Роя гезити

Көз боёмочулардын Ливандын яхудий түзүмү менен сүйлөшүү кылмышын актоосу

Көз боёмочулардын Ливандын яхудий түзүмү менен сүйлөшүү кылмышын актоосу

Түшүнүктөрдүн аралашуусу, өкүмдөрдүн өз контекстинен ажыратылышы, андан соң шарияттын жана сийраттын аты менен адамдарга бурмаланып жеткирилиши мусулмандар бул заманда дуушар болгон эң коркунучтуу балээлердин бири. Натыйжада акыйкат жалганга, жалган акыйкатка, кыянаттык даанышмандыкка, ал эми баш ийүү саясатка айландырылып көрсөтүлөт!

Муну түшүнүктүүрөөк кылып көрсөтүү үчүн элестетели: эгер бирөө «эркек менен аялдын никесиз чогуу жашоосунун өкүмү кандай?» деп сураса, жооп берген киши: «Ислам эркек менен аялдын жакшы мамиледе болушун буйруган жана алардын ортосуна сүйүү менен ырайымды жайгаштырган», – деп жооп берсе, анын сөзү сыртынан туура көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында бул бурмалоо жана алдоо болот. Анткени ал угуучуга зына же арам мамилелер да ушул өкүмгө кирет деген түшүнүк берип жатат. Бүгүн нормалдаштыруу жана багынып берүү чакырыгын кылгандар да дал ушуну жасап жатышат. Алардан баскынчы яхудий түзүмүн таануунун өкүмү тууралуу суралганда: «Расулуллах ﷺ яхудийлер жана каапырлар менен келишимдерди түзгөн», – деп жооп беришет!

Пайгамбарыбыз ﷺ түзгөн келишимдер эч качан баскынчыны таануу, каракчыны мыйзамдаштыруу, мусулмандардын жерлерин өткөрүп берүү же ыйык жайларды булгап, кан төгүп, үммөттүн сөөктөрү үстүнө өз түзүмүн орноткон душманга багынуу болгон эмес. Тескерисинче, алар Аллахтын сөзүн үстөм кылган жана душмандарын басынткан күчтүү, азиз мамлекеттин келишимдери болгон. Алар жеке адамдар же үммөттү арзан баага сатып жиберген малай режимдер тарабынан эмес, Ислам халифага жүктөгөн шаръий өкүмдөрдүн негизинде жүргүзүлгөн.

Андан тышкары, Пайгамбарыбыздын ﷺ келишимдерин далил кылып келтиргендер өтө чоң бир чындыкты көз жаздымда калтырышат. Палестина эки мамлекет ортосунда талаштуу жер эмес. Ал – басып алынган исламий жер. Ал жердеги яхудийлер болсо биз тең ата мамлекет катары келишим түзө турган тарап эмес, тескерисинче, каапыр күчтөр үммөттүн жүрөгүнө канжар катары сайып койгон баскынчы топ. Ошондуктан «Израиль мамлекети» деген аталышты колдонуунун өзү Ислам да, ар бир мусулман да четке каккан жалган мыйзамдуулукту таануу болуп эсептелет.

Расулуллах ﷺ яхудийлер менен келишим түзгөндө, алар Бану Надир, Бану Курайза жана Бану Кайнука сыяктуу Исламдын бийлиги астында болушкан, же болбосо Хайбар, Вади аль-Кура, Фадак жана Тайма сыяктуу алар менен согушуп жеңгенден кийин Ислам өкүмүнө моюн сунушкан яхудийлер болгон. Башкача айтканда, Расулуллах ﷺ яхудийлердин үстүнөн бийликке ээ болгон соң аларга келишимдерди жазып берип, шарттарды жана көрсөтмөлөрдү өзү белгилеген. Алар менен болгон келишимдеринин чыныгы маңызы ушундай болгон. Мусулман жерлерин басып алып, алардын уулдарын өлтүрүп, ыйык жайларын кыйратып жаткан учурда алар менен келишим түзгөн эмес, мындайдан Аллах сактасын!

Бану Кайнука, Бану Надир жана Бану Курайза Мадинада Расулуллахтын ﷺ башкаруусу астында жашашкан. Ал аларга өзү белгилеген келишимдерди милдеттендирип, ошол келишимдер аркылуу буйрук берип жана тыюу салып турган. Алар болсо бүгүнкү күнү сионисттер биздин башкаруучулардан өз үстөмдүгүн таанытууга мажбур кылгандай, Расулуллахтан ﷺ өз шарттарын таңуулап же өз эгемендигин таанытууну талап кылышкан эмес.

Эгер туура далил келтиргиңер келсе, анда Пайгамбарыбыздын ﷺ сиратынан жана сүннөтүнөн яхудийлердин кыянаттык кылып, душмандык көрсөткөн учурларында алар менен кандай мамиле кылганын далил кылышыңар керек эле. Алар менен күнү-түнү тынчтыкты жана мамилелерди нормалдаштырууну даңазалап, кыянаттык кылган сайын кайрадан сүйлөшүүлөргө жана нормалдаштырууга кайтып турган беле? Бирок бүгүн мусулман өлкөлөрүнүн тагут башкаруучулары сионисттердин улам кайталанган кыянаттыктарына дал ушундай жооп берип жаткан жокпу?!

Бану Надир кыянаттык кылып, Расулуллахты ﷺ өлтүрүүгө аракет кылганда, ал аларды курчоого алып, Мадинадан сүрүп чыгарган жана мал-мүлктөрүн тартып алган. Алар тууралуу Хашр сүрөсү түшүрүлгөн.

