Америка–Марокко 2026–2036-жылдарга карата коргонуу боюнча жол картасынын максаты – Мароккону америкалык колонизаторлукту коргоочу базага айлантуу!

Америка–Марокко 2026–2036-жылдарга карата коргонуу боюнча жол картасынын максаты – Мароккону америкалык колонизаторлукту коргоочу базага айлантуу!
Марокконун 2027-финансылык жылга карата коргонуу бюджетине ыйгарым укук берүү боюнча мыйзам долбоорлорунун топтомуна S.4784 номерлүү жаңы америкалык мыйзам долбоору киргизилди. Анын мазмуну Вашингтондун 2026–2036-жылдар аралыгында Рабат менен коопсуздук келишимин тереңдетүү үчүн комплекстүү стратегиялык алкак түзүүгө багыт алганын ачыктады. Мыйзам долбоорунда бул «Америка–Марокко коргонуу кызматташтыгынын жол картасы» деп аталган. Буга чейин, 2026-жылдын 16-апрелинде Вашингтондо Трамп администрациясы Марокко менен «Аскерий кызматташтыктын жол картасы» деген аталыштагы коргонуу келишимине кол коюп, анын мөөнөтүн 2036-жылга чейин белгилеген эле.
Апрель келишими Американын Мароккого байланыштуу стратегиялык коопсуздук көз карашынын жалпы багытын белгилеп берген болсо, азыркы мыйзам долбоорунун максаты – бул көз карашты Америка үчүн узак мөөнөттүү юридикалык коопсуздук милдеттенмесине айлантуу болуп саналат. Ошондой эле, ал апрель келишиминде толук жарыяланбаган жагдайларды да ачып берет. Ал мыйзам долбоору аркылуу Мароккону Батыш Жер Ортолук деңизинде, Сахел аймагында жана Африканын ички бөлүгүндө Американын гегемониясы менен колонизаторлугунун таяныч платформасына айландырууга негиз салынууда. Бул төмөнкүдөй практикалык чаралар аркылуу ишке ашырылмакчы:
– Аймактык туруктуулукту чыңдоо жана кризистерге биргелешип жооп берүү даярдыгын жогорулатуу деген жүйө менен Марокконун ичинде коопсуздук объектилерин түзүү.
– «Терроризмге» (Исламга) каршы күрөш жана Америкага, Мароккого жана аймакка багытталган коркунучтарга каршы туруу жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу.
– Мурда Америка пайдаланган стратегиялык аба тилкелерин (1950-жылдардагы аба базаларын: Сиди Сулейман, Бен Жарир жана Ан-Науасир) кайра калыбына келтирүү үчүн чыгымдарды бөлүшүү механизмин кабыл алуу. Ошондой эле америкалык коргонуу жабдууларын сатып алуу жана көп тармактуу машыгуу жана сыноо комплексин түзүү аркылуу Марокконун куралдуу күчтөрүн модернизациялоону колдоо.
– Эки тараптуу жана көп тараптуу аскерий машыгуулардын көлөмүн жана масштабын кеңейтүү. Буга «Африка арстаны» сыяктуу машыгуулар кирет. Бул киберкоопсуздук, учкучсуз учуучу аппараттар боюнча операциялар, аларга каршы туруу мүмкүнчүлүктөрү, суу алдындагы технологиялар, гибриддик согуштарга каршы аракеттенүү, стратегиялык маанидеги инфраструктураларды, камсыздоо чынжырларын жана аскердик кыймылды коргоо тармактарын камтууга шарт түзөт.
– Эки өлкөнүн келечектеги кызматташтыгы ошондой эле заманбап согуштардын мүнөзү өзгөрүп, өнүккөн коргонуу технологияларына таянуу күчөп жаткан шартта, аскерий тармакта жасалма интеллектти жана автономдуу мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга байланыштуу өнүгүүлөрдү да эске алат.
