Саясий

АКШ-Иран согушу жана Ирандын абалы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроожооп

АКШ-Иран согушу жана Ирандын абалы

Суроо: Американын Иранга кол салуулары жана Ирандын бул чабуулдарга болгон реакциясы үч айдан ашык убакыттан бери уланып келет. АКШ Башкы штабы Кешм аралында жайгашкан Ирандын кургактыктагы аскердик башкаруу станциясына так сокку урганын билдирди. Буга жооп катары Ирандын Сакчылар корпусу аймактагы АКШнын базаларын бутага алганын жарыялады… (Аль-Жазира, 2026-жыл 3-июнь). Буга улай, яхудий режимдин түштүк Ливанга жасаган чабуулдары уланууда. Трамп бүгүн Вашингтондо Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы өтүшүнөн мурун эки тарап тең согуштук аракеттерди токтотууга макул болгонун жарыялаганына карабастан, түштүк Ливанда “Израил” менен Хизбулланын ортосундагы кагылышуулар түнү бою уланды…( BBC, 02.06. 2026.). 2026-жылдын 28-февралында Америка Кошмо Штаттары өзүнүн эрке баласы болгон сионисттик режим менен биргеликте Иранга каршы болжол менен 40 күнгө созулган агрессияны баштап, анын натыйжасында Жогорку лидер Али Хаменеи баштаган кыркка жакын жогорку саясий жана аскердик кызматкерлер өлтүрүлгөн. План режимди кулатуу же аны орбитадагы мамлекеттен малай мамлекетке айландыруу болгону белгилүү. Бирок андай болгон жок. Андан кийин Пакистанда Иран менен Американын ортосунда кыйыр сүйлөшүүлөр болуп, эки тараптын тең сунуштары, Американын агрессиясы менен анын эрке баласы сионисттик режим ортосундагы алака-катыш жана Ирандын ага каршы жообу менен коштолгон. Азырынча эч кандай сунуш боюнча макулдашууга жетишиле элек. Ирандын азыркы абалы кандай? Ал көз карандысыз мамлекетке айландыбы, же Америка орбитасындагы мамлекет бойдон калуудабы же арсар абалдабы? Аллах сизге изгилик берсин.

Жооп: Жогорудагы суроолорго жооп берүү үчүн, биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

1. Америка жөөт мамлекети менен биргеликте 2026-жылдын 28-февралында Иранга каршы агрессиясын баштап, өлкөнүн эң жогорку кызмат адамы болгон Жогорку лидер Али Хаменеи баштаган кыркка жакын саясий жана аскердик лидерлерин өлтүрдү. Бул аракет Американын Ирандын жетекчилигине жана саясатына канааттанбай турганын көрсөтүп турат. Ал бул саясий жетекчиликтен арылып, саясатты өзгөрткүсү келет. Анткени ал Иран лидерлеринин көз карандысыздыкка дымагы бар экенин байкаган. Ошондуктан өзүнө баш ийген лидерлерди алып келгиси келген. 2026-жылдын 4-апрелиндеги “Иранга каршы согуш” деген аталыштагы суроого жооп катары биз төмөнкүлөрдү билдирдик: Америка жана жөөт вужуду жаңылыш эсептешкен. Алар Иранга каршы агрессиясын баштаганда, согуш үчүн кыска мөөнөт белгилеп коюшканы айкын болду. Төрт күндүн ичинде анын жогорку жетекчилигине, ядролук объектилерине, ракета учуруу жана өндүрүү борборлоруна ири чабуул жасалат деп болжолдонгон. Алар режимдин башчысы жана анын биринчи даражадагы жетекчилери өлтүрүлгөндөн кийин, экинчи даражадагылар багынып берип, алардын шарттарына баш ийишет деп ойлошкон. Мисалы, Венесуэлада америкалык күчтөр анын президентин жана анын орун басарын уурдап кетишкенде, аны менен кошо жүргөндөр Америкага багынып беришкендей абалды күтүштү. Бирок Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи жана режимдин айрым лидерлери өлтүрүлгөндөн кийин андай болгон жок. Ал жердеги Революциялык корпус бекем туруп, бул агрессияга каршы чабуул кылууну колго алды. Ошондуктан, Америка менен мурда өз орбитасында айланып жүргөн Ирандын ортосунда ажырым пайда болду жана Америка бул мамилени өзгөрткүсү келди. Болбосо, ал бул агрессияны жасап, андан кийин жөөт мамлекетине Жогорку Лидер башында турган режимдеги эң маанилүү инсандарды өлтүрүүсүнө уруксат бермек эмес. Бул Америка режимдин саясатын орбитадагы мамлекеттен көз каранды мамлекетке өзгөртүүнү максат кылып жатканын көрсөтүп турат, ошондо ал Иран менен сүйлөшүүлөрдө өз шарттарын өзү аныктай алат. Бирок, ал муну ишке ашыра албай, согушту улантууну чечти.

