Улуу Британиянын премьер-министри Стармердин кызматтан кетиши – британ көйгөйүбү же хазарий кризиспи?

Улуу Британиянын премьер-министри Стармердин кызматтан кетиши – британ көйгөйүбү же хазарий кризиспи?
Бүгүн Батыштын кризиси жетекчилик кризиси эмес, идеологиялык кризис болуп саналат. Батыштын ири борборлорунда жетекчилердин улам алмашып, өкмөттөрдүн бат-баттан өзгөрүп жатышы – заманбап батыш түзүмү курулган фикрий жана хазарий пайдубалды каптаган терең оорунун сыртка көрүнгөн белгиси гана.
Лондондон Берлинге, Парижден Вашингтонго чейин дээрлик бирдей көрүнүш кайталанууда: бир жетекчи өзгөртүү жана куткаруу убадалары менен бийликке келет. Бирок көп өтпөй эле өзүнөн мурдагы жетекчи туш болгон ошол эле кризистердин курчоосунда калат. Натыйжада анын эл арасындагы кадыр-баркы бат эле төмөндөп, ордун мурдагылардын убадасын кайталаган жаңы жетекчиге бошотот. Акырында ал да мурункулардай эле тагдырга туш болот.
Немис басылмалары Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин кызматтан кетишине байланыштуу Британия Европа Биримдигинен чыккандан бери жетекчилер менен өкмөттөрдүн алмашуусунун айлампасына түшүп калганын, ошондой эле өкмөт башчыларынын тез-тез алмашуусу Германияда да, Британияда да көйгөйлөргө ылайыктуу чечим алып келбей жатканын белгилешти. («Аль-Жазира», 24.06.2026).
Демек, маселе эми адамдардын кетирген каталарында эмес, топтолгон кризистерге туруктуу чечимдерди чыгара албай жаткан саясий түзүмдүн алсыздыгында болуп калды. Ушул эле жагдайда Владимир Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев, азыркы саясат өзгөрүүсүз улана берсе, Германиянын канцлери Фридрих Мерц Стармерден кийинки кезекке турушу мүмкүн экенин билдирген. («Анадолу», 22.06.2026).
Бул билдирүүгө жана анын саясий жүйөлөрүнө болгон көз караш кандай болбосун, ал бүгүн көзгө даана көрүнүп турган бир чындыкты чагылдырат: Батыштагы жетекчилердин бийликте калуу мөөнөтү мурда болуп көрбөгөндөй кыскарып, алардын элдин ишенимин сактап калуу жөндөмү мурдагыдан да алсыз болуп калды.
Франция 2024-жылдын өзүндө эле төрт премьер-министрди алмаштырганы андан да көңүл бурарлык жагдай болуп саналат. Алар: Габриэль Атталь, андан кийин Мишель Барнье, андан соң Франсуа Байру. Барньенин өкмөтү ишеним көрсөтпөө добушунун натыйжасында кулап, парламенттеги бөлүнүү саясий туруксуздук абалын жаратты.
Ал эми Америкада Трамптын айланасындагы үзгүлтүксүз талаш-тартыштар, анын саясий сахнага көтөрүлүшү, кайра артка чегиниши жана кайрадан алдыңкы планга чыгышы маселе жөн гана республикачылар менен демократтардын атаандаштыгында эмес экенин көрсөтөт.
Социалдык тармактардагы билдирүүлөргө жана маалымат каражаттарында көп көрүнүүгө берилген нарцисс президент Америка коомундагы түзүмдүк көйгөйлөргө түпкү чечим сунуштай алган жок. Ал болгону экономикалык, социалдык жана сакофий жактан абалы начарлап баратат деп эсептеген америкалыктардын кеңири катмарынын нааразычылыгын гана күчөттү. Натыйжада Америкадагы шайлоолор келечектеги долбоорлордун атаандаштыгынан көрө, элдин нааразычылыгынын деңгээлин кайра-кайра өлчөгөн референдумдарга айланып калды.
Бул ыдыроонун символдук көрүнүшү 2021-жылдын башындагы АКШ Конгрессинин имаратына кирип баруу окуяларында байкалды. Ошондо бөлүнүү катуу саясий атаандаштык чегинен чыгып, бийликтин мыйзамдуулугу жана шайлоонун жыйынтыктары боюнча түздөн-түз кагылышууга айланды. Ал күнү дүйнө жөн гана кезектеги шайлоо кризисине күбө болгон жок. Тескерисинче, Батыш моделинин өзөгүн кемирип жаткан түзүмдүк кризистин эң көрүнүктүү апааттарынын бирин көрдү. Демократиянын жана туруктуулуктун чеби катары көрсөтүлүп келген институттардын өздөрү талаш-тартыштын жана шектенүүнүн объектисине айланды. Бул болсо саясий элитанын өз коомдорунда топтолгон карама-каршылыктарды башкара албай жатканын жана мамлекет менен элдин ортосундагы жарака кеткен ишенимди калыбына келтирүүгө алсыз экенин ачык көрсөттү.
Бул көрүнүштөрдүн кеңири тараган түшүндүрмөсү адатта саясатчылардын каталарына, жетекчилердин алсыздыгына же башкаруудагы кемчиликтерге көңүл бурат. Бирок мындай түшүндүрмө негизги суроого жооп бере албайт: эмне үчүн бир эле кризис ар башка жетекчилер, ар башка партиялар жана ар башка программалар менен кайра-кайра кайталанууда? Эмне үчүн консерваторлор да, либералдар да ийгиликсиз болууда? Эмне үчүн оңчулдар да, солчулдар да алсыздык көрсөтүүдө? Эмне үчүн өкмөттөр бир кризистен экинчисине өтүп жаткандай көрүнүп, ошол кризистерди пайда кылган негизги себептерди чече албай жатышат?
