«Каалаган жериңе жаа» деген сөз кантип «эч качан мүмкүн эмес» дегенге айланды?!

«Каалаган жериңе жаа» деген сөз кантип «эч качан мүмкүн эмес» дегенге айланды?!
Мисир президенти Сиси мындай деди: «Бизде буга жетиштүү суу да, жер да жок… Мисир айыл чарба өндүрүшүндө өзүн-өзү камсыз кыла алат деп эч качан ойлобогула, буга жетишүү эч качан мүмкүн эмес». (Каир24 порталы).
Сисинин бул билдирүүсү дээрлик он жылга созулган кооз убадаларга жана ири долбоорлорго акыркы чекит коюп, көңүл түшүрүү жана алсыздыкты башкаруу дооруна расмий түрдө киргенин жарыялады. Учурдагы кризисти режим суунун тартыштыгы, өрөөндүн тар аянты жана ошондой эле калк санынын өтө ылдам өсүшү таңуулаган географиялык-демографиялык тагдыр катары көрсөтүп, саясий жана экономикалык жоопкерчиликтин талаптарынан качууга аракет кылууда. Анткени Мисирдин суу жана географиялык абалы, анын өтө оор суу жакырчылыгы чегине кирип калганы бийлик үчүн күтүүсүздөн пайда болгон жагдай эмес эле. Тескерисинче, бул өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынан бери Сугат министрлигинин адабияттарында айтылып келген белгилүү илимий жана тарыхый факт болчу. Ошондуктан бул стратегиялык артка кетүү пайда кылган чыныгы суроо жаратылыштын чектери жөнүндө эмес, тескерисинче, бул ресурстарды башкарган, же туурараагы, ысырап кылган пландоонун жетишсиздиги жана саясий чечимдин көз карандылыгы жөнүндө…
Бул көп кырдуу ийгиликсиздиктин көрүнүштөрү режимдин өзү акыркы жылдар ичинде кабыл алган түзүмдүк чечимдер менен ушул көңүл чөктүргөн баяндаманын ортосунда түз жана объективдүү салыштыруу жүргүзүлгөндө ачык байкалат. Маселен, 2015-жылы элдин топтогон каражаттарынан 64 миллиард мисир фунту, башкача айтканда ошол кездеги эсеп менен 8 миллиард доллардан ашык сумма чогултулуп, толугу менен кургак казуу иштерине жана Суэц каналынын параллелдүү тармагын кеңейтүүгө жумшалган. Мунун максаты элдин маанайын көтөрүү жана убактылуу саясий легитимдүүлүккө жетишүү болгон, бирок бул ири каражаттарды өндүрүштүк жана эгемендүү активдерди курууга багыттоо керек эле. Эгер бул каражаттар суу тармагына багытталган болсо, Мисирдин жээктеринде деңиз суусун тузсуздандыруучу сексендей ири станция курууга жетмек. Алар жыл сайын үч миллиард куб метр таза ичүүчү суу өндүрүп, Нил дарыясына түшкөн жүктүн бардыгын алып салып, анын үлүшүн толугу менен айыл чарбасына багыттоого мүмкүнчүлүк бермек. Ошондой эле бул каражаттар каптатып сугаруу системаларын жаңылоого жана Дельта менен өрөөндөгү эски айдоо жерлеринин баарын заманбап тамчылатып сугаруу системасына өткөрүүгө жетиштүү болмок. Мындай кадам буулануу жана жерге сиңип кетүү аркылуу жыл сайын текке кетип жаткан болжол менен 15 миллиард куб метр сууну үнөмдөөгө шарт түзмөк.
Ушул суу үнөмдөөнүн өзү эле тартыштык теңдемесин түп-тамырынан өзгөртүп, буудай жана жүгөрү сыяктуу стратегиялык өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн миллиондогон кошумча гектар жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүндүк бермек. Натыйжада азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчтөрү кескин жакшырып, «ресурстардын сөзсүз жакырдыгы» жөнүндө даттануунун ордуна олуттуу жетишкендиктерге жол ачылмак.
