Басма сөз

Европа мусулмандардын мунайы жана газынан ажырап калуудан коркуп жатат. Үммөт ойгонсо кандай болушат? 

Басма сөз баянаты
Европа мусулмандардын мунайы жана газынан ажырап калуудан коркуп жатат. Үммөт ойгонсо кандай болушат? 
Франциянын каржы министри Ролан Лескюр өкмөттөр Иран согушунан улам келип чыккан үзгүлтүктөрдү жеңилдетүү үчүн стратегиялык мунай корлорунан дагы көбүрөөк көлөмдө пайдалануу тууралуу чечим жаңжалдын канча убакытка созулары так болмоюнча кабыл алынбасын билдирди.
Ирандын Катарда жайгашкан дүйнөдөгү эң ири газ суюлтуучу жайлардын бири Рас-Лаффан газ комплексине жасаган ракета соккулары Британиядагы газ запасы кескин азайышына себеп болгон. Натыйжада Улуу Британиядагы жаратылыш газынын запасы ички керектөөнү болгону 48 сааттан ашпаган мөөнөткө камсыз кыла турган деңгээлге чейин түшүп кеткен.
Бул билдирүүлөр жана окуялар ар бир аң-сезимдүү адам билген, бирок Батыш башкаруучулары жана мусулман акимдери үммөт чындыктарды түшүнүп калып, абал өздөрүнө каршы өзгөрүп кетишинен коркуп жашырып келгенин ашкерелеп жатат.
Чынында, Батыш мусулмандарга жана алардын байлыктарына канчалык деңгээлде көз каранды экени ачык көрүндү. Европадагы эң күчтүү жана эң көп колонизаторлук кылган Британия Катар газынан эки күндөн ашык ажырап калууга чыдай алган жок. Кудум эле Катар Британиянын короосундагы күнүмдүк керектөө үчүн пайдаланылуучу кампа сыяктуу.
Ошол сыяктуу эле Европадагы экинчи эң күчтүү мамлекет болгон Франция да согуш качан бүтөрүн билүүгө өтө муктаж экенин, ошого жараша стратегиялык мунай корлорунан канча көлөмдө пайдалануу керектигин эсептей аларын айтууда. Калган европалык мамлекеттер тууралуу да ушуну айтууга болот, ал тургай алар мындан да аянычтуу жана алсыз абалда. Анткени мусулмандардын мунайы жана газы Батыштын колонизатор мамлекеттеринин күнүмдүк күйүүчү майы болуп саналат.
Бул эки нерсени тастыктайт:
Биринчиси: Ислам үммөтү стратегиялык мааниге ээ болгон байлыкка ээ. Эгер аны туура пайдалана билсе, Батыштын экономикалык турмушунун негизги өзөктөрүн көзөмөлдөй алат. Натыйжада аларга өзү каалаган шарттарды, милдеттенмелерди жана бааларды таңуулап, көз карандысыз тарапка айлана алат.
Экинчиси: колонизатор каапыр мусулмандардын байлыктары жана жакшылыктары менен күн көрөт. Анын экономикалык жашоосунун өзөгү мусулман өлкөлөрүнөн келген сырьелорго таянат. Бул мунай жана газ менен гана чектелбейт, алар эң көрүнүктүүлөрү болгону менен, мындан тышкары кен байлыктар, айыл чарба продукциялары, химиялык заттар, жер семирткичтер жана башка көптөгөн ресурстар бар. Булардын баарын ал өзүнүн чыныгы баасы менен алып жатат десек да, абал ушундай. Анан колонизатор аларды эң арзан баада, дээрлик белек жана хадия сыяктуу кылып берген колонизаторлук келишимдер аркылуу алып жатканын билсек кандай болот?!
Ооба, Батыш өтө назик жана алсыз. Ал Ислам үммөтүнүн денесиндеги мите курттар сыяктуу. Мусулман өлкөлөрүнүн тереңинен келип турган жашоо тамырлары үзүлсө, алардын мамлекеттери бат эле кыйрайт. Муну согуштун саналуу күндөрү эле ашкерелеп берди. Ошондой эле Батыштын «жеңилгис аскерий күчү» жөнүндөгү жалган уламышын да ачык көрсөттү.
Ислам үммөтүндө колонизаторго көз карандылыктан кутулууга, ал тургай эл аралык аренада аны менен атаандашууга жетиштүү байлыктар, мүмкүнчүлүктөр жана армиялар бар. Ага иштин тизгинин колуна ала турган ыкластуу жетекчи, рошид халифа гана жетишпей турат. Ал үммөттүн мүмкүнчүлүктөрүн жана кубаттарын туура пайдаланып, аны дүйнөгө жетекчилик кылууга татыктуу болгон ордуна чыгарат. Буга чейин кылымдар бою ушундай болгон эле.
﴿وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ الْغَالِبُونَ﴾
«Албетте, Биздин аскерлер — алар жеңүүчүлөр». (Соффат: 173)
Мухандис Салахуддин Азаза
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси
28.05.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button