Бидъатчынын риваяты кабыл алынбашы тууралуу

Бидъатчынын риваяты кабыл алынбашы тууралуу
Суроо:
Эмне үчүн биз бидъатчы-даъватчынын бардык риваяттарын четке кактык? Себеби риваятчыны кабыл алуу же четке кагууда негизги өлчөм – анын адилеттүүлүгү жана тактыгы (забт). Анда фиркага же тайпага даъват кылуунун буга кандай тиешеси бар? Андан тышкары, «Шахсия» китебинде (1-том, 330-бетте; кырг. 265-266-б.) мындай делет: «…себеби фиркага же мазхабга даъват кылуу мүмкүн эмес. А бирок, ал Исламга даъват кылса жана кабыл кылган пикирлерин далилдери менен баян кылган болсо, анын риваяты алынат, себеби, ал Исламга даъват кылып жаткан болот жана анын риваятына каршылык билдирилбейт». Бул төмөнкү суроолорду жаратат:
Исламга даъват кылуу менен фиркага же тайпага даъват кылуунун ортосунда кандай айырма бар? Исламий фиркалардагы нерселердин баары Исламий сакофаттын бир бөлүгү эмеспи?
Өз пикирлерине даъват кылгандар (шиа болобу, хавариж болобу же муътазила болобу) өздөрүнүн түшүнүгүн Исламдын туура түшүнүгү деп ишенишпейби?
«Мазхаб» дегенден эмне максат кылынат?
Жооп:
Көрүнүп тургандай, сизде айрым маселелер боюнча түшүнүксүздүк бар:
1. Ислам тарыхында пайда болгон исламий фиркалардын түзүлүшүнө көз жүгүртсөк, алар Расулуллах ﷺ доорунда болбогон бир же бир нече фаръий (тармактык) пикирлердин негизинде пайда болгонун көрөбүз. Алар ошол пикирлерге ишенип, аларга даъват кылышкан жана аларды колдоо үчүн далилдерди, белгилерди же шектүү жүйөлөрдү чогултууга бардык күчүн жумшашкан. Анан ошолорду өз пикирлерин бекемдей турган далил катары көрсөтүшкөн.
Мисалы, хавариждер тахким маселесинде көтөрүлүп чыгып, муну куфр деп эсептешкен. Натыйжада чоң күнөө кылган адамды такфир кылууга чейин барышкан. Бул алардын негизги маселесине айланган жана алар ошого даъват кылышкан.
Ошондой эле муътазилалар философияларды которуп үйрөнүшүп, адам өз амалдарын өзү жаратат деген түшүнүккө келишкен. Андан кийин ага Куран жаратылган деген пикирди кошушкан. Бул алардын негизги маселесине айланган жана алар ошого даъват кылышкан. Ушундайча уланган.
Вакыйлыктар алардын ушул фаръий пикирлерине даъват кылуу учурунда таьвилге барышканын далилдейт. Өздөрүнүн негизги маселесине айланган пикирди далилдөө үчүн жүйөлөрдү келтирүүдөн тартынышкан эмес. Ал тургай таьвилдин эч кандай негизи болбосо да, далил келтирүүдөгү этиятсыздыгы ачык көрүнүп турса да ушундай кылышкан. Ошондуктан алардын риваяттарынын сахихтигине шек жаралган. Бул жөн гана теориялык маселе эмес, аны вакыйлыктардын өзү тастыктаган көрүнүш. Ошондой эле кийин ошол фиркаларды таштап кеткен айрым адамдардан жеткен маалыматтар да муну ырастайт. Ибн Хажар «Лисанул-Мизан» китебинде мындай деген:
«Эгер бидъатчы өз бидъатына даъват кылуучу болсо, анда анын бидъатын колдой турган нерселерди риваят кылууга түрткү болгон себеп болот».
Хавариждерден болгон бир шейх тообо кылгандан кийин мындай дегени да риваят кылынган:
«Бул хадистер дин болуп саналат. Ошондуктан диниңерди кимден алып жатканыңарга карагыла. Анткени биз бир ишти жактырып калсак, аны хадис кылып жиберчү элек…».
Ошондуктан биз «Шахсия» китебинин биринчи бөлүгүнүн 342–343-беттеринде (кырг. 264-б.) төмөнкүлөрдү айтканбыз:
«Фитналар заманынан кийин жаңы райларды кабыл кылган исламий фиркалар пайда болушту. Бул фиркалардын өкүлдөрү өздөрү кабыл кылган бул райларды исламий райларга айландыруу үчүн «шаръий нусустардан алганбыз» деп айтышты, алардын кээ бирлери хужжат таба албай калышканда жана ойлогон райына нусустардан эч кандай шаръий далил таба албаган кезде, аны кубаттоо үчүн хадис токуп, аны Расулулла (с.а.в)га нисбат беришти. Алардын айрымдары өзүнүн фиркасына даъват кылуу, үгүттөө же өзүнүн райына чакыруу үчүн бул фирканы жакшы көрсөтө турган хадисти токууга үндөдү…».
Ошого карабастан, бул фиркалардын риваяттары кабыл алынбаса да, пикирлери исламий сакофаттын бир бөлүгү болуп эсептелет, анткени сакофат бир нерсе, риваят болсо башка нерсе.
2. Ал эми Исламга даъват кылууга келсек:
Бул Исламды мамлекетте, турмушта жана коомдо колдонууга даъват кылуу болуп саналат. Ага өзүнүн фикраты жана тарикаты менен, шаръий далилдердин негизинде даъват кылынат.
Даъваттагы негизги маселе Исламдын өзү болуп саналат. Ал фиркалардагыдай, Расулуллах ﷺ доорунда болбогон тармактык пикирлер болбойт.
Исламга даъват кылуудагы уюшуу да башка бардык нерселерден өзүнчө бөлүнүп чыккан фаръий пикирдин айланасында эмес, Исламдын айланасында болот.
Ушул маанидеги Исламга даъват кылуучулар, ижтихаддары ар түрдүү болсо да, эгер адилеттүүлүк шарты толук табылса, алардын ортосундагы ижтихад айырмачылыгы риваяттарынын кабыл алынышына тоскоол болбойт.
3. Ал эми «мазхаб» дегенден максат:
Мужтахиддердин арасында шаръий өкүмдөрдө ижтихад кылгандар да, шаръий өкүмдөрдү истинбат кылуу тарикатында ижтихад кылгандар да болот. Айрым мазхабдардагыдай өзүнө таандык өзгөчө тарикатты түзгөн болобу, же сахабалар доорундагы мужтахиддер сыяктуу өкүмдөрдү истинбат кылууда белгилүү бир түшүнүү тарикаты боюнча табигый түрдө жүргөн болобу – айырмасы жок. Ошондой эле ал ижтихад тарикатынын негиздөөчүсү болобу же ижтихад тарикатында башка бир мужтахидди таклид кылып, бирок өкүмдөрдө ижтихад кылып, ал тарикаттын негиздөөчүсүн өкүмдөрдө таклид кылбаган болобу – айырмасы жок.
Ушундай мужтахиддер ар түрдүү шаръий өкүмдөрдө ошол тарикат боюнча ижтихад кылышат. Алар өз ижтихаддары менен таанылып, алардын ижтихаддарына ишенген адамдар аларды таклид кылышат. Натыйжада мазхаб калыптанат.
Менин оюмча, бул маселе ачык-айкын болуп калды жана мазхаб тууралуу кайра суроо берүүнү талап кылбайт.
09.07.2010-ж.




