Судандагы абал жана Эль-Убейд шаарынын курчоого алынышы

Судандагы абал жана Эль-Убейд шаарынын курчоого алынышы
Ыкчам колдоо күчтөрү Эль-Убейд шаарын учкучсуз учактар аркылуу аткылоосун улантып жатат. Натыйжада ондогон адамдар курман болуп, жарандык объектилер талкаланды. Бул согуш талаасындагы абалдын олуттуу өзгөргөнүн көрсөттү. Ушундай шартта Британия жана Европанын дагы алты мамлекети шейшемби күнү Эль-Убейд шаарына каршы жүргүзүлүп жаткан зомбулук аракеттерин токтотууга чакырышты. Анткени шаар Ыкчам колдоо күчтөрү тарабынан курчоого алынган. Бул тууралуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Ошондой эле Норвегия тарабынан Судандагы мыкаачылыктардын алдын алуу жана адилеттүүлүккө жетишүү боюнча коалициянын атынан жарыяланган эл аралык билдирүүдө Эль-Убейд шаарында кеңири масштабдагы мыкаачылыктар болуп кетүү коркунучу бар экени эскертилди. Бул коалициянын курамына Британия, Франция, Германия, Нидерланд, Ирландия жана Канада кирет жана аны 21 мамлекет колдойт.
Билдирүүдө Судан армиясына жана Ыкчам колдоо күчтөрүнө жарандарды коргоо жана гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыз кылуу үчүн эң күчтүү басым көрсөтүү талап кылынды. Ошондой эле Норвегиянын Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги элчиси Турмуд Индрисен Эль-Убейд шаарындагы болжол менен 500 миң жай тургунга, алардын ичинде 100 миңден ашуун жер которгон адамга жакын арада коркунуч туулуп жатканын эскертип, алардын кеңири масштабдагы мыйзам бузууларга жана мыкаачылыктарга кабылышы мүмкүн экенин билдирди.
Ошол эле учурда Вашингтон да Эль-Убейд шаарында жакын арада массалык мыкаачылыктар болуп кетиши мүмкүн экенин эскертти. 2026-жылдын 22-июнунда АКШнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Томас Пигот «Ыкчам колдоо күчтөрү жана алар менен союздаш күчтөр тарабынан Эль-Убейд шаарынын айланасында мыкаачылыктарды жасоо коркунучу» деген аталыштагы билдирүү жарыялады. Анда мындай деп айтылат:
«АКШ Ыкчам колдоо күчтөрү жана алар менен союздаш күчтөр Эль-Убейд шаарынын айланасына өз күчтөрүн топтоп жатканы тууралуу маалыматтарга олуттуу тынчсызданууда. Бул жай тургундарга каршы зомбулук аракеттеринин, анын ичинде жарандык объектилерге кол салуулардын коркунучун кыйла күчөтүп, Эль-Убейд шаарында жана жалпы Кордофан аймагында жаңжалды күчөтүүдө».
Ал дагы мындай деди:
«Ыкчам колдоо күчтөрү жана алар менен союздаш күчтөр жай тургундардын өмүрүнө коркунуч жараткан, гуманитардык жардамдын жеткирилишине тоскоол болгон же дагы көп мыкаачылыктардын жасалышына жана азап-тозоктун күчөшүнө алып келген бардык аракеттерди токтотууга тийиш… Америка согушуп жаткан тараптарды гуманитардык жардамдын коопсуз, ыкчам жана тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылууга, жай тургундарды коргоо боюнча өз жоопкерчиликтерин аткарууга жана мындан аркы мыкаачылыктардын алдын алуу үчүн токтоосуз чараларды көрүүгө чакырат».
Ал сөзүн мындайча жыйынтыктады:
«Бул жаңжалдын аскерий чечими жок. Согушуп жаткан тараптар эч кандай алдын ала шарт койбостон сүйлөшүү жолу менен келишимге жетишүүгө аракет кылышы керек. Ал келишим зордук-зомбулукту токтотуп, Судан элинин эбегейсиз азап-тозогун жоюуга багытталышы зарыл. Америка эл аралык өнөктөштөрү жана Судандын тиешелүү тараптары менен биргеликте гуманитардык элдешүүгө жетишүү жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылуу үчүн ишин улантат».
Эль-Убейд шаары — Түндүк Кордофан вилаятынын борбору болуп, “Кумдардын келинчеги” деп аталат. Ал армия жана аны колдогон күчтөр үчүн маанилүү аскердик жана логистикалык борбор болуп саналат. Себеби анда Жөө аскерлердин 5-дивизиясынын командачылыгы жайгашкан. Ошондой эле ал Түндүк, Батыш жана Түштүк Кордофан менен Дарфур тарапка созулган аскердик операцияларды координациялоо жана башкаруу үчүн алдыңкы борбор катары колдонулат.
Эль-Убейд Судандын эң байыркы жана соода алакалары менен географиялык жактан эң маанилүү шаарларынын бири. Ал Батыш Судандын чок ортосунда, стратегиялык жерде жайгашкандыктан транспорт жана соода үчүн өтө маанилүү борбор болуп эсептелет. Бул шаарда темир жолдор, республикалык автоунаа жолдору жана байыркы кербен жолдору кесилишет. Ошондой эле ал Дарфур аймагын Хартум менен байланыштырган негизги жолдун үстүндө жайгашкандыктан өлкөнүн транспорт тармагындагы негизги түйүн болуп саналат. Мындан тышкары, шаарда соода жана жарандык каттамдарды тейлеген аэропорт да бар. Мына ушунун баары аны Ыкчам колдоо күчтөрүнүн негизги бутасына айландырды.
