Бийлик 1 млрд доллардан ашык кредит алууга камданууда

Бийлик 1 млрд доллардан ашык кредит алууга камданууда
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2026–2028-жылдарга карата каржылоо программасы боюнча алкактык макулдашууну жактырды.
Макулдашууга ылайык, Кыргызстан 1 миллиард 16 миллион доллардан ашык каражат алат. Бул сумманын ичинен 34 миллион доллары грант түрүндө берилсе, 982 миллион долларга жакыны жеңилдетилген насыя катары бөлүнөт.
Каржы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, насыялар 25 жылдык мөөнөткө берилет. Анын ичинде алгачкы 5 жыл жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Насыянын пайыздык үстөгү жылына болжол менен 1,5 пайызды түзөт.
Каражаттын эң чоң бөлүгү — 400 миллион доллар — экономиканы колдоого багытталат. Энергетика тармагын өнүктүрүүгө 367,7 миллион доллар каралган. Ирригациялык системаларды жаңылоого жана калкты таза суу менен камсыздоого 174,6 миллион доллар бөлүнөт. Санариптештирүү долбоорлоруна 51 миллион доллар жумшалса, калган 22,8 миллион доллар башка тармактарды өнүктүрүүгө багытталат.
Белгилей кетсек, бул каржылоо өлкөнүн мамлекеттик карызы өсүп жаткан шартта тартылууда. 2025-жылдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,9 миллиард долларга жетип, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 39,5 пайызын түзгөн.