Ирандагы азыркы кырдаал Америкадан толугу менен алыстоо абалында, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтериндеги айрым кызмат адамдарынын ортосундагы телефон байланыштары жана Пакистан сыяктуу үчүнчү тарап аркылуу кыйыр байланыштар гана бар.

2. Ирандын жообу натыйжалуу болду, анткени ал өзөктүк маселе же Ормуз кысыгы боюнча чегинүүдөн же кетенчиктөөдөн баш тартты. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, анын жообу Ливанды кошо алганда бардык фронттордо согушту токтотууну, АКШнын Иран портторуна койгон деңиз блокадасын алып салууну жана бир нече жыл мурун киргизилген санкциялар боюнча чет өлкөлөрдө тоңдурулган Ирандын активдерин бошотууну камсыз кылууну талап кылат. (Аль-Арабия, 2026-жыл 12-май). Мунун баары Америка администрациясынын Иран маселесин чечүү жана аны баш ийген мамлекетке айландыруу үчүн колдонгон ыкмалары ишке ашпай калганын көрсөтүп турат. Бул америкалык расмий адамдардын Иран маселесинде сабырдуу болууну каалаган билдирүүлөрүнө алып келди.

3. Трамп 40 күндүн ичинде агрессия жана көптөгөн биринчи жана экинчи деңгээлдеги лидерлерди өлтүрүү аркылуу да Иранга карата айткан максатына жете албады. Натыйжада, 15 пункттан турган планын жарыялады. Бул пландын шарттарынан көрүнүп тургандай, ал багынып берүү планы эле! Бул Иранды анын ракеталык жана ядролук күчүнөн ажыратуу дегенди билдирет. Революциялык корпус Трамптын шарттарына багынып берүүнүн ордуна катуу реакция кылды. Иран баш ийүүдөн баш тартып, өз позициясын жана согушка даярдыгын билдиргеде, АКШ аны менен келишимге кол коюу үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырганын жарыялады. Андан кийин ал 2026-жылдын 11-апрелинде Пакистанга ирандыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн экинчи жогорку даражалуу кызматкери, вице-президент Вэнсти жөнөттү. Вэнс: “Ирандык сүйлөшүүчүлөр келишим түзгүсү келет. Бирок президент Трамп Иран менен чектелген келишим түзгүсү келбейт, ал чыр-чатакты толугу менен токтото турган чоң келишимди көздөйт. Пакистан менен сүйлөшүүлөрдө биз эбегейсиз ийгиликтерге жетиштик. Иран жетекчилиги менен болгон жолугушууларыбыз тарыхый болду жана 49 жылдан бери мурунку администрациялар тушунда мындай болгон эмес. Мен Ирандын иш жүзүндөгү иштери боюнча жетекчиси менен бетме-бет отурдум жана макулдашууга даяр экенибизди сездик..”, – деди. (Fox News, 14.04.2026). АКШ президенти анын орун басары: “Бирок президент Трамп Иран менен чектелген келишимди эмес, чоң келишимди каалайт…” деп айтканына караганда, Иран анын айрым шарттарын кабыл алганын көргөндө дагы көбүрөөк нерсеге ач көздүк менен карап калганын билдирет.

