ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН АТАЙЫН ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН КЕЛДИ?

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН АТАЙЫН ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН КЕЛДИ?
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Тараптар «Борбор Азия – ЕБ» форматындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке ашырууну, ошондой эле «Global Gateway» программасынын алкагындагы демилгелерди талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө келишилди.
Комментарий:
Өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык тууралуу көнүмүш расмий билдирүүлөрдүн артында, Борбор Азиядагы таасир үчүн тышкы күч борборлорунун күрөшү байкалат. Россия аймактагы тарыхый жактан калыптанган позициясын сактап калууга умтулуп, ал эми Кытай насыялар, инфраструктура жана соода каттамдары аркылуу экономикалык таасирин кеңейтип жаткан чакта, Европа Биримдиги да инвестициялар, туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция урааны астында өзүнүн таасирин жигердүү түрдө илгерилетип жатат.
Чындыгында, Борбор Азия барган сайын ири оюнчулар атаандаша турган майданга айланып барууда. Алардын ар бири аймакты өзүнө пайдалуу болгон саясий, экономикалык жана логистикалык схемаларга байлоого умтулууда. Дал ушул багыттан караганда, энергетика, транспорт жана ресурстарды казып алуу тармагындагы долбоорлор аймактагы мамлекеттер үчүн өнүгүү куралы болгондон көрө, тескерисинче, стратегиялык каттамдарга, рынокторго жана ресурстарга көзөмөл орнотуу үчүн жүргүзүлүп жаткан колониялык күрөштүн элементтерине айланып барууда.
Тышкы оюнчулар Борбор Азияны өз алдынча толук кандуу күч борбору катары таануунун ордуна, алар аймакты байыркы эле неоколонизаторлук логиканын негизинде баалап жатышат. Башкача айтканда, алар Борбор Азия чөлкөмүн өздөрүнүн таасирин жая турган аймак катары баалап, аны ресурстардын булагы жана өздөрүнүн геоэкономикалык кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн транзиттик коридор катары кароону улантышууда. Андыктан, аймактагы мамлекеттер чыныгы эгемендүү саясат жүргүзө алабы же Москва, Пекин жана Брюсселдин ортосундагы атаандаштык майданы боюнча кала береби деген суроо дагы актуалдуу боюнча калууда.
Абду Шүкүр