2026-жылдын 19-июну, жума күнү, Судан куралдуу күчтөрү менен Ыкчам колдоо күчтөрү Эль-Убейд шаарынын айланасына аскерлерин топтоону улантышты. Ошол эле учурда катуу салгылашуулар катары менен экинчи жумага созулду. Ыкчам колдоо күчтөрү шаарды үч тарабынан курчоого алып, аны абадан жана артиллериядан тынымсыз чабуул жасап жатат. Байкоочулардын пикиринде, ушул факторлордун баары акыркы айларда шаарга карата аскердик басымдын күчөшүн түшүндүрөт.
Армия шаар кулап калуу ыктымалдыгын төмөн баалап, Эль-Убейд дагы эле өз көзөмөлүндө экенин билдирүүдө. Ал эми Ыкчам колдоо күчтөрүнө тиешелүү маалымат булактары жүздөгөн жоокерлер менен офицерлер коңшу шаарларга чегинип кеткенин жана качканын билдиришти.
Көптөгөн аскердик баалоолорго ылайык, учурда Кордофанда жүрүп жаткан салгылашуулардын жыйынтыгы жалпы Судандагы согуштун багытын аныкташы мүмкүн. Аскердик адистердин айтымында, Фашир шаары Дарфурдун ачкычы болгон сыяктуу, Эль-Убейд шаары да Кордофандын ачкычы болуп саналат. Анткени бул шаарды көзөмөлгө алуу Батыш Судан менен Борбордук Судандын ортосундагы кыймыл жолдорун көзөмөлдөөдө чоң артыкчылык берет.
Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу жана жергиликтүү мамлекеттер менен уюмдар шаардагы гуманитардык абалдын өтө оор болуп баратканы тууралуу эскертишти. Себеби азык-түлүк жана дары-дармек тартыштыгы күчөп, шаардын кеңири аймактары негизги кызматтардан, электр энергиясы жана суу менен камсыздоодон ажырап калды. Мунун натыйжасында жүз миңдеген тургундар коңшу аймактарга жер которууга аргасыз болушту. Бирок ал жерлердеги гуманитардык жана коопсуздук абалы да шаар ичиндеги оор кырдаалдан анча айырмаланбайт.
Кооптонуулар күчөп жатканына карабастан, Судан армиясынын мурдагы Башкы штабынын башчысы генерал Хашим Абдулмутталиб Эль-Убейд шаары Ыкчам колдоо күчтөрүнүн колуна өтүп кетиши мүмкүн деген божомолду четке какты. Анын айтымында, акыркы чабуулдардын негизги максаты шаарды жакын арада басып алуу эмес, тескерисинче, Судан армиясына басым жасап, анын Дарфур аймагындагы аскердик операцияларын үзгүлтүккө учуратуу болуп саналат.
Америка Европанын таасирин сүрүп чыгаруу үчүн тутанткан бул согушта Европанын, айрыкча Британиянын ыкмасы эми ачык көрүнүп калды. Европа эки тараптын тең мыйзам бузууларын кеңири көрсөтүп, конференцияларды өткөрүп, айыптоо билдирүүлөрүн таратып, Судан элине боор ооруп жаткандай түр көрсөтүүдө. Бирок ал бир гана өз таасирин кайра калыбына келтирүүнү көздөп жатат. Судан элинин баары кырылып кетсе да, бул аны кызыктырбайт.
Ал эми Америка болсо армия жетекчилерин жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчилерин Судан элине каршы мыкаачылыктарды улантууга шыктандырып, согушту аскердик чечимсиз улантууга үндөп келет. «Бул согуштун аскердик чечими жок» деген сөздөр Байдендин мезгилинен бери Американын бардык саясатчыларынын оозунан түшпөй калды. Бул болсо эки тарапка тең мыкаачылыктарды улантууга берилген жашыл жарык сыяктуу. Анткени Америка Судандагы саясий талаанын европалык саясатчылардан жана аскер адамдарынан толук тазаланганына ишенүүнү, Суданды мүмкүн болушунча алсыратууну жана бардык тараптарды, атүгүл борбордук күчтөрдү да Судандын кан тамырларын кесүүгө тартууну каалайт. Бул максатка согушту мүмкүн болушунча узартуу аркылуу гана жетүүгө болот.
Судан Америка менен Британиянын эл аралык тирешинен көп азап тартты. Алар бул маанисиз согуштун Судан элине алып келген оор кесепеттерине таптакыр көңүл бурушкан жок. Бул таң калычтуу эмес. Бирок таң калычтуусу — өлкө элинин өз башкаруучуларынын колдоосу менен өз өлкөсүнө каршы уюштурулуп жаткан кутумдарга унчукпай турушу.
Ошондуктан колонизатор мамлекеттердин тамырын кыркып, алардын Судандан жана жалпы мусулмандардын бардык жерлеринен колун үзүү үчүн аракет кылуу зарыл. Бул болсо адамдарды Ислам менен башкарган жана ушул күнөөкөр, бузук колдорду үзгөн мусулмандардын халифасына Аллахтын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү негизинде байат берүү аркылуу гана ишке ашат.
Роя гезити
Устаз Абдулхалик Абдун Али