4. Андан кийин, Трамп эки жума мурун жарыялаган ок атышууну токтотуу мөөнөтү бүтөөрүнө бир нече саат калганда, өзү айткандай, эки өлкөнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн Иран менен ок атышууну токтотуу мөөнөтүн белгисиз мөөнөткө узартууну жарыялады. (Аль-Жазира, 2026.04.22). Бирок, Иран кысым астында сүйлөшүүдөн баш тартканын жарыялап, портторуна коюлган америкалык блокаданы алып салууну талап кылды. Трамп 2026-жылдын 20-апрелинде өзүнүн Truth Social платформасында: “Түнкү балка операциясы (анын 2025-жылы жөөттөр менен бирге баштаган операцисы) деп Ирандагы өзөктүк отун чыгаруучу жайларды (байытылган уранды) толугу менен жок кылууну билдирет. Ошондуктан аны казып алуу узак жана татаал процесс болот”, – деп жазды. Ал бул сөздөрдү байытылган уранды өзүнө же үчүнчү жакка өткөрүп берүү шартын жеңилдетүү үчүн айтты. Ал өз өлкөсүнүн максаттарына сүйлөшүүлөр аркылуу жетүүнү жактай баштаганын көрдү, анткени аларга согуш аркылуу жетүү оңой эмес экенин түшүндү жана бул ийкемдүү позицияга алып келди. Ошондуктан болжол менен 441 килограммга жеткен 60% байытылган затты чыгарып кетүү кыйынчылыкты жараткандыктан ок атышпоо мөөнөтү чектелген жок.

5. 2026-жылдын 13-апрелинде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X платформасында Пакистандагы Америка менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн жарыялады. Ал өз өлкөсүнүн делегациясынын курамы менен барып мындай деди: “Исламабаддагы Ирандын сүйлөшүү делегациясы келишимге жакындап калганда, кошумча талаптарга, тынымсыз өзгөрүп турган максаттарга жана блокада коркунучтарына туш болду”. Бул Трамптын орун басарынын айткандарына дал келет: иштер белгилүү бир келишимге жетүүгө жакын болчу, бирок Трамп андан да көптү каалады! Ал Ирандын багынып, аймактагы башка өлкөлөр сыяктуу вассалдык мамлекетке айланышын каалайт. Ал: “Иран жетекчилиги башаламан болуп калды… Эгер алар сүйлөшкүлөрү келсе, бизге чалышы керек” деди (Fox News, 2026-жыл 25-апрел).

6. Иран Америка канчалык согушсуз тынчтыкка жетүүгө муктаж экенин жакшы билет. Бул Трамп үчүн ички саясатта да маанилүү. Бул жыйынтык анын партиясы ноябрдагы орто мөөнөттүү Конгресске болгон шайлоодо утуп чыгуусу үчүн да маанилүү. Эгер ал утулуп калса, согуш жүргүзүү сыяктуу көптөгөн маселелер боюнча Конгресстин макулдугун алууда кыйынчылыкка дуушар болот. Ошондой эле, эки жылдан кийинки президенттик шайлоого да таасирин тийгизет. Мындан тышкары, Трамп Америка өткөрө турган 2026-жылдын 11-июнунда башталып жаткан Дүйнөлүк чемпионатты да эсепке алуусу керек болот. Ошондуктан Иран өз позициясын бекемдөө үчүн иштеди. Ал Америка жана анын кол баласы болгон жөөт режими менен кайрадан согушууга даяр экенин жарыялады. Бул жерде Ирандагы режимди башкарган тарап (Сакчылар корпусу) азыр өз эрки жана чечими менен иш алып барып, Америкадан көз карандысыздыкты көздөп жаткандай көрүнөт. Бул Америка менен түшүнүшүү жолуна түшүп, аны менен жок дегенде баш ийген мамлекет катары эмес, анын орбитасында айланган мамлекет катары иштешүүнү каалаган саясий тараптын позициясынан айырмаланып турат.