Демек, мыйзам долбоору да, келишим да мурдагы келишимдердин жөн гана техникалык уландысы эмес. Тескерисинче, бул Американын гегемониясы үчүн өтө маанилүү стратегиялык шартта түзүлгөн жаңы америкалык стратегиялык коопсуздук алкагы болуп саналат. Анын максаты — өзгөчө геостратегиялык жайгашуусуна байланыштуу Мароккону Батыш Жер Ортолук деңизиндеги Американын стратегиялык коопсуздук түзүмүнүн бир бөлүгүнө айлантуу. Анткени Марокко үч ири жана стратегиялык жактан маанилүү аймактын т.а. Атлантика, Жер Ортолук деңизи жана Африканын кесилишинде жайгашып, логистика, аскерий кыймыл, соода жана энергетика үчүн өтө маанилүү болгон Гибралтар кысыгынын түштүк дарбазасын көзөмөлдөйт. Бирок Марокконун коопсуздук алкагы жана стратегиялык функциясы геостратегиялык жайгашуу менен гана чектелбейт. Америка аны Батыш Ислам аймагында өзүнүн гегемониясын бекемдөөчү жана исламий долбоорго каршы туруучу база жана таяныч платформага айландырууну көздөйт. Ошондой эле аны Гибралтар кысыгы аркылуу Европанын түндүк Жер Ортолук деңиз аймагына таасир этүү жана көзөмөл жүргүзүү дарбазасы, ошондой эле Сахель аймагында жана Африканын ички бөлүгүндө өзүнүн колонизаторлук таасирин башкаруучу борбор катары пайдаланууну максат кылат.
Ирак менен Ооганстандагы мурдагы кымбат баага түшкөн ийгиликсиздиктер Американы өзүнүн стратегиялык доктринасын кайра түзүүгө мажбур кылды. Түздөн-түз басып алуу жана ири аскерий базалар аркылуу үстөмдүк кылуунун ордуна, ал эми жаңы үлгүдөгү гегемонияга өттү. Бул модел аймактык жайгашуу түйүндөрүнө жана жергиликтүү малай режимдерге таянат. Алар Американын коопсуздук, стратегиялык жана чалгындоо таасиринин уландысы болуп кызмат кылат, ошол эле учурда америкалык гегемониянын чыгымдарын жана жүгүн дал ушул режимдер көтөрөт. Иран менен болгон согуш жана Американын туңгуюкка кептелиши анын коопсуздук маселесин дагы күчөтүп, америкалык колдоо жана токтотуп туруу системасынын алкагында аймактык таянычтарга болгон стратегиялык муктаждыкты арттырды.
Марокко жана анын малай режими Американын бул муктаждыгын өзүнүн өзгөчө географиялык жайгашуусу жана стратегиялык ресурстары аркылуу камсыздайт. Аларга Сахел аймагында жана Африкада тарыхый жана цивилизациялык тереңдик, Европанын түндүк Жер Ортолук деңиз аймагына чыгуу мүмкүнчүлүгү, Исламга каршы согушка толук катышуу, уюшкан жана согуштук тажрыйбасы бар армия, чалгындоо органдары жана бул тармактагы тажрыйба, Вашингтон менен жогорку деңгээлдеги байланыш жана терең коопсуздук координациясы, стратегиялык кен байлыктар жана шахталар, коопсуздук базалары жана таяныч пункттары, порттор, аэропорттор жана ар түрдүү рельефтер кирет. Мунун баары Америкага үч континенттин ортосундагы соода, энергетика, аскердик жайылуу, логистикалык камсыздоо, ошондой эле чалгындоо жана кибер мейкиндигин, анын ичинде маанилүү Ислам аймагынын географиясын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Демек, «Америка–Марокко коргонуу кызматташтыгынын жол картасы» жөнүндөгү мыйзам долбоору — Американын Мароккону Батыш Жер Ортолук деңизиндеги өзүнүн коопсуздук платформасына жана стратегиялык базасына айландыруу планы болуп саналат. Мунун максаты — удаа кризистерден кийин өзүнүн гегемониясын колдоо жана стратегиялык тереңдигин кеңейтүү. Батыш Сахараны Марокконуку деп таануу тузагы жана Мароккодогу башкаруунун алсыздыгы менен саясий боштук да бул планды ишке ашырууга жардам берген фактор болду.
