Роя гезити

Накбага 78 жыл: Мындан ары эмне болот?!

Накбага 78 жыл: Мындан ары эмне болот?!

«Накба» (кайгымуң) деген сөз айтылган сайын мусулмандардын эсине Палестина маселеси келет. 1948-жылы яхудийлер Палестинаны басып алып, анын элин жерлеринен кууп чыгаруу үчүн аракетке өтүштү. Алар кан төгүп, балдарды жана аялдарды өлтүрүштү.

Бул кабарды уккан араб мамлекеттери Иордания, Ирак, Мисир, Ливан жана Сириянын аскерлерин Палестинага жөнөтүштү. Армиялардагы ыкластуу жоокерлер бардык фронттордо яхудийлерге каршы катуу салгылашып, алардын абалы оорлоп кетти. Акыры яхудийлердин жардам сураган үнү батыштагы каапыр мамлекеттерге, алардын башында турган Бириккен Улуттар Уюмуна чейин жетти. Мына ошондон кийин кыянатчылык башталды. Бардык тараптар бир айлык «гуманитардык тынчтык келишимине» макул болушту! Кантип араб армиялары жеңишке жетип, яхудийлерди толук жок кылуу жолунда баратып, мындай тынчтык келишимине макул болушу мүмкүн эле?!

Мындан да таң калычтуусу – Иорданиянын араб армиясын англиялык Глабб-паша башкарып турду! Ошондой эле башка араб армияларынын жетекчилери жана президенттери да жеңишке жетип турушканына карабастан, айрым аймактардан чегинүү тууралуу буйруктарды беришти. Негизи алар душманга карай илгерилеши керек эле, артка чегинбеши керек болчу!

Белгиленген тынчтык мөөнөтү бүтө электе эле яхудийлер аны бузушту. Анткени 26 күндүн ичинде Батыштан аларга аскерий жардам үзгүлтүксүз келип турду. Натыйжада алар араб армияларын курчоого алып, алар менен согушуп, артка чегинүүгө мажбурлашты.

Окуялар жана жылдар өтүп, 1964-жылы Мисирде палестин элинин жалгыз жана расмий өкүлү катары Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму түзүлгөнү жарыяланды. Мунун максаты Палестинанын калган бөлүгүн баскынчы түзүмгө өткөрүп берүү болчу. Андан кийин мурда арам болгон нерсе мыйзамдуу долбоорго айланды.

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун эң чоң «жетишкендиги» болуп Осло келишими эсептелет. Бул келишим аркылуу Палестина жеринин 78%ында яхудий түзүмүнүн барлыгы таанылып, калган 22% боюнча сүйлөшүү жүргүзүлө баштады. Бирок Палестина бийлигинин айынан (бул бийлик Осло келишиминен келип чыккандыктан) ошол 22%дан болгону 14%на ээлик кылып калды. Муну Палестина бийлигинин башчысы Махмуд Аббас да «Фатх» кыймылынын сегизинчи жалпы конференциясында сүйлөп жатып айткан. Ал Осло келишимин «кыянатчылык» деп сыпаттап: «Осло келишими – кыянатчылык, бирок биз аны каалайбыз… Биз аны сактап калгыбыз келет!» – деген. Демек, эгер ал кыянатчылык болсо, анда аны сактап калуунун максаты эмне? Андан келип чыккан яхудий түзүмүн коргоо саясаты үчүн ким жооп берет?

Бул келишимге 22 жылдан ашык убакыт өттү, бирок яхудийлердин иш-аракеттеринде эч нерсе өзгөргөн жок: өлтүрүү, көчүрүү, курчоо, үйлөрдү бузуу жана камакка алуулар уланууда. Ошондой эле, яхудий түзүмү Кудстагы жана Халилдеги ыйык жайларга кол салуу сыяктуу жийиркеничтүү иштерин дагы күчөттү.

