Бир үй-бүлөнүн багуучусун ден-соолугунан ажыраткан күч кызматкерлери

Бир үй-бүлөнүн багуучусун ден-соолугунан ажыраткан күч кызматкерлери
Кыргызстандын күч кызматкерлери кезектеги жасалма кылмыш ишин козгоо үчүн бир үй-бүлөнүн багуучусун ден-соолугунан ажыратты. Окуя 2024-жылдын январь айында башталган. Кыштын ызгаардуу суугунда таңкы саат жетилер чамасында Ысык-Көл облосуна караштуу УКМК кызматкерлери жана Кызыл-Суу Райондук ички иштер кызматкерлери Жетимишбай уулу Эрландын үйүнө тинтүү жүргүзүү үчүн келишкен. Ал учурда Эрлан үйдө болбогонуна карабастан, күч кызматкерлери жубайы жана жаш балдарына басым өткөрүү менен үйдү тинтишкен. Тинтүү учурунда мыйзамсыз буюм табылган эмес. Айлалары кеткен кызматкерлер диний китептер менен телефондорду чогултуп кетишкен. Бул окуядан кийин Эрландын жаш балдары ооруп, үй-бүлө ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Жубайы да психологиялык жактан жабыркаган. Буга карабастан эртеси күнү күч кызматкерлери Эрланды чакырып, бир суткага камап, кайра коё беришкен.
Окуя муну менен эле бүткөн жок. 2025-жылдын март айында аталган үйгө кайрадан тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда үйдөн бир даана дептер алынганы көрсөтүлгөн. Башка мыйзамсыз буюм табылган эмес. Ошондой эле телефондор кайрадан алынган. Андан кийин Эрлан бир суткага кармалып, суракка алынган. Кийин ага үйдөн алынган дептер “экспертизага жөнөтүлөт” деп айтылып, коё берилген. Андан кийин дагы бир нече жолу телефон аркылуу чакыртылып, суракка алынган.
Арадан дагы бир жыл өтүп, үстүбүздөгү жылдын апрель айында кечки саат 22:00 чамасында күч кызматкерлери келип, Эрланды “шектүү” катары алып кетишкен. Ошол күнү дагы үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда мыйзамсыз буюм табылган эмес.
Кийин бөгөт чарасы каралып, жетиштүү далилдер көрсөтүлбөсө да сот аны 3-июнга чейин камакта калтырган. Убактылуу кармоочу жайда кармалып турган чакта 2-май күнү тергөөчү Эсенбаев Баймырза Эрландын жубайына телефон чалып, жолдошу эсин жоготуп жыгылганын жана Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилгенин билдирген. Дарыгерлер ага “геморрагиялык инсульт” диагнозун коюшкан. Ал эки күн реанимация бөлүмүндө жаткан. Жубайынын айтымында, буга чейин Эрлан ден соолугу жакшы болгон жана эч кандай оорудан даттанган эмес.
Кийинчерээк жубайы ооруканада Эрланды көргөндө кулагынын түбүндө жаракат бар экенин байкаган. 2-майдан 11-майга чейин майрам күндөрүнө байланыштуу негизинен күзөттөгү дарыгерлер көзөмөл жүргүзгөн. Жубайынын айтымында, бул аралыкта Эрланга ооруну басаңдатуучу дарылар сайылып турган. Кийин анын денеси шишип, аллергиялык белгилер пайда боло баштаган. 11-май күнү дарыгерлер Эрланды шашылыш түрдө Бишкек шаарына алып барып операция жасоо керек экенин билдиришкен. Бирок бөгөт чарасы өзгөртүлбөгөндүктөн, ал ошол бойдон Караколдо калган. 14-май күнү гана бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 15-майда Эрлан тез жардам унаасы менен Бишкек шаарына жеткирилген. Ал жерде республикалык неврология бөлүмүндө дарыгерлер тез арада текшерүүлөрдү жүргүзүп, түн ичинде операция жасашкан.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан бийлиги дааватчыларга, калыс мусулмандарга карата жалаа түрүндө “экстремизм” тамгасын жабыштырып, камакка алууну адатка айлантып барууда. Тилекке каршы, күч кызматкерлеринин отчет үчүн же кызматтан көтөрүлүү максатында ачкан кылмыш иштери жогорудагыдай эки жылга чейин созулуп, анын натыйжасында Эрлан сыяктуу ден-соолугунан ажыраган учурлар да арбын. А түгүл, коррупционер же “черный”лар сыяктуу “куса” турган каражаты болбогондуктан адилетсиз түрдө узак убакытка чейин абактарга камалып кетүүдө. Тилекке каршы, Кыргызстанда сүткордук, монополия, кумарпоздук ж.б.у.с. арты үзүлбөгөн арам амалдар гүлдөп өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткан бир учурда, Исламды үйрөтүү, жаман иштерден кайтарып, жакшы иштерге буйруу сыяктуу важиб амалдар кылмышка айланууда.
Андыктан, күч түзүмүндөгү буйрукту аткаруучуларга, аларга буйрук берүүчүлөргө эскертип өтөбүз. Пайгамбарыбыз сыпаттаган рувайбизалардан болуп калбагыла! Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в) айтты:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, ал жылдары рувайбиза сөз сүйлөйт. Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз: Жалпынын иши жөнүндө (сүйлөй турган) акмак кимсе» деп жооп берди.
Ошондой эле, тозок калкы болгон заалимдерден болуп калуудан этият болгула! Расулуллах (с.а.в) бул жөнүндө мындай дейт:
«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا: قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ…».
«Тозок калкынын эки түрү бар: ушундай бир коом, аларда уйдун куйруктары сыяктуу камчылар болот, аны менен адамдарды уруп-сабашат…».
Акылбек Аскаров