Бул саясий көз карандылыктын башаты катары стратегиялык көз карандылык менен баш ийүүнүн үрөөнүн себүүгө багытталган Американын планы. Ал план Мароккодогу бийликтин негизги тиреги болгон армияга жөн гана кирип барууну эмес, андан да арыны көздөйт. Башкача айтканда, армияны өзүнүн коопсуздук түзүмүнө интеграциялоо аркылуу анын аскерий акыйдасын, уюштуруу түзүмүн, стратегиялык пландоосун, курал-жарагын, ресурстарын жана коопсуздук органдарын толук көзөмөлгө алып, башкарууну максат кылат. Бул болсо америкалык командачылык системалары аркылуу байланыштарды жана координацияны кеңейтүү жана күчөтүү, алардын аскерий акыйдасы менен коопсуздук философиясына ылайык иш алып баруу, ошондой эле америкалык технологияларга жана курал-жарактарга барган сайын көбүрөөк таянуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Марокко Африкада америкалык курал-жаракты эң көп импорттоочу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Буга Falcon жана F-16 учактары, ошондой эле алардын тетиктери, ок-дарылары жана жаңыртуулары кирет.
Мындан да кооптуусу – Американын операциялык системаларды жана тактикалык техникалык маалыматтарды өз көзөмөлүндө кармап турушу. Буга кошумча катары коопсуздук жана чалгындоо тармагындагы байланыштар америкалык өнүккөн технологияларга (радарлар, ар кыл согуштук тармактарды байланыштыруучу Link-16 системалары жана жасалма интеллект технологиялары) көз каранды болуп, алардын бардыгын операцияларды башкаруу протоколун көзөмөлдөө аркылуу жалаң америкалык командачылык көзөмөлдөйт. Андан соң америкалык башкаруу платформаларына көз каранды учкучсуз учуучу аппараттар келет. Андан кийин америкалык командачылыктын көзөмөлү астында үзгүлтүксүз өткөрүлүүчү кеңири масштабдагы машыгуулар жана аскерий машыгуулар жүргүзүлөт. Алар бутага алынган армиянын аскерий акыйдасын кайра калыптандырып, анын философиясын, коопсуздуктагы максатын жана милдетин кайра аныктайт, ошондой эле коркунуч, душман жана дос түшүнүктөрүн кайрадан аныктап берет. Мына ушул жерде аскерий акыйданы басып алуу жана аны башка акыйда менен алмаштыруу ишке ашат. Натыйжада бийликтин негизги тиреги болгон армия өзүнүн акыйдасы, түзүмдөрү, курал-жарагы, пландоосу жана аткаруусу жагынан америкалык командачылыктын башкаруусуна өтөт. Ошентип, коопсуздук жана согуш тууралуу чечимдер Америкага көз каранды болуп, армия Американын туткунуна айланат. Бул абал акыр аягында өзүнүн акыркы максатына б.а. америкалык колонизаторго саясий көз карандылыкка жеткенге чейин уланат.
Мына ушул чыккынчы жана абройсуз режимдер бизге алып келген натыйжа. Алар өлкөлөрүбүздү, байлыктарыбызды, өзгөчө геостратегиялык жайгашуубузду жана зор армияларыбызды каапыр Батыштын кызматына иштеген куралга айландырып, аны өзүбүзгө жана өлкөлөрүбүзгө каршы балээге айландырышты!
Роя гезити
Устаз Мунажи Мухаммад