7. Трамп Иранга кысым көрсөтүү аракетинде дагы бир тактиканы колдонуп, 2026-жылдын 4-майында өзү бейтарап жана Жакынкы Чыгыш кризисине тиешеси жок деп мүнөздөлгөн өлкөлөрдөн келген кемелердин Ормуз кысыгынан өтүшүнө жардам берүү шылтоосу менен “Эркиндик долбоору” деп аталган операцияны жарыялаган. Ал ишке ашпай калганда, ал долбоорду токтотту. 2026-жылдын 6-майында эртең менен ал өзүнүн Truth Social платформасында операциясын токтотконун жарыялап, мындай деген: “Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн өтүнүчүнүн негизинде жана биз Иранга каршы жүргүзүп жаткан операцияда жетишкен эбегейсиз аскердик ийгиликтерди эске алуу менен, ошондой эле, Ирандын өкүлдөрү менен толук жана акыркы келишимге жетүү үчүн олуттуу прогресске жетүү максатында, “Эркиндик” долбоорун кыска мөөнөткө токтотууга келиштик. Муну менен бирге Иран менен акыркы келишимге жетишүүгө болобу же жокпу билүү үчүн эмбарго толугу менен күчүндө калат.

8. 2026-жылдын 6-майында Американын Axios жаңылыктар сайты пакистандык булакка шилтеме жасап: “АКШ менен Иран согушту токтотуу боюнча бир барактан турган меморандум боюнча макулдашууга жакын. Келишимде Ирандын уранды байытууну токтотуу боюнча милдеттенмеси камтылган жана Американын санкцияларды алып салууга, Ирандын миллиарддаган долларлык тоңдурулган каражаттарын бошотууга жана эки тарап тең Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салуу макулдугу каралган“,- деп жазды. Бул Трамптын Иран менен келишим түзүүгө шашып жатканын тастыктайт, анткени анын согушка кайтып келиши үчүн Конгресстин макулдугу талап кылынат. Бул макулдук кепилденген эмес жана согушту кайра баштоонун натыйжасы да белгисиз. Анткени ал буга чейин аракет кылып көргөн жана ийгиликсиз болгон. Ошо сыяктуу эле, анын Перс булуңунда калган кемелерди куткаруу боюнча “Эркиндик операциясы” деп аталган долбоору ийгиликтүү болушу үчүн көп убакыт талап кылынат жана Иран өч алуу менен коркуткандыктан, тобокелчилик жогору. Бул болсо куткарылышы үмүт кылынып жаткан кемелерди коркунучка кептейт. Кыймылсыз мүлк боюнча ишкер Трамп, тез жана кирешелүү саясий келишимдерге жетүүнү каалайт. Ошондуктан ал саясатты бизнес стандарттары менен баалайт!

9. АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Ирандын Пакистандын ортомчусу аркылуу аймактагы согушту токтотуу сунушуна берген жообунан баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө жазган. Мен өздөрүн Ирандын өкүлдөрү деп атагандардын жообун жаңы эле окудум, мага жаккан жок, бул таптакыр кабыл алынгыс”. Иран телеканалы Трамптын Ирандын жообун четке кагуусу тууралуу биринчи комментарийинде Тегерандын Трамп кабыл алынгыс деп мүнөздөгөн согушту токтотуу боюнча америкалык сунушка берген жообу иран элинин негизги укуктарын камтууга басым жасаганын билдирди. Иран телеканалы Тегеран америкалык сунушту четке какканын, анткени аны кабыл алуу багынып берүүгө барабар болорун кошумчалады. Ал Ирандын жообу Америка Кошмо Штаттарынан согуштук компенсация төлөөнү баса белгилеп, Ирандын Ормуз кысыгындагы эгемендүүлүгүн тастыктоо белгиленгенин билдирди… (Аль-Араби Аль-Жадид, 11.5.2026).

10. Бул жооп АКШнын президенти Трамптын ачуусун келтирди, ал 2026-жылдын 12-майында мындай деди: “Ок жагууну токтоткон режим азыр да жандыруу аппаратына байланып турат. Бул дарыгер бөлмөгө кирип, жакын адамыңыздын аман калуу мүмкүнчүлүгү 1% га жакын деп айтканына окшош. Иран мени мындан тажайт, зеригет же басым астында калат деп ойлоп жатат. Ал дагы кошумчалап: “Алар бизге жөнөткөн бул акылсыздыкты (Ирандын жообун) окугандан кийин, а түгүл аны толук окуган да жокмун…” (Жакынкы Чыгыш 12.5.2026). Бирок, ал кайтып келип: “Иран менен эмне болорун көрөбүз жана биз жөн гана жакшы келишимге жетишүүгө аракет кылып жатабыз. Менимче, Иран менен бизге эч кандай жардам керек эмес жана биз кандайдыр бир жол менен жеңишке жетебиз. Иран маселесинде бир гана маанилүү нерсе – анын өзөктүк куралга ээ болушуна жол берилбеши”,- деди. (Аль-Жазира, 12.5.2026).