Акыркы күндөрү яхудийлер Аль-Акса мечитинин короолорунда талмуддук ибадаттарын өткөрүп, жер жүзүндөгү ар бир мусулмандын кыжырын келтирген аракеттерди жасашты. Батыш Жээктеги отурукташкан куралсыз адамдарга кол салып, алардын мал-мүлкүн, жерлерин жана малдарын тартып алышы, жергиликтүү тургундардын сабалышы, кордолушу, уурдалышы жана өлтүрүлүшү да уланууда. Алардын зомбулугунан аялдар, балдар, кары-картаңдар жана жаштар да аман калган жок. Мунун баары кордукка, бузукулукка жана кыянатчылыкка негизделген Осло келишиминин ээлеринин көз алдында болуп жатат. Анда эмне үчүн бул келишимди сактап калуу керек? Болгону бийликтеги таасирдүү катмардын үстөмдүгүн бекемдеп, алар элдин акчасын салыктар жана төлөмдөр аркылуу соруп алышы үчүнбү? Же яхудий түзүмүнүн, Американын жана Европанын Исламга жана мусулмандарга каршы саясаттарын ишке ашырып, Ислам түшүнүктөрүн жок кылып, аларды окуу программаларынан алып салуу үчүнбү?

Байтул-Макдистин бошотулушу 78 жыл күтүлүп жатканынын себеби мусулман жерлерин Осмон Халифалыгынын урандылары үстүндө бөлүп-жарган кылмыштуу Сайкс–Пико келишими болду. Натыйжада Батыштын агенттери башкарган, куфр мыйзамдары менен өкүм жүргүзгөн майда мамлекеттер пайда болду. Бул мамлекеттердеги ар бир мусулман аларга улуттук таандыктык (нисбат) менен байланып калды. Ошентип мусулмандар бул ыйык жерлерге эми аз гана көз жаш төгүлүүчү исламий туйгу катары карап калышты. Мусулман өлкөлөрүндө улутчулдук жана мекенчилдик түшүнүктөрү канчалык бекемделсе, каапырлар да Аль-Акса мечитин бошотуу үчүн жасалуучу жүрүштү ошончолук кечиктирүүгө убакыт утуп келишти.

78 жылдан ашык убакыт өтсө да, яхудий түзүмү ошол эле жол менен, а түгүл мурдагыдан да күчөтүлгөн түрдө өлтүрүү, ачарчылыкка дуушар кылуу, жерлерди басып алуу жана ыйык жайларды яхудийлештирүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Сайкс–Пико келишиминин жана араб башкаруучуларынын жардамында яхудий түзүмүн түп-тамыры менен жок кылуу жана андан кутулуу жолдорун издөө маселеси, аны менен кандайча бирге жашоо жана мамилелерди нормалдаштырууга багытталган келишимдерин түзүү маселесине айланып калды. Мындай иштер асмандагыларды да, жердегилерди да каардантат.

Биз мусулмандар үчүн эң чоң кайгы – Халифалыгыбыздын кулатылышы, жерлерибиздин бөлүнүп-жарылышы жана жакын-алыстагынын баары бизге үстөмдүк кыла баштаган күн болду. Палестина маселеси болсо ушул чоң маселелердин бир бөлүгү гана.

Абдулхамид II Герцлге айткан кыраакылыгы ишке ашты. Ал:

«Денемди бычак менен тилип салуу мага Палестинанын бир карыш жеринен баш тартуудан жеңилирээк. Анткени ал менин жеке мүлкүм эмес, Ислам үммөтүнүн мүлкү. Мен тирүү турганымда денебиздин бөлүк-бөлүк кылынышына макул боло албайм… Яхудийлер акчаларын өздөрүндө сактай беришсин. Эгер Халифалык мамлекети кулатылса, анда Палестинаны акысыз эле аласыңар…» Дал ошондой болду.

Палестина маселесинин чечими аны өзүнүн чыныгы нугуна кайтарууда жатат, башкача айтканда, аны мусулмандардын маселеси катары кароодо. Улутчулдук жана мекенчилдиктин куру ураандарынан, ошондой эле жылдар бою алдамчылык, куру убадалар жана убакытты текке кетирүү экени далилденген эл аралык уюмдардан алыс болуу зарыл.

Мусулмандардын бир роя астында биригүүсү, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге иш алып баруусу жана үммөттүн тартып алынган бийлигин кайра кайтарып алуусу – алардын кайгысын чечүүчү башталгыч кадам болуп саналат. Ошондо армиялар Аксага карай багыт алып, яхудий түзүмү жок кылынып, үммөт өзүнүн иззатын, улуулугун жана мамлекетин кайра табат. Бул Аллах үчүн кыйын иш эмес.

Роя гезити

Устаз Абдурахим Халил

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button