Кадрдык каатчылык жана мигранттарды кайтаруу

Кадрдык каатчылык жана мигранттарды кайтаруу
Кыргыз бийлиги эмгек миграциясында жүргөн жарандарын мекенине кайтаруу ниетин билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санк-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда маалымдады.
Анын айтымында, мамлекет эмгекке жарамдуу калктын сыртка агылышына жана ички эмгек рыногундагы кадр тартыштыгына тынчсызданууда. Жарандардын кайтып келишине түрткү берүү максатында колдоо программалары, анын ичинде жеңилдетилген ипотекалык каржылоо, ошондой, эле айлык акыны көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу чаралары ишке ашырылып жатат.
Өкмөт, чет өлкөдө иштеген көптөгөн кыргызстандыктар өлкө экономикасы үчүн керектүү болгон баалуу кесиптик тажрыйбаны топтоду деп эсептейт. Мигранттардын мекенге кайтышы, жумушчу күчүнүн жетишсиздигин чечүү жана улуттук адам капиталын бекемдөө куралдарынын бири катары каралууда.
Бул маселеде, экономикалык багытка караганда, көмүскөдө калган себептер менен саясат көбүрөөк байкалууда. Чындыгында, миграция көйгөйү жалаң гана экономикага тиешелүү эмес. Кыргызстан сыяктуу саясий, экономикалык жактан чакан жана кайсы бир деңгээлде алсыз мамлекеттер күчтүрөөк жана борборлошкон баскынчы капиталисттик идеологиянын экспансиясына чалдыкканда, олуттуу маданий жана маалыматтык таасирленүү көйгөйүнө дуушар болот.
Билим берүү, медиа, эмгек рыногу, массалык маданият жана маалыматтык платформалар аркылуу калктын аң-сезиминде идеалдуу жашоо образы, ийгилик жана өзүн-өзү ишке ашыруу тууралуу белгилүү бир көз караштар жана түшүнүктөр калыптанат.
Бул жагынан алганда, миграция жөн гана жогорку киреше, же жакшыраак эмгек шарттарын издөө менен чектелип калбайт. Анткени, бул көрүнүш Орусия, Европа же Түндүк Америка өлкөлөрү менен жалпыланган, белгилүү бир коомдук моделдерге жана жашоо образына болгон ыктоого да байланыштуу. Башкача айтканда, адамдар көбүрөөк акча табууга гана эмес, абройлуу жана келечектүү деп кабыл алынган жашоого умтулушат. Демек, көйгөй жумуш орундарынын тартыштыгында, же айлык акынын деңгээлинде гана эмес. Анткени мамлекет жарандардын лоялдуулугунан ажырап калбоо үчүн күрөшүп жатып, алардын баалуулуктарын жана жашоодогу багыттарын түптөй билиши керек.
Дал ушул жерден кайрадан дагы бир суроо жаралат: мамлекеттин милдети мигранттарды кайтаруу менен гана чектелиши керекпи, же ал өлкөдөн тышкары болгон аймактарда өзүнүн маданий жана идеологиялык таасирин сактап, аны кеңейтүүгө милдеттүүбү?
Тарыхка кайрылсак, адилеттүү Ислам Халифалыгы андан соң, баскынчы батыш өлкөлөрү сыяктуу күчтүү мамлекеттер миграцияны калктын сыртка агылышы катары гана эмес, өз идеологиясын, тилин, маданиятын, экономикалык байланыштарын жана саясий таасирин жайылтуунун куралы катары да баалап келишкен. Мындай көз караш менен алганда, чет өлкөдө жашап жана эмгектенип жүргөн жарандарды өлкөнүн жоготуусу катары эмес, мамлекетти өнүктүрүүнүн кошумча ресурсу катары кабыл алууга болот.
Демек бул логикага ылайык, мигранттарды кайтарууга багытталган чакырыктар, чет өлкөдөгү жарандардын кызыкчылыгын коргоо боюнча системалуу иш алып барууга салыштырмалуу алда канча жеңил саясий маселе. Мигранттарды мекенине кайтаруу ички колдоо программаларын талап кылса, ал эми алардын укугун коргоо үчүн олуттуу дипломатиялык, экономикалык жана саясий ресурстардын болушу зарыл. Андыктан, мигранттарды кайтаруу боюнча ар кандай талкуулар, жумуш менен камсыз кылуу жана демография маселелерин эле эмес, мамлекеттин глобалдык дүйнөдөгү ролу тууралуу алда канча кеңири маселелерди камтыйт.
Жарандар өлкөдөн агылып чыгып кетип жатса, анда көйгөй алардын өлкө ичинде жок болуусуна эле барып такалбайт. Башкы маселе, мамлекет чек арадан тышкары жүргөн өз жарандары менен канчалык деңгээлде натыйжалуу байланышты сактап кала алат, алардын кызыкчылыктарын кантип коргойт жана өнүгүү жолунда алардын потенциалын кандай пайдаланууга барып такалат. Ал эми жарандарды өлкө ичинде гана кармап калууну көздөгөн улутчулдук идеялардын алкагында бул нерсени ишке ашыруу таптакыр мүмкүн эмес.
Латыфул Расых




