Роя гезити

Американын Иран менен түшүнүшүү меморандумуна кол коюусунан тарткан жоготуулары

Американын Иран менен түшүнүшүү меморандумуна кол коюусунан тарткан жоготуулары

Америка президенти Трамп 2026-жылдын 11-июнунда мындай деди: «Бүгүн Иран менен болгон согушту аяктадык. Алар өзөктүк куралга ээ болбоого макул болушту. Бул негизги максат болуп саналат жана маселенин 95%ын түзөт».

Бул сөздөрүн ал «Иран менен согуш боюнча мыкты мунасага жетиштик, келишимге кол коюлгандан кийин Ормуз кысыгы расмий түрдө ачылат, бул жакын арада, балким Европада аптанын башында болушу мүмкүн. Кол коюу аземинде Американын атынан вице-президентим катышышы мүмкүн» деп жарыялагандан бир нече саат өткөн соң айтты.

Ал эми Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаий өз өлкөсү «Америка менен келишимге кол коюу боюнча акыркы чечимди азырынча кабыл албагандыгын жана сүйлөшүү текстинин чоң бөлүгү даяр болгонун» билдирди.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын болгон «Тасним» агенттиги болсо мындай деп комментарий берди: «Трамп акыркы эки ай ичинде Иран менен келишимге жакындап калганын 38 жолу жарыялады. Тегерандын расмий позициясы жарыяланганга чейин анын билдирүүлөрүнө этият мамиле кылуу керек».

Бул билдирүүлөр Трамптын күчтүү сокку урууну айтып коркутууларынан кийин жасалды. Анткени ал туруксуз позициялары менен белгилүү. Ага окшогон өзүнүн кадыр-баркын, өзүнө жана өлкөсүнүн позициясына болгон ишенимди жоготкон президент дээрлик болгон эмес. Ал өз администрациясын да башаламандыкка салат, анткени алар анын артынан туруктуу позицияны билдире алышпайт.

Негизи кайсы гана мамлекеттин президенти болбосун маселелердин өнүгүшү, сүйлөшүүлөр, аскерий жана саясий аракеттер тууралуу күн сайын же ар бир саат сайын билдирүү жасап турбайт. Тескерисинче, иштер кандай нукта аяктары такталган соң гана расмий позиция билдирилет.

«Аксиос» америкалык сайты 2026-жылдын 12-июнунда америкалык бир аткаминерге таянып, макулдашуунун пункттары төмөнкүлөрдү камтый турганын билдирди: «Ок атышууну токтотуу режимин 60 күнгө узартуу, буга Ливан да кирет; ушул мөөнөт ичинде өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо; Ормуз кысыгын эч кандай төлөмсүз дароо ачуу; 30 күндүн ичинде жүк ташуу кыймылын согушка чейинки деңгээлге кайтаруу; Американын Иранга карата блокадасын алып салуу; Ирандын өзөктүк куралга ээ болбоо милдеттенмесин кепилдөө; БУУ инспекторлорунун көзөмөлү астында Ирандын ичинде уран байытуунун деңгээлин төмөндөтүү; Иранга 60 күн бою мунай экспорттоого мүмкүндүк бере турган санкциялардан убактылуу бошотууларды берүү; Тегеран жакшы ниетин көрсөтсө, санкцияларды акырындап жеңилдетүү. Ошондой эле Вашингтон Ирандын каражаттарын гуманитардык товарларды сатып алуу үчүн бөлүп-бөлүп бошотууга басым жасоодо».

Бул пункттарга караганда, Америка өз максатына жетти деп эсептелбейт. Кол коюла турган документ да акыркы келишим эмес, болгону түшүнүшүү меморандуму болуп саналат. Трамп Иранды өзөктүк куралга ээ кылбоо менен мактанганы да анын жетишкендиги эмес. Анткени Иран дагы эле негиздөөчүсү Хомейнинин өзөктүк куралга ээ болууну арам деп эсептеген фатвасын карманып келет. Ормуз кысыгы да мурда эле ачык болчу. Бирок Трамптын агрессиясынан кийин Иран анын үстүнөн көзөмөл жүргүзө баштады. Ошондуктан ал жетишпеген жеңишти жетишкендей көрсөтүүгө аракет кылып жатат жана согуштагы негизги максаты болгон Иранды өзүнө көз каранды мамлекетке айландыруу максатынан көңүлдү башка жакка бурууда. Натыйжада эки тараптын ортосунда ажырым пайда болду.

Трамп согушка кайтып келүүдөн көрө келишимге кол коюуга көбүрөөк кызыкдар. Ал дайыма согуш жана катуу соккулар менен коркутканына карабастан, бул Иранды келишимге көндүрүү үчүн колдонулган басым көрсөтүү ыкмасы болуп саналат. Натыйжада ал чегинүүгө барып, түшүнүшүү меморандумуна кол коюуга макул болду. Бул Американын ийгиликсиздигинин далили болуп эсептелет.

Андан кийин акыркы келишимге жетишүү үчүн сүйлөшүүлөр башталат. Бул эки айдын ичинде болушу мүмкүн, бирок процесс созулуп кетиши да ыктымал. Балким ушул мөөнөттө жыйынтык чыкпай калышы же өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Анткени сүйлөшүүлөрдө ар кандай пикир алмашуулар, талаш-тартыштар жана орток чечимдерди издөө процесси жүрөт.

Бирок Трамп өзү кирип алган оор абалдан чыгууну каалайт. Анткени ал негизги максатына жете алган жок жана Американын көңүлү Иранга эле топтолуп калбашын көздөйт. Себеби ал Американы Иран маселеси менен алек кылып койду жана Кытай сыяктуу башка маанилүү маселелерге көңүл бура албай калды.

