Кыргызстан 1,7 млрд доллар кредит алат

Кыргызстан 1,7 млрд доллар кредит алат
Кыргызстан 2026-жылы жалпы 1 миллиард 700 миллион доллар өлчөмүндө кредит алат. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 16-июнда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 41,7%ын түзөт. Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Азия өнүктүрүү банкынын насыялары дароо эле түшүп калбайт. Бекитилгенден кийин 15-20 жылдап долбоордун каржылык өндүрүүсүнө карап келет”, – деди Аманбаев.
Белгилей кетсек, быйыл март айындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард долларды түзгөн. Анын 4,6 миллиарды ички, 5,2 миллиарды тышкы карыз.




