Асим Мунирдин башка мамлекеттердин «улуу болушун» камсыздоого багытталган катаал саясаты

Асим Мунирдин башка мамлекеттердин «улуу болушун» камсыздоого багытталган катаал саясаты
Пакистан менен Ооганстан кайрадан кеңири масштабдагы согуштун босогосуна келип калды. Бул Кытай кеңири даңазалап келген ок атышууну токтотуу келишимине доо кетирүүдө. Пакистан көптөн бери Ооганстанды өз аймагында Талибан кыймылынын жана Пакистанга каршы чабуулдарды уюштурган түзүмдөрдүн өкүлдөрүн баш калкалоодо деп айыптап келет. Бирок Талибан өкмөтү бул дооматтарды кескин четке кагууда. Өз кезегинде Кабул Исламабадды негизсиз аскерий операцияларды жүргүзүп, алардын кесепетинен оогандык жай тургундар каза болуп жатат деп айыптайт. Ал эми Пакистан өзүн актап, куралчан топторду гана бутага алып жатканын билдирүүдө. Бирок коркунуч чек арадагы кагылышуулар менен гана чектелбейт. Себеби Исламабад Американын көзөмөлү алдында өзүн Иран, Египет, Түркия жана Булуң өлкөлөрү менен байланышкан, ошондой эле Евразияны кеңири камтыган жаңы аймактык коопсуздук түзүмүнүн негизги тиректеринин бири катары жайгаштырууга аракет кылууда. Мындай амбициялар болсо ишенимдүүлүктү, туруктуу чек араларды жана коңшу мамлекеттер менен бекем мамилелерди талап кылат, ал эми батыш чек арадагы туруксуздук буга каршы келет.
Акыркы чыңалуу маанилүү бир суроону жаратат: Пакистан коңшулары менен болгон мамилелерин саясий жол менен башкара алуу жөндөмүн жоготуп, окуялардын жүрүшүн мажбурлоо, ишенимсиздик жана геосаясий атаандаштык аркылуу аныктап калган жокпу?
Бул начарлоонун чоң бөлүгү генерал Асим Мунирдин жетекчилиги мезгилинде болду. Ал 2022-жылдын ноябрында армиянын башчысы Камар Жавед Бажванын ордун ээлегенден бери Ооганстанга карата коопсуздукту биринчи орунга койгон саясатты күчөттү. Ооган качкындарын массалык түрдө депортациялоо, узундугу 2670 чакырым болгон Дюранд сызыгы боюнча чек ара көзөмөлүн күчөтүү жана Пакистандагы Талибан кыймылынын түзүмдөрүнө каршы кайра-кайра жүргүзүлгөн аскерий операциялар дипломатиялык-саясий чечимдерге караганда күч колдонууга артыкчылык берилгенин көрсөтүп турат.
Мунирдин коопсуздукка негизделген мамилеси батыштагы коңшу менен гана чектелбейт. 2025-жылдын май айында Пакистан өз аймагындагы негизсиз чабуулдардын фонунда Индия менен согушка кирип, салттуу атаандашы үстүнөн абада үстөмдүк кыла алды. Натыйжада Индия Америкадан ок атышууну токтотууга ортомчулук кылууну суранды.
Бул кыйыр жеңиш Трампка Американын Иранга каршы согуштагы ийгиликсиздигин жаңы аймактык коопсуздук жана экономикалык түзүм аркылуу саясий ийгиликке айландырууда Мунирге чоңураак рол берүүгө түрткү болду. Мындай түзүм Америкага Жакынкы Чыгыштагы таасирин сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.
Пакистан ушул эле коопсуздук логикасын өлкө ичинде да колдонду. Белужистан менен Хайбер-Пахтунхвада, ошондой эле акыркы убактарда Пакистан башкарган Кашмирде коопсуздук операциялары күчөтүлдү. Бул көйгөйлөр азыркы аскердик жетекчиликтин тушунда башталган эмес. Бирок Пакистан бийлигинин оппозицияга карата барган сайын күч колдонуу менен жооп кайтарышы бар болгон нааразычылыктарды чечүүнүн ордуна аларды дагы да күчөттү.
Пакистан Мунирдин доорунда өзүнүн ички атаандаштарын басуу үчүн күч колдонуп жатканы мамлекеттин күчтөнгөнүн билдирбейт. Тескерисинче, бул мамлекеттин өз жарандарынын көзүндөгү легитимдүүлүгү эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүн көрсөтөт. Ушундай эле маанай азыр чек аранын аркы бетиндеги Кабулда да үстөмдүк кылууда. Бир кезде Пакистан үчүн стратегиялык тереңдик болуп эсептелген Ооганстан бүгүн өч алуу маанайы менен ага каршы бурулуп калды.
