Роя гезити

Сиси режими жана ооздорду жабуу саясаты

Сиси режими жана ооздорду жабуу саясаты

Мисир режими Кинана элине каршы жүргүзүп жаткан куугунтуктоо саясаты дагы эле аяктаган жок. Кинана элинин өз акыйдасына жана үммөтүнө бекем байланышы күчтүү болгондуктан, аларга карата кысым да күчтүү болду. Адам Мисир башкаруучуларынын зулумдугунун айырмасын дээрлик ажырата албайт. Абдулнасир Кинана элине Садаттан, Мубарактан же Сисиден ырайымдуураак болгон эмес. Алардын баары Кинана элине каршы зомбулук көрсөтүүдө узун колго ээ болушкан. Чындыгында алар Американын Кинана элине каршы коё берген кутурган иттери болду.

Ал эми фараон Сисиге келсек, анын куугунтуктоосу жеке маселе же коопсуздук органдарынын чектен ашуусу эмес. Тескерисинче, ал ар түрдүү куралдар менен кайра-кайра ишке ашырылып келе жаткан системалуу саясаттын уландысы болуп саналат. Бул куралдардын катарына камакка алуу, узак мөөнөттүү тергөө абагында кармоо, мажбурлап дайынсыз жоготуу, өлкөдөн чыгууга тыюу салуу, мүлктөрдү тоңдуруу жана маалымат каражаттары аркылуу каралоо кирет.

Мунун мисалы катары режимдин жакында эле Хизб ут-Тахрир партиясынын жигиттерин куугунтукка алышын айтууга болот. Мисир вилаятындагы хизб үммөттү мубарак жер болгон Палестинадагы туугандарына нусрат берүүгө үндөп чыккан эле. Бул мубарак кампания Вашингтон менен Тель-Авивдин кыжырын келтирди. Ошондон соң алар Мисирдин фараонуна партиянын жигиттерине каршы зомбулук көрсөтүүнү буйрушту. Натыйжада алардын көбү камакка алынып, дайынсыз жоготулду. Алардын эч бири сотко да өткөрүлгөн жок. Андан да жаманы, аларга «такфирчилик» деген айып тагылды. Бирок алар дин жана ыйман ээлери болуп, жер жүзүндө Аллахтын шариятын толук өкүм жүргүзүүгө чакырып жана ошого аракет кылып жүргөн адамдар.

Режим бардык мыйзамдарды, каада-салттарды жана инсаний баалуулуктарды бузуу, анын ичинде өзүнүн мыйзамдарын тебелеп-тепсөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн, репрессиялык органдар 2026-жылдын 25-майында, дүйшөмбү күнү таңга маал, тынчтык тилектештик иш-чарасынан улам “Пикир туткундарын коргоо комитетинин үч жетекчисин камакка алды. Бул көрүнүш өзүн шарияттын өкүм жүргүзүлүшүнө чакыргандарды же жөн гана оппозиция өкүлдөрүн түрмөгө камоо менен эле чектелбестен, аларды коргогондорго да кысым көрсөткөн фараондук мамлекеттин табиятын кыскача чагылдырды.

Бул камакка алуу өзүнчө бир окуя эмес. Тескерисинче, ал дүйнөлүк басма сөз жана эл аралык укук коргоо уюмдары документтештирген узакка созулган саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Бирок бул уюмдар куугунтуктоочу режимдердин кылмыштарынын өтө аз гана бөлүгүн эскеришет жана коомдук пикирди адаштыруу үчүн алардын айрым гана мыйзам бузууларын көрсөтүшөт.

Ошол аз бөлүктүн бири катары Human Rights Watch өзүнүн 2026-жылдагы Мисир боюнча баяндамасында бийлик органдары башкача пикир билдиргендерди жазалоону улантып жатканын, журналисттерди, адам укуктарын коргоочуларды жана саясий оппозиция өкүлдөрүн бутага алганын белгилеген. Ошондой эле уюм көп жылдардан бери Мисир коомдук мейкиндикти көзөмөлдөө боюнча кеңири кампаниянын алкагында ондогон жаңылык жана укук коргоо сайттарын бөгөттөгөнүн документтештирип келет. Бул жөн гана көзөмөл саясаты эмес, адамдарга жеткен маалыматты толук калыптандыруу аракети болуп саналат.

Сисинин башкаруусунун эң коркунучтуу белгилеринин бири — ал Исламды жана мусулмандарды гана басынтып, коркутууну каалабастан, мындан да ары барып, каршы пикирлерди басууну жана маалыматты монополиялаштырууну көздөйт. Ошондуктан бийлик менен болгон күрөш эми башкаруу системасы, жалпы саясат, шайлоолор же бийликтин тынч жол менен алмашуусу тууралуу эмес, тескерисинче, вакыйлыкты аныктоо укугу кимге таандык экендиги тууралуу болуп калды.