Бану Кайнука бир мусулман аялга кол салганда, Расулуллах ﷺ аларды чогултуп, кор болгон абалда Мадинадан чыгарган жана мал-мүлктөрүн тартып алган.

Ал эми Бану Курайза келишимди бузуп, мусулмандарга каршы Ахзаб менен союз түзгөндө, Аллах алар тууралуу өлтүрүү, туткунга алуу жана мал-мүлктөрүн бөлүштүрүү өкүмүн түшүргөн. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ Саад ибн Муазга мындай деген:

«لَقَدْ حَكَمْتَ فِيهِمْ بِحُكْمِ اللَّهِ مِنْ فَوْقِ سَبْعِ سَمَاوَاتٍ»

«Сен аларга карата жети асмандын үстүнөн түшүрүлгөн Аллахтын өкүмү менен өкүм чыгардың».

Демек, кыянатчыларга каршы күрөшүү багынып берүү жана нормалдаштыруу эмес, Аллахтын буйругу жана өкүмү менен мамиле кылуу.

Ал эми Исламга каршы кутум уюштуруп, анын душмандарына башпаанек берген Хайбарга келсек, Расулуллах ﷺ алар менен согушуп, чептерин багындырган. Аларга сүйлөшүүлөрдү сунуштаган да эмес, соодалашууга да барган эмес. Бул ачык жеңиштин натыйжасында башка яхудий уруулары коркуп, ага келип баш ийгендиктерин билдирип, коопсуздук сурай башташкан. Алардын абалы кордук, моюндары ийилген абал эле. Ошондон кийин Расулуллах ﷺ алар менен келишимдерди түзгөн. Ал Хайбардын элине жана андан кийин келген Фадак, Тайма жана Вади аль-Кура сыяктуу урууларга келишимдерди жазып берип, алардан жизья же фай төлөөнү, ошондой эле иштеп өндүргөн түшүмдөрүнүн бир бөлүгүн мамлекетке берүүнү талап кылган.

Мунун «тынчтык», «бирге жашоо» жана «чатакты токтотуу» деген чакырыктарга кандай тиешеси бар?!

Пайгамбарыбыздын ﷺ азиз сиратын яхудий түзүмүнүн элчиликтерине шашып баргандар менен, о.э. баскынчыны мусулман жерлерине киргизгендер жана Газа, бүтүндөй Палестина балдарынын канына булганган кылмышкерлердин колун кармагандар менен кантип салыштыруу мүмкүн?!

Нормалдаштыруу саясий тандоо да эмес, заманбап ижтихад да эмес. Тескерисинче, ал басып алууну таануу, оккупацияны мыйзамдаштыруу жана Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана момундарга карата кыянаттык болуп саналат. Аны «реалдуулук» же «алсыздык» деген жүйөлөр менен актагандар болсо, кордуктун кийимин кийип алышып, үммөттөн да аны кийүүнү талап кылышат!

Ооба, мусулман өзгөртүү киргизүүгө алсыз болушу мүмкүн, мажбурланышы мүмкүн, курал көтөрүүдөн тосулушу мүмкүн. Бирок алсыз адам кыянаттыкка чакырылбайт, эзилген адам болсо өзүнө зулум кылганды таанууга буйрулбайт. Эгер каршылык көрсөтүүгө күчүң жетпесе, анда жок дегенде баскынчыга кол чаппа, ага мыйзамдуулук бербе жана өзүңө “аны кабыл алуу” маскарасын жазып алба.

Ошондой эле башка кылмыштуу долбоорлорго, мисалы ирандык долбоорго же башкасына болгон жек көрүү яхудий түзүмүн биздин союздашыбызга айлантпайт жана Американы биздин досубуз кылбайт. Булардын баары душман, болгону жүздөрү жана колдонгон куралдары ар башка. Аң-сезимдүү момун бардык душмандарын тааный билет жана саясат менен кызыкчылыктардын аты астында бир чуңкурдан экинчи чуңкурга сүрүлүп кетишине жол бербейт. Алар кордукту маданиятка, жеңилүүнү аң-сезимге, ал эми багынып берүүнү даанышмандыкка айлантууну каалашты. Натыйжада кээ бир адамдар яхудий түзүмүнө баш ийүүнү актоо үчүн Пайгамбарыбыздын ﷺ сиратын далил катары келтире башташты! Ал эми Расулуллахтын ﷺ сираты кыянатчыларга нормалдаштыруу дасторкондоруна өтүү үчүн көпүрө болуп берүүдөн аруу.

Бүгүнкү күндө бул баскынчы түзүм менен болгон жалгыз мамиле – аны четке кагуу, мыйзамдуулугун тануу жана ага каршы туруу мамилеси. Бул абал Аллах үммөттөн бул балээни кетиргенге чейин жана мусулмандардын Палестинаны жана башка исламий жерлерди азат кылуу үчүн астында жихад кыла турган бийлиги кайра кайтып келгенге чейин уланууга тийиш. Ошондуктан акыйкат үстүндө бекем болгула! Медиа кооздуктары силерди алдабасын. Султандардын фатвалары силерди жаңылтпасын. Билип койгула, баскынчы яхудийлер Аллахтын, Анын Элчисинин ﷺ жана мусулмандардын душмандары. Үммөттүн ар-намысы жана акыйдасы кордукка негизделген ар кандай саясий эсеп-кысаптардан алда канча улуу.

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ﴾

«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж: 40).

Роя гезити

Ахмад ас-Суфий (Абу Низар аш-Шамий)

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button