Комментарий

Институттар бекемделип жатабы же көзөмөл кеңейүүдөбү?

Институттар бекемделип жатабы же көзөмөл кеңейүүдөбү?

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 5-июнда ШКУга мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана Коомдук коопсуздук министрлери менен болгон жолугушууда кылмыштуу топтор жасалма интеллектти барган сайын жигердүү колдонуп, киберчабуулдарды автоматташтырып, жалган кабар таратып жана мыйзамсыз финансылык операциялар үчүн жаңы каналдарды түзүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, дал ушул себептен улам ШКУнун Коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы институттук базасын бекемдөө боюнча практикалык кадамдар өзгөчө мааниге ээ болууда.

Комментарий:

Президенттин билдирүүсү учурдагы тенденцияга туура келет. Заманбап технологиялар чындыгында эле кылмыштуу топтор тарабынан гана эмес, башкалар тарабынан да колдонулуп жатканы ырас. Бирок, бул жерде кылмыштуулуктун келип чыгуу себептерин талкуулоо маселеси, кылмышкерлер колдонгон каражаттарды талкуулоо менен алмашып калбашы керек.

Жасалма интеллект, санариптик аянтчалар жана заманбап байланыш каражаттарынын өзү кылмыштуулуктун булагы болуп саналбайт. Булар жөн гана каражат болуп эсептелет.

Кылмыштуу топтор менен өкмөт өзү баш болуп, ар дайым эң жеткиликтүү жана натыйжалуу каражаттарды, башкача айтканда, колдо бар ресурстардан тартып интернетке жана жасалма интеллект куралдарына чейин пайдаланып келишет. Ошондуктан, көңүл жалаң гана технологияларга топтоло бере турган болсо, анда кылмыштуулуктун мындан да терең себептери жана мамлекеттик институттардын ишиндеги мүчүлүштүктөр көзгө илинбей калат.

Бирок, ошол эле санариптик технологиялар мамлекеттик түзүмдөр, укук коргоо органдары жана аткаминерлер тарабынан саясий үгүт маселелеринде, тактап айтканда, Исламдын жашоо системасын каралоодо жигердүү колдонулуп жатканын эстен чыгарбоо маанилүү.

Маселе кылмыштуулукка каршы күрөшүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштери менен гана чектелбөөсү зарыл. Бул маселе жаңы ыйгарым укуктар кыянаттыктарга алып келбеши үчүн учурдагы карама-каршы болгон “мыйзамдуу чектөөлөрдүн” алкагында да аларды көзөмөлдөп турган механизмдерди талап кылат.

Андан тышкары, санариптик чөйрөдөгү кылмыштуу ишмердүүлүктүн көптөгөн түрлөрү укук коргоо органдарына илгертен эле белгилүү. Мисалы, интернет аркылуу баңгизаттарды таратуу каналдарын, онлайн-алдамчылык схемаларын же айрым мыйзамсыз финансылык операцияларды аныктоо, көбүнчө техникалык жактан аткарылгыс маселе эмес.

Демек, мындай ишмердүүлүк узак убакыт бою уланып жаткан болсо, анда көйгөй технологиялардын, же ыйгарым укуктардын жетишсиздигинде эмес, институттардын ишинин сапатында, көзөмөлдүн натыйжалуулугунда жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигинде деген тыянак чыгарууга болот. Ошондуктан, институттук базаны бекемдөө, тек гана көзөмөлдү жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен гана чектелбеши керек.

Алгач, мындан да маанилүрөөк болгон кылмыштуулукту алдын алуу, мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын ишмердүүлүгүн ачыктоо жана криминалдашууга өбөлгө түзгөн социалдык факторлорду четтетүү сыяктуу иш-чаралады илгерилетүү шарт.

Ал эми, бул нерсени адамдын бардык инстинктерин жана анын акылын канааттандырган идеологиясыз ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Андыктан, Жаратуучу тарабынан дайындалган адамзаттын баардык көйгөйлөрүн чечүүчү акыйдасыз, кылмыштуулукка каршы күрөшүү кайрадан эле бардык жарандар үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизүү маселесине барып такалат. Бул коркунуч ар дайым сакталып кала берет.

Мындай ыкманын кесепеттерин кайра эле коом тартат, ал эми бул сыяктуу чаралардын кылмышкерлерге карата чыныгы натыйжалуулугу белгисиз бойдон кала берет.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button