Макала

“75чилер”дин соту: бийлик үчүн соодалашуу

“75чилер”дин соту: бийлик үчүн соодалашуу

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча өкүм чыкты. Судья Азирет Медеров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жыл пробациялык жаза берилди. Калган фигуранттарга да ушундай эле жаза бекитилди. Баарынын тең мүлкү мамлекетке алынды.

Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов өкүмгө макул эмес экенин айтып, кийинки соттук инстанцияга арызданарын билдирди.

Белгилүү болгондой, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Көп өтпөй, Зулушев баштаган бир катар депутаттар мандатын тапшырган.

Мунун алдында Ташиевдин дагы бир санаалашы экс депутат Кундуз Сулайманов үй камагына чыгарылганы маалым болгон. Мындан көрүнүп тургандай, учурдагы бийлик Ташиевдин саясий салмагын эске алуу менен шайлоо жакындап калгандыктан, саясий чечим кабыл алып, соодалашууга барды. Анткени, шайлоо астында Ташиевдин командасына катаал жаза берүү өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизмек. Балким, анын колундагы компраматтардын коомчулукка чыгышына жана президенттин саясий таасири солгундашына салым кошмок.

Муну менен катар Жапаров алдыдагы шайлоодо атаандаш фигуранын чыгышын алдын алып, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартууга жол ачып жатат. Ташиев жана анын айланасындагы адамдарга кылмыш ишинин козголушу аларды шайлоо астындагы саясий процесстерден алыстатып, колу буту тушалган абалга алып келет. Анткени, райондук соттун чечими акыркы өкүм эмес. Балким, бул узак убакытка, президенттик шайлоого чейин созула турган процесстин башталышы.

Демек, жогорудагы окуялардан кыргыз калкы сабак алышы керек. Мындай саясий чечимдер өлкө демократиялык түзүмдү кабыл алгандан бери уланып келе жаткан көрүнүш. Өлкөдөгү коррупциялык аракеттер, оор кылмыштар жана калктын жонунан кайыш тилген аткаминерлердин аракеттери саясий сооданын куралы болуп калууда. Ал эми, карапайым калк салыктардын көбөйүшү, анын жаңы түрлөрүнүн киргизилиши, электр энергиясы, ысык суу жана муздак суу сыяктуу негизги муктаждыктагы кызматтардын тарифтери кымбаттоосу, негизги керектөөчү товарлардын баасынын кескин өсүшү жана ижара акылардын асман чапчыган баалары менен бетме-бет ташталууда. Ал эми, калктын жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла турган кен байлыктарыбыз инвестор деген аталышта чет элдиктердин, айрыкча кытайлардын талап-тоноосуна дуушар болуп жатат.

Расмий бийлик болсо чыныгы көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна дааватчы мусулман үй-бүлөлөрдү куугунтуктоо, маски шоуларды уюштуруу аркылуу коомдун көңүлүн экстремизм жана терроризм темаларына бурууга аракет кылып жатат.

Демек, Кыргызстандагы негизги көйгөй бийлик же өлкө башчыларын алмаштырууда эмес. Маселе, аймактагы колонизатор күчтөр бийликтин алмашуусун өз кызыкчылыктарына пайдаланып, буга калктын алданып калуусунда. Андыктан, биз мусулмандар, кайсы бир бийликтин же саясий чөйрөнүн алмашуусуна алданбастан, Ислам негизинде биригип, Ислам идеологиясын көтөрүп чыгуу менен гана бул белгисиздикке чекит коё алабыз. Анткени, Ислам Кыргызстандагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бириктирүүчү күчкө ээ. Ислам гана бүгүнкү саясий боштукту толтуруп, коомубузга бакубат жашоону тартуулай алат. Мындан башка сунушталып жаткан жолдордун баары убактылуу же колонизаторлордун айла-амалдары болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button