Бул ийгиликсиздик жергиликтүү пландоодогу кемчиликтер менен эле чектелбестен, Сисинин колу менен жасалган каргашалуу геосаясий багынуулар менен да тыгыз байланышып кеткен. Алардын эң көрүнүктүүсү – 2015-жылдын март айында Хартумда кол коюлган Нахда дамбасы боюнча Принциптер декларациясы болду. Бул кол коюу Эфиопияга ондогон жылдар бою жетишпей келген эл аралык жана укуктук легитимдүүлүктү берип, каржылоо булактарына жол ачты, дамбанын курулушун тездетти жана иш жүзүндөгү кырдаалды таңуулоо менен сууну бир тараптуу толтуруу саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада, мисирликтердин жалгыз жашоо булагы болгон дарыя тышкы күчтөр көзөмөлдөгөн кранга айланып калды. Ошентип, табигый кыйынчылыктар атайылап басым көрсөтүүнүн куралына айланды. Айыл чарба жана саясий бюрократия кургакчылыкка туруктуу, өсүү мөөнөтү кыска үрөндөрдү жана көчөттөрдү жергиликтештирүү аркылуу технологиялык көз карандысыздык үчүн күрөшүүдөн баш тартууда. Ошол эле учурда дыйкандар үнөмдөөчү саясаттар жана чектөөлөр менен тушалууда.
Ал эми Палестинаны басып алган яхудий түзүмү азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөлүк көрсөткүчтө 24-орунду ээлеп, жашылча-жемиштер, канаттуулар жана сүт азыктары боюнча дээрлик 100 пайыздык өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине жеткен. Бул Мисир сыяктуу эле чөлдүү аймакта жайгашып, суу тартыштыгы өтө курч болгонуна карабастан мүмкүн болду. Агынды суулардын 90 пайызын кайра пайдаланууга жана так сугаруу технологияларына эрте жана стратегиялык негизде таянган саясат мунун негизги себеби болуп саналат.
Сайкс-Пико келишиминин тар чек араларына камалган заманбап улуттук мамлекеттин алсыздыгы менен Исламдын ачык жана кең географиясын салыштыруу азыркы кризистин түзүмдүк өлчөмүн түшүндүрөт. Анткени халифа Харун ар-Рашид булутка кайрылып: «Каалаган жериңе жаа, сенин хирожуң мага келет» дегенде, бул жөн гана кооз сөз эмес эле. Тескерисинче, ал бажы жана аймактык саясий чек аралардан ашып түшкөн, дарыяларды башатынан куйган жерине чейин көзөмөлдөгөн, Судан, Ирак жана Мисирдин түшүмдүү жерлери каржылыгы жана жаан-чачындары мол болгон аймактар менен бир бүтүн болуп бириккен кең эгемендүү географиянын көрүнүшү болчу. Бул географиянын бөлүнүшү жана Мисирдин чөлдөр менен курчалган тар тилкеге камалып калышы өзүн-өзү камсыздоону өз алдынча улуттук мамлекеттин алкагында дээрлик мүмкүн эмес абалга алып келди. Азыркы режимдер болсо ушул камоону пайдаланып, коркуу жана көз карандылык психологиясын жайылтууда. Алар элди эл аралык каржы мекемелеринин шарттарына баш ийүү, доллар табуу үчүн мамлекеттик активдерди жана портторду сатуу – жашап калуунун жана нан табуунун жалгыз чечими деп ишендирүүгө аракет кылышууда.
Мындай туңгуюк шартта, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн иш алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир сунуштаган альтернативалуу хазарий долбоор бул көз карандылыктын жабык айлампасынан чыгууга умтулган мабдаий үлгү болуп саналат. Партия даярдаган конституция долбоору кандай гана себеп болбосун жердин пайдаланылбай калышына жол бербейт жана жерди монополиялап алган адамдардан тартып алып, аны тирилткендерге берүүнү караган катуу фикхий өкүмдөрдү колдонот. Ошондой эле инсаний, каржылык жана табигый ресурстарды колонизаторлор чийген чек аралардын каргышын жойгон бирдиктүү исламий мейкиндикке бириктирүүнү көздөйт. Мындан тышкары, партиянын өнөр жайга болгон көз карашы технологиялык токтоп калуу менен чектелбейт. Ал оор өнөр жайды өз алдынча өнүктүрүүнү, машиналарды жана кыймылдаткычтарды жергиликтүү деңгээлде өндүрүүнү, ошондой эле аларды өнөр жайдын бардык тармактарына, анын ичинде айыл чарба жана сугат тармагына кызмат кылдырууну талап кылат. Ошондой эле эксперименталдык билим берүү программаларын үрөөнчүлүк, биотехнология жана сууну тузсуздандыруу боюнча техникалык изилдөөлөр менен байланыштырат.
