түпкүлүгүндө инвестиция жана кредиттер колонизаторлордун башка өлкөлөрдүн кен-байлыктарын талап-тоноо, капиталын соруу, таасирин жаюу механизми болуп эсептелет. Буга кошумча, Кытай менен кызматташуу кыжылдаган кытайлардын өлкөгө жайылышына жол ачат. Бирок, бийлик бул жалган «өнүгүүгө» азгырылып, өлкөнүн келечегин туңгуюкка кептеп жатат.

Мамлекеттик катчы айткандай «Кыргыз-Кытай мамилесинин 3000 жылдык тажрыйбасы бар». Ооба, ата-бабаларыбыз Кытай менен кандай мамиле кылуу керектигин абдан жакшы билишкен. Ошон үчүн бүгүнкү күнгө чейин Кытай жерибизди басып ала албаган. Эгер ошол ата-бабалырыбыздын жолун жолдоп, эскертүүлөрүн эске алсак, Кытай менен өтө этият мамиле кылып, анын таасири жайылышына жол бербей коё алабыз. Элдик акын Калыгул Бай уулунун бул сөздөрүн эстетип өтөлү:

«Кылтылдап кирер койнуңа,

Кылтагын илер мойнуңа.

Кызыкпа, журтум, кызыкпа,

Кытайдын кытмыр ойнуна.»

Андыктан, бийлик элдин үнүн угуп, Кытайга көз каранды болууга алып бара турган саясатты токтотууга тийиш.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button