«Халал» сөзүнө тыюу салуу көйгөйдү чечеби же кезектеги адилетсиздикпи?

«Халал» сөзүнө тыюу салуу көйгөйдү чечеби же кезектеги адилетсиздикпи?
Кыргызстандын Министрлер кабинети юридикалык жактардын фирмалык аталыштарында «халал» жана «адал» сөздөрүн колдонууга тыюу салган демилгени коомдук талкууга чыгарды. Мусулман өлкөсүндө мындай кадам керектөөчүлөр менен ишкерлердин укуктарын гана эмес, жарандардын тең укуктуулук жана басмырлоого жол бербөө принциптерин сактоого да кооп туудурат.
Кыргызстандын мусулман калкынын басымдуу бөлүгү үчүн «халал» жана «адал» түшүнүктөрү жөн гана диний терминдер эмес, күнүмдүк жашоодогу жүрүм-турумдун эң негизги багыттоочу критерийлери болуп саналат. Мусулмандар үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү «адал» жана «арам» көз карашы боюнча айырмалоо негизги мааниге ээ. Анткени, бул калктын күнүмдүк турмушунда улам жайылып жаткан шарият ченемдерин жана түпкү ишенимдерин кармануу менен түздөн-түз байланыштуу.
Андан тышкары, Кыргызстанда жана жалпы эле аймакта халал стандарттарына болгон суроо-талап туруктуу өсүүдө. Ал тамак-аш азыктарын гана эмес, каржы кызматтарын, туризмди, мейманкана тармагын, логистиканы, косметиканы, фармацевтиканы жана башка багыттарды да камтып барууда.
Мунун барын эске ала турган болсок, бул демилге Исламдын турмуштагы көрүнүштөрүнө каршы багытталган кескин күрөшүү чарасы катары көрүнүүдө. Ошону менен бирге, ал керектөөчүлөрдүн олуттуу бөлүгүнүн көптөгөн кызыкчылыктары менен муктаждыктарын көз жаздымда калтырууда.
Мамлекет халал индустриясынын бар экендигин мыйзам деңгээлинде тааныйт жана аны өзүнчө мыйзам аркылуу жөнгө салып турат. Андыктан, компаниялардын аталыштарында жалпыга белгилүү түшүнүктү колдонууга чектөө киргизүү, ички карама-каршылыкты жаратат.
Демилгени алдыга сүрүп жаткандардын айтымында, керектөөчүлөрдү адаштырып алуу коркунучу бар имиш. Бирок терминди кыянаттык менен колдонуу көйгөйүнүн өзү, кайсы бир компаниянын аталышындагы сөзгө тыюу салуу менен эле чечилип калбайт. Аталыш продукциянын сапатын өзгөртпөйт жана стандарттардын сакталышына кепилдик бере албайт. Эгерде уюм керектөөчүлөрдү алдаса, халал белгисин мыйзамсыз колдонсо, же сертификациялоо талаптарын бузса, анда ал дал ушул мыйзам бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылышы кажет.
Андан тышкары, мындай пикир тандалма мүнөзгө ээ болууда. Эгерде мамлекет аталыш керектөөчүлөрдү адаштырышы мүмкүн деп эсептесе, анда ушул сыяктуу эле чектөөлөр башка көптөгөн маркетингдик аталыштарга да жайылуусу шарт эле. Мисалы «табигый», «экологиялык», «элиталык», «премиум», «ишенимдүү», «элдик», «улуттук» жана башка көптөгөн сөздөр бар. Бирок мындай учурларда мамлекет адатта сөздөрдүн өзүнө тыюу салбастан, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндөгү мыйзамдардын механизмдери аркылуу берилген маалыматтын аныктыгын көзөмөлдөйт. Экономикалык чектөөлөрдү киргизүүгө негиз катары диний түзүмдөрдүн пикирине таянуу, андан да кем эмес талашты жаратат.
Диний уюмдар менен адистер диний түшүнүктөрдүн маңызын чечмелеп берүүгө укуктуу. Бирок ишкердик ишмердүүлүктү, атаандаштыкты, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана экономикалык саясатты жөнгө салуу маселелери, эң оболу, укуктук, экономикалык жана тармактык экспертизаны талап кылат.