Өзүнөн өзү келип чыккан жооп маселе адамдарда эмес, бүтүндөй цивилизациялык моделде экенин көрсөттү. Анткени Батыш цивилизациясы бир кезде илимий, экономикалык, аскерий жана саясий өндүрүмдүүлүгү менен дүйнөнү суктандырган болсо, бүгүн өзүнүн тарыхый чегине келип такалды. Бул цивилизация өсүү доорунда чоң убадаларды бере алган: үзгүлтүксүз экономикалык өсүштү камсыз кылуу, жашоо деңгээлин жакшыртуу, орто катмарды кеңейтүү, коомдук бакубаттуулукту орнотуу жана жаңы муундар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачууну убада кылган. Бирок убакыт өткөн сайын ушул эле убадаларды ишке ашыруу барган сайын кыйындап бара жатат. Себеби карыз алуу бул экономикалык түзүмдүн убактылуу куралы эмес, анын философиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Бүгүн дүйнөлүк жалпы карыздын көлөмү дүйнөнүн бир жылдык жалпы өндүрүшүнүн көлөмүнөн болжол менен үч эсеге көбүрөөк. Ушул салыштыруунун өзү эле түзүмдүк көйгөйдүн канчалык терең экенин түшүндүрүүгө жетиштүү. Баштапкы мезгилдеринде байлыкты тездик менен пайда кыла алган капиталисттик түзүм бүгүн улам кайталанган мезгилдүү кризистерге туш болуп жатат. Байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым кеңейди, жашоо наркы жогорулады, жаштардын үй-жай сатып алуу же туруктуу экономикалык келечекти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү азайды. Ал тургай адамдар өздөрү эч качан албаган карыздардын кесепеттерин көтөрүүгө милдеттүү болуп калышты.
Ошол эле учурда Батыш мамлекеттери мамлекеттик карыздардын оор жүгүн көтөрүп, келе жаткан жарылууну чечкенден көрө аны кийинкиге жылдырган каржы жана акча-кредит саясатына көбүрөөк таянып калды. Натыйжада саясат көйгөйлөргө чечим табуу өнөрүнөн кризистерди башкаруу жана алардын кесепеттерин кечеңдетүү өнөрүнө айланып калды.
Балким, Батыш элитасынын өзү эми өз элине сунуштай турган жаңы цивилизациялык долбоорго ээ болбой калганындыгы эң кооптуу жагдай болуп калды. Ошондуктан Батыштагы саясий риторика эскирип, зыянды башкаруу жана жоготууларды азайтуу тилинен ары өтө албай калгандай көрүнөт. Шайлоо программалары өзгөргөнү менен негизги көйгөйлөр ошол бойдон калууда. Баары жабык айлампанын ичинде айланып, андан чыга албай жаткандай.
Мына ушундан улам жетекчилердин бат эле «сарпталып» калышы түшүнүктүү болот. Бүгүн бийликке келген жетекчи өзүнүн мүмкүнчүлүгүнөн алда канча оор кризистерди мурастап алат жана ондогон жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдү оңдоого милдеттенет. Бирок берген убадаларын аткара албай калганда, өзү эле элдин нааразычылыгынын курмандыгына айланат. Ошондуктан бүгүн жетекчилердин кызматтан кетиши алардын жеке ийгиликсиздигинин гана белгиси эмес, алар иштеп жаткан түзүмдүн чыныгы чечимдерди чыгара албай жаткандыгынын да белгиси болуп калды.
Стармердин кызматтан кетиши, Мерцке карата күчөп жаткан басым жана Трамптын айланасындагы курч бөлүнүү – өз алдынча болгон окуялар эмес. Алар адамдардан, партиялардан жана өкмөттөрдөн да терең кризисти көрсөткөн бир эле чынжырдын шакектери болуп саналат. Бул – өзүнүн мурдагы ачыктыгын жана вакыйлыктагы көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүнүн чоң бөлүгүн жоготкон цивилизациянын кризиси. Анын капиталисттик экономикасы кырсыктардан башка эч нерсе калтырган жок. Натыйжада ал куруудан көрө көбүрөөк оңдоп-түзөөгө, өнүгүүнү жаратуудан көрө артка кетүүнү башкарууга көбүрөөк таянып калды. Ошондуктан Батыш өзүнө бере турган суроо эми: «Кийинки жетекчи ким болот?» деген суроо эмес, «ушул кризистерди пайда кылган фикрий жана экономикалык түзүм дагы эле аларга чечим бере алабы?» деген суроо болушу керек.
Эгер маселе түзүмдүн өзүнүн негиздеринде болсо, анда жүздөрдү алмаштыруу жыйынтыкты олуттуу өзгөртө албайт. Мындай учурда жетекчилик кризиси андан да терең кризистин т.а. экономикалык, саясий жана коомдук түшүнүктөр менен, ошондой эле фикрий негиздери менен коштолгон бүтүндөй цивилизациялык моделдин кризисинин белгилеринин бири болуп калат.
Качан элдер ушундай баскычка жеткенде, жаңы бир адамды издөө жетишсиз болуп калат. Тескерисинче, адамзатты куткара турган жаңы фикратты издөө эң негизги чакырыкка айланат.
Роя гезити
Инженер Висам Аль-Атраш