11. Андан кийин алар келишимге өзгөртүү киргизүү же жакшыртуу жөнүндө сүйлөшүүгө кайтышты. Axios жаңылыктар веб-сайты, Al-Najah веб-сайтынын 2026-жылдын 24-майында билдиргенине караганда, америкалык расмий өкүл АКШ менен Иран ок атышууну токтотууну 60 күнгө узартууну караган келишимге кол коюу алдында турганын билдирди. Келишимде Ормуз кысыгы кайра ачыла тургандыгы ошондой эле Иран мунайын эркин сата алат жана Ирандын өзөктүк программасын чектөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат деп белгиленген. Ормуз кысыгы 60 күндүк мөөнөттө төлөмдөрсүз ачык болот. Иран кемелердин эркин өтүшү үчүн кысыкка орнотулган миналарды алып салууга макул болот. Ал эми сунушталган келишимдин алкагында, АКШ Ирандын портторуна болгон блокадасын алып салып, Иранга мунайды эркин сатууга мүмкүндүк берүү үчүн айрым санкциялардан бошотот. Отчетто келишимдин долбоорунда Ирандын эч качан өзөктүк куралга умтулбоо жана уранды байытуу программасын токтотуу жана жогорку деңгээлде байытылган урандын запасын алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү милдеттенмелери да камтылганы айтылат. Axios отчетунда АКШ ошондой эле 60 күндүк мөөнөттүн ичинде санкцияларды алып салуу жана Ирандын каражаттарын тоңдурууну алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болору айтылган. Ак үй азырынча отчетко жооп бере элек.

12. “Аль-Арабия” телеканалы 2026-жылдын 29-майында Рейтерге шилтеме берип, Америка Кошмо Штаттары менен Иран ок атышууну токтотууну узартуу жана Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүүсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады. Келишимге АКШнын Иран портторуна койгон блокадасын алып салуу жана ага киргизилген айрым санкцияларды алып салуу кирет, бирок ал азырынча акыркы чечимге келе элек. Келишимге жетүү дүйнөнү энергетикалык кризиске кептеген согушту токтотууга карай чоң кадам болмок, бирок Ирандын өзөктүк программасы боюнча түп-тамырынан бери келишпестиктер алдыдагы жумалардагы сүйлөшүүлөрдө гана талкууланат. “Биз ага али жете элекпиз, бирок биз абдан жакынбыз жана биз анын үстүндө иштей беребиз”, – деди бейшемби күнү Трамптын орун басары Вэнс. Иран азырынча расмий түрдө комментарий бере элек. Бирок, Ирандын жарым-жартылай расмий маалымат агенттиги Tasnim сүйлөшүү тобуна жакын булакка шилтеме жасап, келишимдин тексти боюнча азырынча акыркы чечим кабыл алына электигин же бекитиле электигин билдирди. 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууга жетүү үчүн эксперттердин жана адистердин чоң топторунун ортосунда бир нече жылдар бою сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Трамп бул келишимден 2018-жылы биринчи президенттик мөөнөтүндө чыгып кеткен… (Al Arabiya, 2026.5.29).

