Хазарат (цивилизация)

Хазарат (цивилизация)
17-18-кылымдарда Батышта жашоого болгон жаңы көз караш пайда болду, анын мазмуну мындай эле: Бул жашоодон мурунку жана кийинки нерсе маанилүү эмес, дин турмуштан ажыратылышы керек, бул жердин кожоюну адам баласы, ал эркин төрөлөт жана анын эркиндиги кепилдениши керек. Ал өзү каалагандай жашоого укуктуу.
Бул жаңы көз караштын негизинде коом жаңы бир жашоо калыбына салынды, мамлекет жана анын аппараттары курулду, анын артынан материалдык өнүгүү жүз берди. Кийин алар өзүнүн жаңы идеологиясына даъват кылып баштады. Аны жайылтып мусулмандарга пикирий сакофий чабуулдарды башташты. Бул согуш жаңы сөздөр жана терминдер аркылуу коштолду.
Анткени, алардын жалгыз гана атаандашы бар эле, ал Ислам. Исламдын дагы өзүнүн жашоого болгон көз карашы, ишеними, жашоо түзүмдөрү, мыйзамдары, өлчөөлөрү бар эле. Ал бүтүндөй Батыштын жаңы идеологиясына карама–каршы келген.
Алар өнүгүү, эркиндик, цивилизация, маданият, демократия, улутчулдук, мекенчилдик ж.б.у.с. сөздөр жана терминдер менен асмандан жааган октой эле чабуул кылышты. Ал эми мусулмандар аларга жеткен пикирий алсыздыктын себебинен бул сөздөрдүн түпкү маанилерин аңдап жетишпеди, алардын маанилерин эски сөздүктөрдө издеп баштады. Батыш болсо бул сөздөргө өзүнүн көз карашына дал келген ылайыктуу маанилерди киргизип үлгүргөн эле. Аларды мусулман коомчулугуна ар кандай ыкмалар менен жаюуда күчүн аяган жок.
Алар чабуул кылган терминдердин бирөөсү цивилизация (хазарат) жана культура (маданият) сөзү.
Алгач Батышта Цивилизация термини тоолордо, токойлордо көчмөн жашоонун каршысында шаарларда айылдарда отурукташкан, өнүгүп жаткан тартиптүү, стабилдүү жашоо деген мааниде колдонушкан. Бул маани ушундай сөз менен Батыш жазуучуларында 3 кылымдай колдонулду. Кийин бул сөздүн мааниси барып отуруп экономикасы өнүккөн жашоо шарттары жакшы коомдорго колдонулуп баштады. Анын тескериси катары шаарда же айылда болсо дагы өнүгө элек, артта калган коомдор айтылып калды. Андан кийин бул термин башкачараак өңүттө колдонула баштады. Европалыктар жалаң гана өздөрүн жана өздөрүнүн жетишкендиктерин цивилизация деп эсептеп, башкалардын баарын артта калган, караңгы коомдор деп карап баштады. Алардын кербенине кошулгандар цивилизацияга жеткен болуп, эргешпегендер артта калган караңгылар болуп кала берди. Бул маани кийин ташталып, жазуучулар адабияттарында китептеринде башка мааниге өттү. Ошентип, цивилизация башкалардан айырмаланып турган жашоо образы бар коомдорго карата айтылып баштады. Мисалы, Батыш цивилизациясы, Ислам цивилизациясы, Байыркы Египет цивилизациясы, Индия цивилизация ж.б.
Башында күнүмдүк жашоо тиричилигинде колдонула турчу материалдык формадагы каражаттарга карата жана башкасында дагы колдонулуп жаткан цивилизация сөзү кийин материалдык нерселерден айырмаланды жана экөөнө эки башка термин берилди. Материалдык каражаттарга карата маданият сөзү колдонулуп, ал эми жашоо образына тиешелүү түшүнүк, пикирлерге хазарат (цивилизация) сөзү колдонула баштады.
Батыш чоочун цивилизацияларга каршы турган мусулмандарга, силер унааларга, учкучтурга, поездге, каршысыңарбы? Силер эмне өнүгүүгө каршысыңарбы? Силер жапайылыкты караңгылыкты жактайсынарбы? деп кайрыла баштады. Муну менен алар өзүнүн жашоо образын кошо киргизмекчи болушту.
Жашоо образ – бул жашоого болгон көз караш, ишеним, жашоонун маңызы менен бактылуулук жөнүндөгү түшүнүктөр, өлчөөлөр жана жашоо түзүмдөрү, мунун бардыгы жеке адамдын, коомдун, мамлекеттин жашоо образын калыптандырат. Мына ушул турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрдүн топтому цивилизация деп аталат.
Ал эми маданият бул материалдык формалар болуп, ал адамдын жашоо образына таасир этпейт, эч бир мусулман Германиянын унаасын минсе батыш адамы болуп кетпейт, ошондой эле эч бир европалык адам кыргыздын атын минсе же калпагын кийсе кыргыз болуп калбайт. Компьютер, сыналгы, интернет, курулуштар жана технологиялар мунун баары турушунда материалдык формалар болуп, ал нейтралдуу, эч бир жакка таандык эмес жана адамга кандай жашашты үйрөтө албайт.