Терминдин диний келип чыгышынын өзү эле, аны чарбалык ишмердүүлүктө колдонууну чектөө үчүн жетиштүү негиз болуп эсептелбейт. Жарандардын мыйзам алдындагы тең укуктуулугу маселеси да өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Формалдуу түрдө бул демилге белгилүү бир терминдерди колдонууга каршы багытталганы менен, анын иш жүзүндөгү кесепеттери негизинен мусулмандарга жана алардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган бизнеске таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу, “эмне үчүн өлкөнүн эң ири диний тобу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон түшүнүктөргө карата дал ушундай чектөөлөр киргизилип жатат, ал эми башка дүйнө караштагы, маданий же идеологиялык аталыштарга карата ушундай эле чектөөлөр колдонулбайт?” деген табигый суроо туулат.
Мындай ыкма, өзгөчө мусулмандарга карата багытталган бир басмырлоо аракети катары түшүнүлөт. Бул демилге диний негиздеги чектөөлөрдү ачык жарыялабаган болсо да, анын кесепеттери мусулмандардын өз ишенимдерине туура келген товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана бизнести эркин тандап, аныктоо укугун чектөө болуп эсептелет. Андан тышкары, бул тыюу салуу керектөөчүнүн товар тууралуу так жана түшүнүктүү маалымат алуу укугун чектейт.
Көптөгөн жарандар үчүн компаниянын аталышындагы «халал» сөзү уюмдун ишмердүүлүк багытын тез аныктоо үчүн маанилүү белги болуп эсептелет. Мындай белгини алып салуу рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатпайт, тескерисинче, тиешелүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү издөөнү татаалдаштырып коюшу ыктымал.
Сунушталып жаткан чаранын натыйжалуулугу да маанисиз. Бул сөздүн колдонулушуна юридикалык жактын расмий аталышында тыюу салынган күндө да, ал жарнамаларда, бренддерде, товардык белгилерде, кызмат көрсөтүүлөрдүн сүрөттөмөлөрүндө жана маркетингдик материалдарда мындан ары да колдонула бериши толук ыктымал. Демек, керектөөчүлөрдү адаштырып алуу коркунучу катары белгиленип жаткан көйгөй, иш жүзүндө улана берет.
Акыры, маселенин экономикалык кесепеттерин да эске алуу зарыл. Бүгүнкү күндө халал индустриясы аймакта гана эмес, жалпы дүйнөлүк экономикада да эң тез өнүгүп жаткан тармактардын бири болуп саналат. Кыргызстан халал продукциясын экспорттоону өнүктүрүүгө жана мусулман өлкөлөрүнүн рыноктору менен кызматташтыкты бекемдөөгө умтуларын бир нече ирет жар салып келген. Андыктан, өнөр жай тармагындагы негизги терминдерди колдонууга чектөөлөрдү киргизүү кадамын ата мекендик бизнеске жана эл аралык өнөктөштөргө карата эки жүздүү жана карама-каршылыктуу белги катары кабыл алса болот.
«Халал» терминин кыянаттык менен колдонууга каршы күрөшүү, негизинен алганда туура жана мыйзамдуу максат болуп саналат. Бирок компаниялардын аталыштарында бул сөздөргө тыюу салуу мусулмандардын кызыкчылыктарына карата кастык мамилени ачыктайт жана аша чапкан, туура эмес, ошондой эле натыйжалуулугу төмөн чара катары бааланат.
Ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн жалпы кабыл алынган аталыштарын колдонуу укуктарын чектебестен туруп, сертификациялоону, белги коюуну, жарнаманы жана сапат стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү алда канча туурараак чечим болмок.
Мусулмандар жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жан үрөп шайланган КР Жогорку Кеңешиндеги өкүлдөр, Исламдын турмуштагы көрүнүштөрүнө каршы багытталган, улам кайталанып жаткан мындай демилгелерди кескин түрдө четке кагышы керек. Бийлик колонизаторлордун буйругун кынтыксыз аткарып, мусулмандарга карата ар кандай чектөөлөрдү киргизүү менен өзүнүн кастык мамилесин бир нече ирет ачык көрсөткөн. Андыктан, мусулмандар үммөттүн муктаждыктарын кандырууда бийликтин абийирине жана аң-сезимине үмүттөнүп, ага таянбоосу керек. Алардын кол жайып дуба кылгандары, же тизилип намаз окугандары, алар Ислам ченемдерин аткарууга шашылып жаткандарын билдирбейт. Андыктан, мусулмандар эч качан бийлик өкүлдөрүнүн куу амалдарына алданып, үммөттүн коопсуздугун алардын колуна ташырып бербеши керек! Ал эми учурдагы бийлик өкүлдөрү капитализм системасын сокур сезим менен бекем карманып, аны менен курулай пайда табууну жана өз бийлигин сактап калууну көздөп жатышат.
Латыфул Расых




