Америка менен Ирандын кайрадан күчөгөн чабуулдарынын маңызы

Америка менен Ирандын кайрадан күчөгөн чабуулдарынын маңызы
Америка 2026-жылдын 12-июлунда Иранга каршы чабуулдарын кайрадан баштады. Анын Борбордук командачылыгы билдиргендей, бул бир жуманын ичиндеги үчүнчү чабуулдар толкуну болуп, ал Иран революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан контейнер ташуучу кемеге ачык чабуул жасагандан кийин ишке ашырылган. Ошондой эле ал «Ирандын 140 аскерий бутасына сокку урулду» деп жарыялады.
Ал эми Иран революциясынын сакчылар корпусу болсо: «Эки кемеге сокку урдук, Ормуз кысыгын кийинки билдирүүгө чейин жана Америка аймактагы кийлигишүүсүн токтотконго чейин жаптык, ошондой эле Катардагы америкалык аскерий базага сокку урдук», – деп билдирди.
Буга чейин Америка 2026-жылдын 7 жана 8-июль күндөрү Ирандагы 170 жайга чабуул жасаган. Анын командачылыгы бул чабуулдар Ормуз кысыгындагы үч соода кемесине Иран тарабынан жасалган чабуулдарга жооп катары жүргүзүлгөнүн жарыялаган. Ал эми Иран болсо жооп иретинде араб өлкөлөрүндөгү америкалык базаларга жана кызыкчылыктарына сокку урганын билдирген.
Ошого карабастан Американын президенти Трамп ок атышууну токтотуу режими аяктаганын билдиргенине карабастан, ал «сүйлөшүүлөрдүн уланышына ачык экенин» да айтты. Ал 2026-жылдын 11-июлунда: «Иран бизден сүйлөшүүлөрдү улантууну өтүндү. Биз буга макул болдук, бирок аларга ок атышууну токтотуу режими аяктаганын билдирдик», – деди. Америка дал экинчи тараптын башына тапанча такап туруп, кол коюуга мажбурлаган адам сыяктуу!
Ал эми Ирандын Шура кеңешинин төрагасы жана Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү Калибаф: «Ормуз кысыгы америкалык коркутуулар менен эмес, Иран белгилеген тартиптер менен гана ачылат», – деди. Анткени Иран кемелерден бажы төлөмдөрүн же көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы алууну каалап жатат. Ал эми Америка болсо Ормуз кысыгын эч кандай шартсыз ачтырууну каалап жаткандай. Себеби өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда бул маселеге байланыштуу кеңири маалымат берилген эмес.
Ушундан улам, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун 14 пункту боюнча сүйлөшүүлөр узакка созулары жана өтө оор болору, анын деталдары жана аны ишке ашыруу жолдору боюнча талаш-тартыштар чыгары түшүнүктүү. Анткени ал көптөгөн «миналарга» толгон, дээрлик ар бир пунктта жарылуу чыгып кетиши мүмкүн. Себеби Американын ага кол коюудагы максаты – Иранды өзүнө көз каранды мамлекетке айлантуу. Анткени ал 2026-жылдын 28-февралында баштаган кырк күндүк согуш аркылуу мындай максатына жете алган эмес. Ал согушта Ирандын эң жогорку жетекчиси баш болгон 40 жогорку даражалуу жетекчиси өлтүрүлгөн. Ошондуктан Америка 2026-жылдын 8-апрелинде согушту токтотконун жана сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин жарыялаган. Натыйжада 2026-жылдын 18-июнунда Трамп менен Пезешкиян электрондук түрдө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Ирандын меморандумга кол коюшу жана акыркы келишимге жетүү максатында сүйлөшүүлөрдү улантышы – төрт айга созулган үзгүлтүктөн кийин Ирандын кайрадан Американын орбитасында жүрүшүнө кайтып келүүсүн билдирет. Бул Иран төрт ай бою туруштук берип, Америка эч кандай пайдага жете албагандан кийин жасалган чоң багынуу болуп эсептелет. Америка буга канааттанбаганы көрүнүүдө. Анткени анын максаты – Иранды өзүнө көз каранды мамлекетке айлантуу. Ошондуктан ал кайрадан мурун кылып келгендей эле аскерий чабуулдарды жүргүзүү, санкцияларды киргизүү, тоңдурулган каражаттарды бошотууну созуу жана бардык пункттарды аткарууда ар кандай айла-амалдарды колдонуу аркылуу басым көрсөтүүнү улантат. Бирок анын өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдан баш тартуусу күмөн. Анткени бул ал үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдөн да баш тартпайт. Ошондуктан ал ар бир агрессиясынан кийин сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кызыкдар экенин билдирип, ушул максатта ортомчуларды (куралдарды) кыймылга келтирип турат.
Мисалы, Катар аракетке өтүп, 2026-жылдын 10-июлунда Иранга делегация жөнөткөн. Пакистан да аракет кылып, анын тышкы иштер министри ирандык кесиптеши менен байланышып, Иранды «чыңалууну төмөндөтүүгө жана сабырдуулук көрсөтүүгө», башкача айтканда, Американын чабуулдарына жооп бербөөгө жана Ормуз кысыгы аркылуу өтүп жаткан кемелерге тийбөөгө чакырган. Ошондой эле ал: «Диалог жана дипломатия гана талаштарды чечүүнүн жана аймакта тынчтык менен туруктуулукка жетишүүнүн жалгыз жолу», – деп баса белгилеген.
