Халифти бийликтен алуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Халифти бийликтен алуу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
روى مسلم في صحيحه قال: حَدَّثَنَا هَدَّابُ بْنُ خَالِدٍ الْأَزْدِيُّ حَدَّثَنَا هَمَّامُ بْنُ يَحْيَى حَدَّثَنَا قَتَادَةُ عَنْ الْحَسَنِ عَنْ ضَبَّةَ بْنِ مِحْصَنٍ عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “سَتَكُونُ أُمَرَاءُ فَتَعْرِفُونَ وَتُنْكِرُونَ فَمَنْ عَرَفَ بَرِئَ وَمَنْ أَنْكَرَ سَلِمَ وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ قَالُوا: أَفَلَا نُقَاتِلُهُمْ؟ قَالَ: لَا. مَا صَلَّوْا
Муслим өзүнүн Сахихинде риваят кылган. Хаддаб ибн Халид аль-Азди Умм Саламадан риваят кылды. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Силер (мункарды) билип жактырбай турган жана четке кага турган башкаруучулар болот. Ким (мункарды) билип жактырбаса, ал таза болот, ал эми ким четке какса, коопсуз болот. Бирок ким ыраазы болуп, аларды ээрчисе… Алар: Алар менен согушпайлыбы? – дешти. Ал: Жок. Алар намаз окушса”, – деди.
Сахих Муслимдин шархы Ан Нававиде мындай деп айтылат:
““سَتَكُونُ أُمَرَاءُ فَتَعْرِفُونَ وَتُنْكِرُونَ فَمَنْ عَرَفَ بَرِئَ وَمَنْ أَنْكَرَ سَلِمَ وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ قَالُوا: أَفَلَا نُقَاتِلُهُمْ؟ قَالَ: لَا. مَا صَلَّوْا “Силер тан алып жактыра турган жана жактырбай турган башкаруучулар болот. Ким (мункарды) билип жактырбаса, ал таза болот, ал эми ким четке какса, коопсуз болот. Бирок ким ыраазы болуп, аларды ээрчисе… Алар: Алар менен согушпайлыбы? – дешти. Ал: Жок. Алар намаз окушса”, – деди.
Бул хадисте келечекти алдын ала айтууда ачык мужиза камтылган. Ал эми Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): (فَمَنْ عَرَفَ فَقَدْ بَرِئَ) “Ким муну (мункарды) билсе, күнөөсүз таза“, – деген сөзүнө жана башка риваяттагы: (فَمَنْ كَرِهَ فَقَدْ بَرِئَ) “Ким аны жек көрсө, күнөөсүз”, – деген сөзүнө келсек, анын сырткы мааниси: Ким мункарды жек көрсө, анын күнөөсүнөн жана жазасынан таза болот. Бул тили менен эмес, колу менен кайтара албаган адамга тиешелүү. Жүрөгү менен жек көргөн адам анын күнөөсүнөн таза болот.
Ал эми (فَمَنْ عَرَفَ فَقَدْ بَرِئَ) “ким аны билсе, ал таза болот” деген риваятка келсек, эң туурасын Аллах билет – ким мункарды таанып, ага аралашпаса жана аны колу же тили менен өзгөртсө анда ал катанын күнөөсүнөн жана жазасынан таза болот. Эгер ал муну кыла албаса, анда жүрөгүндө жек көрсүн.
Ал эми анын: (وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ) “Ким ыраазы болуп, (мункарга) ээрчисе” деген сөзү: “Күнөө жана жаза ким ага ыраазы болуп, ээрчисе, ошого болот” дегенди билдирет.
Ал эми ким мункарды жок кыла албаса, жөн гана унчукпай жүрөгү менен жек көрсө күнөө кылбай турганына далил бар. Тескерисинче, ал мункарга ыраазы болуу менен же жүрөгүндө аны жек көрбөө менен же ага ээрчүү менен күнөө кылат.
Ал эми анын: (أَفَلَا نُقَاتِلهُمْ؟ قَالَ: لَا، مَا صَلَّوْا) “Биз алар менен согушпайлыбы?” деген сөзүнө келсек, ал: “Жок, эгер алар намаз окушса”, – деп жооп берди. Бул жерде мурда айтылгандардын мааниси бар, башкача айтканда, халифаларга адилетсиздик же фасыктыгы үчүн гана каршы чыгууга болбойт, эгерде алар Ислам эрежелеринен бир нерсени өзгөртпөсө.
Урматтуу бир туугандар:
Бул асыл хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) халифага эгер ал шарияттын өкүмдөрүн колдонсо ага баш ийүү ар кандай жагдайда жана ар дайым парз экенин түшүндүрдү. Хадисте “эгер алар намаз окушса” дегени Ислам менен башкарууну билдире турган маани болуп саналат.
Эгер халифа шарияттын өкүмдөрү боюнча өкүм чыгарбаса, анда ачык куфр жана фасыктык кылган болот. Мусулмандар ага баш ийүүгө милдеттүү эмес жана анын халифтик мансапта калышына жол берилбейт жана ал кызматтан четтетилүүгө татыктуу. Анткени ал иникод шарттарынын бирин… каапыр болгон учурда ислам шартын… жана фасык болгон учурда адилеттүүлүк шартын жоготот.
Халиф болуш үчүн жети иникод шарты бар. Булар халифа халифтик кызматта турган учурда дайым сакталышы керек болгон шарттар. Эгерде ал алардын бирин жоготсо, кызматтан алынууга дуушар болот. Ошондуктан, халиф халифа болуш үчүн койулган иникод шарттарынын бирин жоготсо же ар кандай өзгөртүүгө алып келсе, ал аны кызматтан алынууга дуушар кылат. Халифаны кызматтан алуу укугу мазолим казыга таандык.
Мунун далили Улуу Жараткандын:
{يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنْتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآَخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا} (59)… النساء
{Эй, ыйман келтиргендер, Аллахка жана Элчиге жана өзүңөрдүн араңардагы бийлик ээлерине баш ийгиле. Эгер кандайдыр бир маселеде пикир келишпестикке туш болсоңор, анда Аллахка (китебине) жана Элчиге (сүннөтүнө) кайрылгыла, эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсеңер. Бул жакшыраак жана акыркы чечим үчүн ылайыктуураак} (59)… Ниса сүрөсү.
Аятта айтылгандай, башкаруучулар менен үммөттүн ортосундагы талаш-тартышты Аллахка жана Анын элчисине тапшыруу керек. Аны Аллахка жана Анын элчисине тапшыруу аны Казыга (сот бийлигине) тапшыруу дегенди билдирет. Башкаруучулар менен болгон талаш-тартыш жоюлушу керек болгон адилетсиздик болгондуктан, аны сот бийлигине тапшыруу абсолюттук эмес, тескерисинче, даттанууларды карай турган казы менен чектелет.
Анткени даттануулардагы зулумду алып салуу боюнча чечимдерди кабыл ала турган казы – бул мазолим казысы болуп саналат. Мазолим казысы арызды далилдөөгө жана ага чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу адам.
Анткени халифанын абалынын өзгөрүшү, анын халиф болушу үчүн койулган иникод шарттарынын бирин жоготушуна алып келиши, оңдолушу керек болгон адилетсиздик болуп саналат жана аны оңдоо үчүн алгач анын болгондугу далилдениши керек. Халифтин абалынын өзгөрүшүн жана анын кызматтан алынуу укугун далилдөөчү жана аны кызматтан алуучу орган мазолим казысы болот.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 17– зулхижжа.
2026-ж, 3-июнь.