13. Ак үй президент Трамп бардык шарттар аткарылмайынча Тегеран менен келишим түзбөй турганын билдирди, ал эми Axios АКШ администрациясындагы бир кызматкерге шилтеме жасап, Иран менен келишимди жарыялоо президент Трамп каалаганына жеткенге чейин бир нече күн же бир жумадан ашык убакытты талап кылышы мүмкүн деп билдирди. Вебсайт билдиргендей, Трамптын шектенүүлөрү келишимге өзгөртүү киргизгиси келген айрым пункттарды камтыйт. Мисалы, Ормуз кысыгын ачуу жана Америка Кошмо Штаттар байытылган уранды Ирандан алуусу. Ирандын өзөктүк программасына киргизилген түзөтүүлөр боюнча New York Times гезити Пакистандык ортомчулардын катышуусунда Трамптын жаңы түзөтүүлөр Иран жетекчилиги тарабынан каралуусу үчүн Тегеранга кайтарылганын жазды. Бул Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеи менен түз байланышуунун кыйынчылыгынан улам келишимдин расмий жарыяланышынын дагы бир жолу кечеңдеши күтүлүп жатканын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда, АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын портторуна карата деңиз блокадасын күчөтүүнү улантууда. (Аль-Жазира, 31.05.2026).

14. Ошол эле учурда, Трамп менен Ирандын ортосундагы келишим өзгөрүп жаткандыктан, сионисттик режим Түштүк Ливанга каршы агрессиясын улантууда:

А. “Израил армиясы 2026-жылдын февраль айынын аягында Америка-Израил-Иран согушунун алкагында Ливандын Хизбулла тобу менен башталган согуштун алкагында Набатия, Вади ас-Салуки жана Вади аль-Хужайр аймактарын камтыган кеңири эскалация башталганын билдирди. Кургактык жана аба күчтөрүнүн катуу кол салуусу, колдоого алынган ок атышуулардан кийин Бофорт сепили көзөмөлгө алынганын билдирди…(Аль-Жазира, 2026.06.01).

Б. Премьер-министр Нетаньяху аскердик эскалация боюнча көрсөтмөлөрдү жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин, Израил армиясы Бейруттун түштүк чет жакасынын тургундарына эвакуация жөнүндө эскертүү берди. Израил армиясы дүйшөмбү күнү түштөн кийин жасаган билдирүүсүндө эгер Хизбулла Израилдин шаарларына жана айылдарына ракета атууларын уланта берсе, Бейруттун түштүк чет жакасындагы буталарга сокку уруу менен жооп кайтарарын билдирди… (Аль-Жазира, 2026-жыл 1-июнь).

В. Al Arabiya Net 2026-жылы 2-июнь күнү АКШнын президенти Трамп телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө анча чоң эмес мүчүлүштүк болгонун билдиргенин, бирок ал бул маселени тез арада чечкенин белгилеп, бул маселенин ирандыктардын Израилдин Ливанга жасаган чабуулдарына нааразычылыгы менен байланыштуу экенин түшүндүргөн. Ал кошумчалап: “Мен Хизбулла менен сүйлөшүп, ок атууга каршы болдум, Нетаньяху менен сүйлөшүп, ок атууга каршы болдум, эки тарап тең бири-бирине ок атууну токтотушту”. (Al Arabiya Net, 2026.6.2). Бирок, яхудий режими муну бүтүндөй Ливанга эмес, түштүк чет жакаларына гана тиешелүү буйрук катары кабыл алды. Түштүккө карата агрессиясын улантууда. Албетте бул Трамптын уруксаты менен болуп жатат. Анткени, “Израилага баш ийбей коё албайт. Ошондуктан, Түштүк Ливанга кол салууларын улантууда.

“Израилдеги позициябыз өзгөрбөйт” деген аталыш менен Нетаньяху Трампка эгер Хизбулла Израилге кол салууну токтотпосо, анын күчтөрү Бейрутка кол салаарын билдиргенин айтты. Анын кеңсеси тараткан билдирүүгө ылайык, “Бул маселе боюнча биздин позициябыз өзгөргөн жок жана ошол эле учурда Израил армиясы Түштүк Ливанда пландалгандай иштей берет…” (Көз карандысыз Арабия, 2026.6.2). Трамптын бүгүн Вашингтондо өтө турган Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы алдында эки тарап тең ок атышууну токтотууга макул болгонун жарыялаганына карабастан, Ливандын түштүгүндө Израил менен Хизбулланын ортосундагы кагылышуулар түнү бою уланды… (BBC, 2026.6.2).

15. Бул окуялардын чынжырынан жана алардын кесепеттеринен төмөнкү нерселер айкын болот.