Компьтер жана интернет аркылуу бузукулук жайып, элдерди адаштырып, адамдарга жалаа жабып жана башка арам иштерди кылса дагы болот, ошондой эле аны менен адамдарды Исламга даъват кылып, жамандыктан кайтарып жакшылыкка чакырса дагы болот, бул нерселерди биз материалдык нерселердин өзүнөн албайбыз, ал бизге эмне кылышты көрсөтүп бере албайт.
Маданият экиге бөлүнөт: жеке маданият жана жалпы маданият. Жеке маданият цивилизацияга байланышы бар маданият. Мисалы, айкелдер, кресттин сүрөтү бар кийимдер, авраттары ачылган уят сүрөттөр же кинолор, кумар оюндар, мас кыла турчу ичимдиктердин түрү ж.б.у.с. Мындан башкасынын баары жалпы маданиятка кирет. Анткени ал жашоого болгон көз карашка тиешелүү болбогон, балким жалпы адамзатка тиешелүү нерселер. Бул жерде айырмалоо керек болгон нерсе ушул, жалпы маданият, «нерселердеги асыл-негиз мубахтык» деген шарьий эрежеге ылайык болуп, аны алуу мүмкүн. Ал эми, хос маданиятты, цивилизацияларды алуу таптакыр мүмкүн эмес.
Бул жерде мындай суроо туулушу мүмкүн: Материалдык каражаттардын келип чыгышында цивилизациянын салымы бар го, кантип биз маданиятты хазараттан ажыратып салабыз, акыры азыркы Батыштын жеткен материалдык жетишкендиктерине анын цивилизациясы себеп болгон эмеспи?
Буга жооп мындай: Хазарат – адамды материалдык өндүрүшкө түртүүсү табигый нерсе. Батыш цивилизациясы материалдык көз караш менен карайт, анын назарында жашоонун маңызы пайда (манфъат), бактылуулук болсо дене жыргалчылыктарына көбүрөөк малынуу. Бул көз караш адамды жыргалчылык нерселерин адамга комфорт бере турган, жашоосун жеңилдете турган өндүрүшкө түртүүсү табигый. Бирок бул Батыштан башка цивилизациялар өндүрүшкө үңдөбөйт дегени эмес. Ислам дагы, тарыхка карасак, өндүрүшкө түрткөн хазаратка ээ. Ал адамды өндүрүштөн тыйбайт, балким ага үндөйт жана ага ниетине жараша акыретте чоң сыйлык бар экенин убада кылат. Мамлекет дагы саясатында, саясат бул үммөттүн ички жана тышкы иштерин камкордук менен башкаруу деген этибарда буга чоң маани берет. Анткени бул нерселер камкордукка жардам берет, иштерди жеңилдетет.
Биз мусулмандар, бизге кандай өмүр сүрүштү, кантип жакшы менен жаманды айырмалашты, кантип элге кам көрүп саясат кылышты, кандай мыйзамдар менен башкарууну, кантип иштерди өлчөөнү, кантип бактылуу жашоону билүүдө Батышка дагы Чыгышка дагы муктаж эмеспиз. Аллах Таала айтат:
أَلَيْسَ اللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُ ۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِالَّذِينَ مِنْ دُونِهِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ
«Аллах Өз пендесине жетиштүү эмес бекен? Алар сени Андан башка нерселер менен коркутушат. Аллах кимди адаштырса, ага жол көрсөтүүчү болбойт» (39:36).
Биз жалгыз Аллах Таала гана жаратуучу кудай, жалгыз Аллах гана өзү пенделердин иштерин тартиптештирип, мыйзам берүүгө акылуу, ал Зат гана адал-арамды белгилеп берет деп ыйман келтирбедик беле? Бизге Аллах Таала эч кемчилиги жок, толук жашоо түзүмүн түшүрүп койбоду беле?
الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا
«Бүгүн силер үчүн диниңерди толук кылдым, силерге болгон нээматымды толуктап бүтүрдүм жана силер үчүн Исламды дин катары ыраазы болдум» (5:3).
Биз жашоого тиешелүү түшүнүктөрүбүздү Исламдан башка жерден алуудан этият болушубуз керек. Исламдан башкасына ыраазы болбошубуз керек. Азыр бүткүл адамзат дуушар болуп жаткан проблемалар, экономикалык, саясий кризистер, байлык үчүн гана болуп жаткан согуштар, кыргындар, мунун баарынын себеби материалдык нерселерден башка эч нерсени көрө албаган, адамзатка пайданы жашоонун маңызы кылып көрсөтүп берген, адамдардын проблемаларын чечимсиз калтырып, Жаратуучу менен болгон байланышын үзүп салган капитализм түзүмү үстөмдүк кылып жатканынан улам болуп жатат.
Аллах Таала айтты:
وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكً
«Ал эми ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, албетте, машакаттуу оор турмуш болот» (20:124)
Биз кайра Исламды турмушта колдоно турган, анын өкүмдөрү менен бизге камкордук кыла турган, аны даъват жана жихад менен ааламга көтөрүп чыга турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана бул дүйнөдө кордуктан чыгып азиз турмуш өткөрөбүз. Акыретте болсо кор кыла турчу азаптан кутулуп кеңдиги асман менен жердей болгон түбөлүктүү бейишке татыктуу болобуз!
Сакофат бөлүмү