Бул өнүгүүлөр Пакистандын душмандарынын да, аны колдогондордун да көңүлүнөн сырт калган жок. Индия «Улуу Бхарат» долбоорунун алкагында Ооганстан менен болгон мамилелерин дагы да күчөттү. Ал Кабул менен Исламабаддын ортосундагы карама-каршылыктарды тереңдетүүнү гана эмес, Ооганстандын аймагын пайдаланып, Пакистандын Белужистанга, Хайбер-Пахтунхвага жана өзү башкарган Кашмирге болгон көзөмөлүн алсыратууну да көздөйт. Индия Пакистанга катуу алсыраган, кайрадан «Эне Индияга» кошулушу керек болгон, баш ийген аймак катары карайт.
Пакистанды бөлүп-жарууга кызыкдар дагы бир тарап бар, ал яхудий түзүмү. Ал Пакистанды Жакынкы Чыгыштагы өзүнүн аймактык амбицияларына олуттуу коркунуч катары көрөт жана Пакистандын күчү Индия экөөнүн тең жашоосуна коркунуч туудурат деген тынчсызданууда жашайт.
Ал эми Россия Ооганстандагы Талибан өкмөтүн расмий түрдө таанып, жакында аны менен аскерий өнөктөштүк келишимин түздү. Ал өзүнүн түштүк чек араларынан исламий куралдуу топторду алыстатып, Борбор Азия мамлекеттериндеги үстөмдүгүн сактап калууну жана Борбор Азиядан тартып Украинанын чыгышына чейин созулган «Улуу Россиянын» кандайдыр бир формасын кайра калыбына келтирүүнү көздөйт. Ошондой эле Россия Мунирдин Америка үстөмдүгүн сактап калууга кызмат кылган Жакынкы Чыгыштагы жаңы коопсуздук түзүмүн түзүү аракеттерине катуу каршы чыгууда.
Вашингтон болсо Мунирдин Трампка Иран боюнча саясий жеңиш алып бере турган тынчтык келишимин түзүү аракеттерин ачык колдоп, Ооганстандын аймагынан Пакистандын коопсуздук күчтөрүнө каршы жасалган чек ара ара чабуулдарын айыптады. Бирок Вашингтон менен Мунирдин ортосундагы саясий мамиле убактылуу кызыкчылыкка негизделген. Американын узак мөөнөттүү кызыкчылыгына ылайык, Пакистан аймактык деңгээлде пайдалуу өнөктөш бойдон калышы керек, бирок «Улуу Индияга» же яхудий түзүмүнүн амбицияларына коркунуч жарата турган күчкө айланбашы керек. Ыңгайлуу учур келгенде Америка Кытайга каршы Индияны күчөтүү жана Азия-Тынч океан аймагындагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн алсыз Пакистанды курмандыкка чалышы мүмкүн.
Кытай, сыягы, Пакистан мамлекетинин коопсуздугуна жана узак мөөнөттүү сакталып калышына чыныгы стратегиялык кызыкчылыгы бар жалгыз ири держава болуп саналат. Анткени Пакистандын туруктуулугу жана кубаттуулугу «Бир алкак – бир жол» демилгесин, айрыкча бул демилгенин негизги долбоору болгон Кытай–Пакистан экономикалык коридорун коргоо үчүн өтө маанилүү.
Экономикадан тышкары, Кытай Пакистанды Ооганстандан Чыгыш Түркстан аймагына экстремизмдин жайылышына каршы маанилүү тосмо жана Индиянын күчөп бараткан таасирине каршы стратегиялык тең салмак катары карайт. Ошондуктан Кытайдын Пакистанды колдоосу сезимдерге же эки тараптуу мамилелердин бекемдигине эмес, өзүнүн узак мөөнөттүү геосаясий кызыкчылыктарына негизделген күчтөрдүн тең салмагына байланыштуу реалдуу эсептерге таянат.
Мунир ички жана тышкы саясатта коопсуздукту биринчи орунга койгон мамилесин өзү үчүн туруктуу улуулуктун негизи деп эсептеши мүмкүн. Бирок вакыйлык көрсөткөндөй, анын катаал саясаты Пакистандын эсебинен башка мамлекеттердин улуу болушуна гана жол ачып берди.
Анын ордуна ал ички саясатты чебер башкаруу менен бирге чет өлкөлүк күчтөрдү аймактан алыстаткан селжуктар, газнавийлер жана моголдордун, андан кийин келген ооган башкаруучуларынын жолун карманса, бул аймакта Исламдын улуулугун камсыз кылууга көбүрөөк кызмат кылмак.
Роя гезити
Устаз Абдул Мажид Бахати