А. Иран менен Американын ортосунда чоң ажырым бар жана алардын ортосунда мурдагыдай аймактык орбитадагы мамлекет катары биргелешип иштөө үчүн эч кандай координация жок. Айрыкча, бүгүнкү күндө Ирандагы өкмөттү башкаргандар Сакчылар корпусунун адамдары болгондуктан, булар көз карандысыздыкка, башкача айтканда, Американын орбитасына кайтпоого умтулуп жатышат. Алар өкмөттү көзөмөлдөөнү улантышы мүмкүн, анткени алар жаңы Жогорку Лидер Можтабаны тандоодо алдыңкы орунда турушкан. Согуш жана ички козголоңдорду басуу сыяктуу башкаруунун маанилүү маселелеринде жаңы лидер өз бийлигин сактап калуу үчүн аларга таянат. Иранда Республиканын Президенти, Тышкы иштер министри жана Парламенттин спикери сыяктуу (саясий катмар) дагы эле бар. Алардын акыркы максаты – Ирандын Американын орбитасына кайтып келиши. Бирок алардын чыныгы таасири Сакчылар корпусуна туруштук бере албайт.

Б. Ал эми Америка азырынча Ирандагы режимди мусулман өлкөлөрүндөгү башка малай режимдер сыяктуу өзүнө баш ийдире алган жок. Бирок, Трамп дагы эле Ирандагы режим ага баш ийип, мурдагыдай анын орбитасында айланган эмес, толук көз каранды мамлекетке айланышын талап кылууда. Бирок ал бул жагынан ийгиликсиздикке учурады. Ал Ирандан баарын, башкача айтканда, талаптарынын 100% аткарылышын каалайт, ал айткандай 90 же 95% эмес. Мен 90% каалабайм жана 95% да каалабайм, мен аларга баарын каалай турганымды айттым. ( TV Lebanon, 12.04.2026). Бул тууралуу бир аз мурун, шаршемби күнү, 2026-жылдын 3-июнунда айтылган: Иранга байланыштуу кырдаал тездик менен өнүгүп жатат жана абдан жакшы болот, бул Ирандын өзөктүк куралга ээ болбоого макул болгонун көрсөтүп турат… (Аль-Арабия, 2026-жыл 3-июн). Трамптын билдирүүлөрү дайыма эле толугу менен так боло бербесе да, анын жарыялаган позициялары төмөнкүдөй. Ал бул жааттагы ийгиликсиздиктерине карабастан, Ирандын ага каршы чыкпаган баш ийген мамлекет болушун каалайт! Бул ийгиликсиздигин жашыруу үчүн ал сөздөр менен ойноп, кайра-кайра келишимдерди сунуштап, кийинчерээк аларга каршы чыгат… иш ушундайча уланууда!

В. Трамптын жана ага окшогон башка каапыр колонизаторлордун мусулман жерлерине кол салууну ойлогону үчүн гана белин сындырып, ар бир каапырды (эгер үйү калса) өз үйүнө кайтара турган нерсеге келсек, ал Туура Жолдогу Халифалык мамлекети. Ал Кудай буюрса, Кудуреттүү Аллахтын убадасы менен кайтып келет.

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾،

Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга жер жүзүндө халифа (орун басар) кылууга убада берген” (Нур: 55).

Ошондой эле, биз жашап жаткан ушул зулумдук өкүмдарлык кылган башкаруудан кийин Халифалык келишин Аллахтын Элчиси (ага тынчтык жана береке болсун) кушкабар кылган. Ахмад Хузайфадан риваят кылышынча, ал мындай деген:

ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَت

“…Кийин мажбурлоочу зулум падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Андан кийин Аллах аны көтөрүүнү каалаган убакта аны көтөрөт. Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот. Анан ал унчукпай калды.

Ошентип, анын артында согушуп, аны менен коргонулган Халифалык тикеленет, анын натыйжасында Ислам жана мусулмандар урматталып, каапырлар кордолот.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

Ал күнү момундар Аллахтын жеңишине кубанышат. Ал каалаган адамына жеңиш берет. Ал – Кудуреттүү, Мээримдүү” (Рум: 4-5).

1447-х, 17-зул хижжа

2026-ж, 3июнь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button