Бул сыяктуу эгемендүү чечимдерди азыркы түзүмдө ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бирок алар колонизатор каапырга көз каранды болууну четке каккан мабдаий мамлекет үчүн сөзсүз керек болгон альтернативага айланат. Сисинин акыркы кайрылуусунун артында жаткан эң терең билдирүү жөн гана сандарды келтирүү менен чектелбейт. Бул 25-январдагы революция аркылуу бир кезде өз бийлигин кайра кайтарып алууну ойлогон элге багытталган көмүскө “жазалоо” билдирүүсү. Ошондой эле бул элге өз алдынча жашоо үчүн зарыл болгон мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес экенин түшүндүрүү аркылуу анын эркин сындыруу аракети. Башкача айтканда, анын максат-тилектери карыздарга жана багынууларга малынган бир үзүм нан менен гана чектелиши керек деген түшүнүктү таңуулоо болуп саналат. Чындыгында азык-түлүк коопсуздугунун табигый жана жеңил чечими булут каалаган жерине жаап, анын хирожу келип турган кең бирдиктүү тарыхый мейкиндигинде жаткан. Бирок азыркы артка кетүү доорунда кыйынчылыктарды илимий жаңылануу жана көз карандысыз чечкиндүү эрк аркылуу жеңүүнүн ордуна, режим ийгиликсиздикти актоо, көз карандылыкты бекемдөө жана «силерге мен көргөндөн башкасын көрсөтпөйм» деген логиканы таңуулоо үчүн географиялык аргасыздык түшүнүгүн пайдаланууну тандады. Мунун баары үммөттүн чакырыктарга туруштук берүү жана келечегин өз колу менен куруу жөндөмүн унуттуруп коюусуна багытталган.
Оо, Кинана эли! Оо, фатихтердин жана улуу аалымдардын урпактары! Силерге таңуулоого аракет кылынган бул караңгы вакыйлык качып кутулгус тагдыр эмес. Тескерисинче, бул силерди жасалма чек аралар жана жериңер менен сууңарга болгон эгемендүүлүгүңөрдү жоготууга алып келген көз каранды саясаттар менен кишендөөдөн келип чыккан натыйжа. Бул караңгы туңгуюктан чыгуу алсыздык билдирүүгө багынып берүү менен эмес, Хизб ут-Тахрир Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин куруу үчүн сунуштап жаткан үммөттүн стратегиялык жана мабдаий долбоорунун айланасында аң-сезимдүү жана эрдик менен биригүү аркылуу гана ишке ашат. Бул мамлекет күчтөрдү бириктирет, жасалма чек араларды жок кылат жана үммөттүн иззатын, ошондой эле анын азык-түлүк жана саясий көз карандысыздыгын кайтарып берет. Бул улуу долбоор жаштардын жана өсүп келе жаткан муундун умтулуулары үчүн жападан-жалгыз куткаруучу чечим. Ошондой эле аларды үмүтсүздүк менен адашуунун караңгылыгынан сууруп чыгып, алардын жүрөгүнө Ислам акыйдасына болгон улуу сыймыктануу сезимин калыптандырат. Ошондой эле, өзүнүн улуулугун Аллахтан жана Анын Элчисинен гана издеген үммөткө таандык болуу сыймыгын жаратат. Андыктан диниңерге жардам берүүгө жана тартып алынган бийлигиңерди кайра кайтарууга умтулгула. Ошондо ойгонуу күнү кайрадан силердин таза жериңерге нур чачып, үммөт ээрчиген эмес ээрчиткен, жетеленген эмес жетектеген үммөткө айланат.
Роя гезити
Устаз Махмуд ал-Лайсий