Ирандын тышкы иштер министри Оман султанатына барып, 2026-жылдын 11-июлунда X платформасына мындай деп жазган: «Иран ушул убакка чейин өз сөзүнө турду. Ал эми Американын казына министри деп аталган адам өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тогузунчу пунктун бузуп жатат». Ал пунктта: «Америка Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүдөн карманат», – деп жазылган. Бирок Америка кайрадан 14 адамга жана бир уюмга жаңы санкцияларды киргизген.
The Wall Street Journal гезити 2026-жылдын 11-июлунда: «Иран Америкага Ормуз кысыгындагы соода кемелерине ок атылышы жаңылыштык болгонун билдирип, сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды», – деп маалымдаган.
Мындан Ирандын саясатчылары Америкага бир нерсени билдирип жаткандай көрүнөт. Анткени алардын максаты – сүйлөшүүлөрдү улантуу жана Американын артынан ээрчүү. Бирок Иран революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилери башка нерсени билдирип жатышкандай. Алар мунун баарына тоскоолдук кылуу үчүн атайылап кемелерге сокку урууда. Анткени алар Америкадан көз карандысыз болууну көздөшөт. Бул маалымат жарыялангандан кийин Иран революциясынын сакчылар корпусу кайрадан эки кемеге сокку урган.
Ирандын жогорку жетекчиси Мужтаба Хаменеи өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум маселесинде жана сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча саясатчылардын позициясын колдой турганын жарыялады. Бирок Ислам революциясынын сакчылар корпусу буга аргасыздан унчукпай макул болгону менен, муну каалабайт жана көз карандысыз болууга умтулууда.
Жогорку жетекчи эки тараптын ортосунда тең салмак сактоого аракет кылып жаткандай көрүнөт. Ошондуктан ал 2026-жылдын 11-июлунда жарыяланган жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда: «Шейит болгон жетекчинин жана акыркы эки согуштун бардык шейиттеринин каны үчүн айыпталган кылмышкерлерден өч алабыз», – деп убада берген. Ошондой эле: «Дүйнөдөгү эркин адамдар жакын арада өч алуу милдетинин бир бөлүгүн аткара башташат», – деп билдирген. Бул билдирүү Мешхед шаарында жогорку жетекчини акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү аземдеринин жүрүшүндө жарыяланган. Ушундай эле сөздөрдү анын атасы, мурдагы жогорку жетекчи да Америка 2020-жылы «Кудс» күчтөрүнүн командачысы Касым Сулайманини жана башка ирандык жетекчилерди өлтүргөндө айткан.
Демек, бул кайрылуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду четке кагуу же сүйлөшүүлөрдөн баш тартуу багытын билдирбейт. Тескерисинче, ал ачууланган сезимдерди басаңдатуу, өч алуу талабын билдирүү, ички коомчулукту тынчтандыруу жана режимдин туруктуу негиздери сакталарын ырастоо максатын көздөйт.
Буга жооп кылып Трамп 2026-жылдын 11-июлунда мындай деген: “Эгер алар дүйнөнүн ар кайсы жеринде азыркы Америка президенти болгон мени өлтүрүү же өлтүрүүгө аракет кылуу тууралуу жарыялаган коркутууларын ишке ашырса, Иранды көздөй учурууга миң ракета даяр турат, алардын артынан дагы миңдеген ракеталар жөнөтүлөт. Мен буйрук бердим. Америка армиясы бир жыл бою, зарыл болсо бул мөөнөт узартылып, Ирандын бардык аймактарын толугу менен жок кылууга жана кыйратууга даяр жана жөндөмдүү».
Ошондой эле ал: «Ирандын коркутуулары жаңы нерсе эмес, яхудий түзүмү да жаңы маалымат берген жок», – деп билдирген. Бул билдирүү яхудий түзүмү Америкага чалгын маалыматтарын бергендиги тууралуу кабарлардан кийин жасалган. Белгилей кетсек, Трамп өткөн апрель айында да: «Эгер келишимге жетишилбесе, Ирандын цивилизациясын толугу менен жок кылам», – деп коркуткан.
Азыркы саясий абал Иран менен Американын өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду сактап калууга жана акыркы келишимге жеткенге чейин сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар экенин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда Америка бул максатына жеткенге чейин бардык басым көрсөтүү ыкмаларын колдоно бермекчи. Ал эми буга жооп катары Иран революциясынын сакчылар корпусу тоскоолдук жаратууга аракет кылып, чечимди өзү кабыл алган тараптай аракеттенүүдө: кемелерге ок атып, кысыкты жаап жатат. Ошол эле учурда жогорку жетекчинин чечимине каршы чыгып жатканын да ачык көрсөтпөйт. Ал сүйлөшүүлөрдү биротоло үзгүлтүккө учуратып, жаңы реалдуулукту таңуулоону каалап жаткандай. Натыйжада жогорку жетекчи ошол реалдуулукту кабыл алууга аргасыз болуп, андан кийин көз карандысыздык жолунда иш алып барууга өтүшү мүмкүн. Бирок көз карандысыздыкка умтулуу эле жетиштүү эмес. Иран өзүнө көптөгөн жоготууларды алып келип жаткан жек көрүндү мазхабий фанатизмден баш тартканын жарыялашы керек. Ошондой эле өз конституциясын өзгөртүп, аны Куран менен Сүннөткө негиздеп, өлкөнү пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети үчүн таяныч чекитке айландырышы керек.
Роя гезити
Асъад Мансур




