Кабар

Бишкекте суу тарифтери дээрлик 50 пайызга кымбаттады

Бишкекте суу тарифтери дээрлик 50 пайызга кымбаттады

Бишкек шаардык кеңеши кезектеги жыйынында калк үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарынын жаңы тарифтерин бекитти. Кабыл алынган чечимге ылайык, шаар тургундары бир кубометр ичүүчү суу үчүн төлөм 15,73 сомду, ал эми канализация кызматы үчүн 6,80 сомду түзөт.

Буга чейин шаар тургундары бир кубометр суу үчүн 10,45 сом, ал эми канализация үчүн 3,45 сом төлөп келишкен. Демек, жаңы тарифтер күчүнө киргенден кийин суу менен камсыздоо кызматы болжол менен 50 пайызга, ал эми канализация кызматы дээрлик эки эсеге жакын кымбаттайт.

Шаардык кеңеш бекиткен токтомдо ошондой эле суу менен камсыздоо, суу чыгаруу кызматтарына карата жогорулатылган коэффициенттер жана көп кабаттуу үйлөрдүн ички инженердик тармактарын техникалык тейлөөнүн тарифтери да каралган.

Тарифтердин жогорулашы Бишкек шаарындагы миңдеген үй-бүлөлөрдүн ай сайын коммуналдык чыгымдары көбөйүшүнө алып келет. Өзгөчө кирешеси төмөн жарандар үчүн бул кошумча финансылык жүк болушу талашсыз.

Азырынча шаар бийлиги тарифтердин жогорулашынан түшкөн каражат кайсы иштерге жумшалары, суу түтүктөрүн жаңылоо, аварияларды азайтуу же кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча кандай конкреттүү милдеттенмелер аткарылары тууралуу кеңири маалымат бере элек.

Коммуналдык кызматтардын баасынын өсүшү борбор калаада жашоонун чыгымын дагы бир жолу көбөйтүп, шаар тургундарынын бюджетине кошумча басым жаратууда.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button