Басма сөз жана укук коргоо баяндамаларында Мисир «такфирчилик», «жалган кабар таратуу», «террордук же мыйзамсыз уюмга кошулуу» сыяктуу бүдөмүк айыптарды колдонуп, режимди жана анын символдорун даңазалабаган ар кандай чакырыкты же пикирди кылмыш катары көрсөтөрү айтылган. Мындай айыптар даават көтөргөн адамга, журналистке, активистке, адвокатка же изилдөөчүгө карата колдонулушу мүмкүн. Эгерде бир башкаруу режими тилектештик иш-чарасынан кийин эле пикир туткундары менен алектенген комитетти камакка алууга чейин барса, анда мунун саясий мааниси абдан ачык болот. Бул — биринчи фараон: «Мен силердин эң жогорку теңириңермин» дегенде айткан билдирүүнүн өзү. Бул билдирүү комитеттин мүчөлөрүнө гана эмес, режимди өзгөртүү үчүн иш алып барууну ойлогон ар бир адамга, анын кылмыштарын документтештирүүнү каалагандарга, аларга каршы нааразылык билдиргендерге же анын курмандыктары менен тилектештик көрсөткөндөргө багытталган.

Мына ушул нерсе куугунтуктоону жөн гана камакка алуудан да катуураак кылат. Анткени ал коомдун бардык катмарларына коркунуч үрөнүн себет жана тилектештиктин өзүн кооптуу аймакка айландырат. А түгүл, тааныш-билиштикке жана колдоочулукка негизделген бул бузук мамлекетте кандай гана ортомчулук же тааныштык болбосун, режимге каршы чыккандарды коргой албай калат. Жада калса, эч бир таасирдүү же абройлуу адам кайсы бир оппозиционерди бошотуу үчүн ортомчу болууга да жарабайт. Анткени акыйкат ээси же мазлумга жардамчы болуу Сисинин “шариятында” эч кимге жана эч кандай учурда аттап өтүүгө болбой турган кызыл сызыктардын бири болуп саналат.

Сиси режиминин кылмыштары эми эч кимге жашыруун эмес. Кызыгы, жергиликтүү жана дүйнөлүк маалымат каражаттары Сиси режиминин негизги колдоочусу болгон эл аралык түзүмгө байланыштуу болгонуна карабастан, Мисирде болуп жаткан окуялардан улам алар да ыңгайсыз абалга келип, режимдин айрым мыйзам бузууларын чагылдырууга аргасыз болушту. Албетте, бул анын даават көтөргөндөргө жана мусулмандарга каршы жасаган мыйзам бузууларын чагылдырууну камтыган жок.

Көптөгөн баяндамаларда эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк агенттиктер Мисирди аймактагы басма сөз эркиндиги эң катуу басылган өлкөлөрдүн бири катары сүрөттөшкөн. Amnesty International 2020-жылдагы Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата баяндамасында журналисттик эркиндиктерге каршы күчөп жаткан кысымдын алкагында 37 журналист камакка алынганын белгилеп, муну маалыматты толук көзөмөлдөө атмосферасы менен байланыштырган.

Ошондой эле Reporters Without Borders Мисирди басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингдерде эң төмөнкү орундардын катарында калтырууну уланткан. Буга чектөөлөр, камакка алуулар жана маалымат каражаттарын бөгөттөө себеп болгон.

Ал эми Human Rights Watch 2017-жылы Мисир бийлиги ондогон тынч активисттерди камакка алып, маалымат сайттарын бөгөттөгөнүн билдирип, негизги эркиндиктерге каршы кысым өтө оор деңгээлге жеткенин белгилеген. Кийинчерээк башка баяндамалар да өлкөдөн чыгууга тыюу салуу жана мүлктөрдү тоңдуруу ар бир даават көтөрүүчүгө же оппозиционерге каршы колдонулган куугунтук куралдарына айланганын тастыкташкан.

Адамдардын арасында коркуу жана үрөй учурган атмосфераны жайылтууга негизделген мамлекет бардык өлчөмдөр боюнча ийгиликсиз мамлекет болуп саналат. Анткени бийлик жылдар жана ондогон жылдар бою камакка алууну, бөгөттөөнү жана куугунтуктоону улантканда, ал үндөрдү гана баспастан, бүтүндөй коомду кайра калыптандырат. Акыйкат менен нурдун дааватын көтөргөн адамдын же жазган макаласы үчүн камалган журналисттин, көз карашы үчүн өлкөдөн чыгууга тыюу салынган активисттин же укук коргоо иш-чарасына катышканы үчүн суракка чакырылган адвокаттын абалын көргөн мусулман бат эле аман калуунун жалгыз жолу унчукпай калуу экенин түшүнөт. Ошентип, көзөмөл коопсуздук чарасынан күнүмдүк жүрүм-турумга, саясий чечимден коомдук адатка жана жалпы атмосферага айланат.

Сиси саясатынын эң коркунучтуу жагы куугунтук чөйрөсүнүн кеңейишинде гана эмес, ошондой эле эл аралык түзүмдүн аны жана анын саясаттарын колдоп, жаап-жашырып турушунда. Бул мурда Башар Асадды жана үммөттүн мойнуна таңууланган башка тагуттарды колдоп келгендей эле көрүнүш.

Кинана жергесиндеги абал Иззуддин ибн Абдуссалам сыяктуу адамдын чыгышы менен гана өзгөрөт. Ал Сиси жана анын адамдарын кул базарында саткандай кылып, Кинана армиясындагы ихластуу адамдардын Хизб ут-Тахрир партиясына нусрат беришине жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө себепкер болушу керек.

Роя гезити

Устаз Саид Фадл

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button