Ал Кытайга барганда да Иран маселеси менен алек болуп, Кытайды Иранга басым көрсөтүүгө үндөгөн. Бирок Кытай анын үмүтүн актаган жок. Ошондой эле ал Кытай менен байланышкан башка орчундуу маселелерге көңүл бура алган жок. Алардын эң негизгилери – Американы коркунучка салган континенттер аралык өзөктүк бомбаларды алып жүрүүчү ракеталарды жана башка куралдарды өнүктүрүүнү чектөө маселеси, ошондой эле Кытайдын пайдасына ооп турган соода балансы баш болгон экономикалык маселелер. Мындан тышкары, Орусия жана анын Украинадагы согушу, ошондой эле Орусияны жана анын Кытай менен болгон мамилесин камтыган келишимдер маселеси да бар. Ошондой эле Европа маселеси, анын Гренландия аралын өзүнө каратып алуу аракети жана Канадага көзөмөл орнотуу аракети да күн тартибинде турат.

Трамп, сыягы, Панама менен Венесуэлада жетишкендей эле, Иранга каршы чечүүчү жеңишке жетип, ал жактагы максаттарын ишке ашырууну каалаган. Муну менен ал аталган башка маселелер боюнча да өз позициясын бекемдеп, көздөгөн максаттарына жетүү жеңил болот деп ойлогон. Бирок анын эсебинде Ирандын туруштук бериши жана Венесуэла менен Панамадай болуп багынып берип, көз каранды мамлекетке айланып калбашы жок эле. Ошондой эле ал өлкөлөрдө Орусия менен Кытайдын активдүүлүгүнө сокку урууга жетишкендей эле ийгиликке жетем деп ойлогон.

Аны Газадагы согушту токтотуу боюнча келишим түзүүгө жетишкендиги да жаңылтты. Ал өзүн яхудий түзүмүнө таасир эте алган дүйнөдөгү жалгыз адам катары көрдү. Ошондой эле Египет, Түркия, Пакистан, Индонезия, Саудия, Катар, БАЭ, Бахрейн жана башка өлкөлөрдүн ар-намыссыз башкаруучуларынан турган Газа боюнча тынчтык кеңешин түзүүнү да чоң ийгилик катары баалады.

Ушунун баарын чоң жеңиш катары эсептеп, ал 2026-жылдын 28-февралында Иранга каршы аракетке өтүп, максатына бир нече күндүн ичинде жетем деп ойлогон. Бирок Ирандын бекем каршылыгына туш болду. Натыйжада Иран маселеси анын баш оорусуна айланды. Ал бул маселени мүмкүн болушунча тезирээк чечип, башка маселелерге өтүүнү каалайт. Ошондой эле бул көйгөй өзүнүн жана өлкөсүнүн алсыздыгынын белгисине айланып калуусунан, алдыдагы ноябрь айындагы Конгресстин орто мөөнөттүү шайлоолорунда партиясынын жеңилүүсүнө себеп болуусунан жана эки жылдан кийин өтө турган президенттик шайлоодо республикалык талапкердин утулушуна жол ачылышынан кооптонууда.

Мындан тышкары, Трамптын алдында Обаманын келишиминен жакшыраак келишимге жетишүү деген дагы бир түйшүгү бар. Бирок көрүнүп тургандай, анын келишими Обаманын келишиминен да төмөн болуп калууда.

Ирандын түздөн-түз кол коюу үчүн делегация жөнөтүүдөн баш тартуусу Трампка урулган дагы бир сокку болду. Кол коюу электрондук түрдө жүргүзүлөт. Анткени Иран өз өкүлдөрүнүн келишимден кийин Америка делегациясы менен кол алышып жатканын көрсөтүүнү каалабайт. Себеби ал америкалыктарды өзүнө каршы агрессия жасап, жетекчисин жана башка ири инсандарын өлтүргөн душман катары эсептейт. Ошондуктан алар менен элдешип, алардын алдында кор болгон абалда көрүнгүсү келбейт.

Трамп келишимге 2026-жылдын 14-июнунда кол коюлуусуна өзгөчө кызыкдар. Анткени бул күн анын сексен жылдык туулган күнүнө туура келет. Иран болсо анын буга болгон кызыгуусун жакшы түшүнөт. Ошондуктан тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдиргенине карабастан, кол коюу дал ушул күнү болорун ырастаган жок. Ал Трампты кубанткысы келбейт жана муну менен андан өч алууну же кошумча жеңилдиктерди алууну көздөйт.

Анын кызматчысы болгон Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф болсо: «Кол коюу 24 сааттын ичинде ишке ашат. Вашингтон менен Тегеран макул болушту. Пакистан электрондук кол коюу аземине даярданууда», – деп билдирди.

Ушундан улам Американын чыныгы жүзү көрүнүүдө. Кимде-ким анын алдында бекем туруп, ал кандай гана куралдарды колдонбосун жана кандай гана зыяндарды келтирбесин багынбаса, аны жеңе алат.

Бул адамдарды кыймылга келип, аймактагы америкалык аскер базаларын жабууну талап кылууга шыктандырышы керек. Ошондо анын аскерий катышуусу токтотулуп, саясий таасирин жоюуга жол ачылат. Бул болсо анын ар-намысы жок кызматчыларын кулатууга жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө өбөлгө түзөт. Ал Халифалык мурда Рим императорлорунун текебердигин талкалаганы сыяктуу, бүгүнкү президенттин текебердигин жана өз пикирине болгон суктануусун талкалайт.

Роя гезити

Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button