Кабар

Кыргызстан Кытайдан дагы 1 миллиард юань кредит алат

Кыргызстан Кытайдан дагы 1 миллиард юань кредит алат

«Элдик Банк» Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен 1 миллиард юань өлчөмүндөгү жаңы кредиттик келишимге кол койгонун жарыялады. Расмий маалыматта бул каражат чакан жана орто бизнести колдоого, инфраструктураны, өнөр жайды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталары айтылууда. Бирок бул үлкөн келишимге байланыштуу бир катар суроолор бар.

Эң негизги маселе — насыянын шарттары ачык жарыяланган жок. Каражат кандай пайыздык чен менен берилет? Кайсы мөөнөткө алынат? Кандай кепилдиктер каралган? Насыя өз убагында кайтарылбай калса, тобокелчиликти ким көтөрөт?

Мындан тышкары, сөз 1 миллиард юань гана тууралуу болуп жаткан жок. Расмий маалыматка ылайык, жакын арада банкка караштуу «Элдик Лизинг» жана «Скай Мобайл» компаниялары үчүн дагы 700 миллион юань бөлүү боюнча өзүнчө келишимге кол коюу пландалууда. Демек, жалпысынан дээрлик 1,7 миллиард юань өлчөмүндөгү каржылоо жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок мындай ири көлөмдөгү каражат кандай тартипте бөлүштүрүлөрү жана кандай сарпталары тууралуу маалымат айтылган жок.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button