Роя гезити

Сирия Эл өкүлдөр кеңешинин президенттик дайындоолор аркылуу толукталышы: шариятка каршы келүү жана саясий коркунучтар

Сирия Эл өкүлдөр кеңешинин президенттик дайындоолор аркылуу толукталышы: шариятка каршы келүү жана саясий коркунучтар

2026-жылдын 1-июлунда Сирияда Эл өкүлдөр кеңешинин курамы президенттик дайындоолордун жарыяланышы менен толукталды. Анын алкагында жалпы 210 мүчөнүн ичинен 70 мүчө дайындалды. Кеңеш мүчөлөрүнүн үчтөн экиси түз шайлоо аркылуу эмес, өткөөл өкмөт дайындаган жергиликтүү шайлоо органдары аркылуу шайланды. Бул 2025-жылдагы конституциялык декларациянын негизинде жүргүзүлдү. Ал декларация өткөөл мезгилдеги мыйзам чыгаруу бийлигин жөнгө салган. Шайлоо механизми, ошондой эле айрым мүчөлөрдүн дайындалышы, эл арасында өзгөчө нааразычылыкты жаратты. Бирок бул Эл өкүлдөр кеңеши жана ага окшогон кеңештер демократиялык түзүмдүн жемиши болгондугу – токтолууга тийиш болгон эң кооптуу маселе. Анткени демократия мыйзам чыгаруу укугун элге берет. Эл өкүлдөр кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнө сунушталган конституцияны жана мыйзамдарды бекитишет. Бул болсо адамдар чыгарган мыйзамдарды тандоо же кеңешке сунушталган мыйзамдарды бекитүү аркылуу Аллахтын өкүмүнө жана шариятына каршы чыгуу болуп эсептелет. Муну «пайда үчүн», «эки зыяндын жеңилин тандоо» жана ушул сыяктуу жүйөлөр менен актоого аракет кылгандардын дооматтарынын шарият таразасында эч кандай баасы жок. Улуу курмандыктар жана төгүлгөн таза кандар Аллахтын каарына себеп боло турган адам чыгарган түзүмдү бекемдөө үчүн берилдиби? Же мунун баары Аллах жолунда жана Анын өкүмүн жер жүзүндө орнотуу үчүн берилдиби?!

Мындан тышкары, Ислам өлкөлөрүндөгү мындай кеңештер чындыгында жасалма демократиянын формалдуу кеңештери болуп саналат. Алардын милдети – өздөрүн колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн кызматка койгон башкаруучулардын саясатын жүргүзүп берүү. Бул кеңештер башкаруучулардын жүзүн кооздоо жана алардын мыйзамдуулугу элдин ыраазычылыгынан келип чыгат деген көрүнүштү жаратуу үчүн кызмат кылган формалдуу кеңештер болуп саналат. Бул кеңештердин чыныгы маңызын эл арасында исламий өңүтү менен белгилүү болгон топтордун же инсандардын катышуусу да өзгөртпөйт. Алар кеңешке бекитүүгө сунушталган мыйзамдарга, келишимдерге жана макулдашууларга каршы чыгышса да абал ошол бойдон кала берет, анткени мыйзамдар, келишимдер жана макулдашуулар көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.

Мындан да кооптуусу – бул мүчөлөр өздөрүн Аллахтын өкүмдөрүнүн үстүнөн чечим чыгаруучу кылып коюуга ыраазы болушту. Алар Аллахтын өкүмдөрүнүн кайсынысы жарайт, кайсынысы жарабайт деп чечим чыгарып жатышат!

Тышкы колдоого, ири мамлекеттердин ыраазылыгына жетүүгө умтулуу жана оор күндөрдө, кыйынчылык учурларында өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген революциялык таянычтан жүз буруу эң кооптуу саясаттардын бири болуп саналат. Бул саясаттын эң алгачкы жемиштеринин бири – мурдагы кылмышкер режим кулаганга чейин көтөрүлүп келген ураандардан баш тартуу, максаттарды жана өзгөрбөс принциптерди четке кагуу болду. Ал эми өкүнүчтүү жыйынтык түп-тамырынан өзгөртүлүшү керек болгон мурдагы режимдин түзүлүшүн сактап калуу болду. Тескерисинче, Аллах ыраазы боло турган түзүмдү, анын Конституциясын жана жалаң гана исламий акыйдадан келип чыккан мыйзамдарын эч кандай башка жагдайга көңүл бурбастан колдонуу керек эле.

Исламга жана мусулмандарга душман болгон Америкага баш ийүү саясатынын чоң саясий кырсыктары али алдыда. Алар буга чейин эле ачык көрүнүп баштады. Алардын бири – Дамасктагы азыркы өткөөл администрациянын 2025-жылдын 10-ноябрында «терроризмге» каршы эл аралык коалицияга кошулууга макул болушу. Ошондой эле буга Америка ортомчулугу аркылуу яхудий түзүмү менен чек арада аскерий кагылышууларды болтурбоо жана чыңалууну азайтуу үчүн байланыш механизмин же байланыш каналын түзүүгө багытталган коопсуздук сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө макул болушу, анын Сирия аймагына жасаган кол салууларын жана басып кирүүлөрүн көз жаздымда калтыруусу жана мунун баарына жооп бербөөсү кирет. Мунун баарын алар өздөрү айткандай, «утулуп кала турган согушка аралашып кетпөө» деген шылтоо менен акташууда.

Ал эми алдыда Эл өкүлдөр кеңешин бекитүүгө коюла турган өтө кооптуу маселелер күтүп турат. Бул кеңештеги мүчөлөрдүн ролу эл алдында жалган күбөлөрдөн башка эч нерсе болбойт. Алар аркылуу элди жана коомдук пикирди алдап, болуп жаткан иштерди «элдин эрки» деп көрсөтүүгө аракет кылышат. Чындыгында болсо бул Америка кысымы астындагы мамлекеттин жана башкаруучулардын талаптары болуп саналат.

Эл өкүлдөр кеңешине бекитиле турган ушундай кооптуу саясий маселелердин бири конституциялык декларацияны кабыл алуу, адам чыгарган конституцияны жана республикалык мамлекеттик түзүлүштү бекемдөө болуп саналат. Бул Шам эли өз революциясында талап кылган таза исламий башкарууну орнотуу талабына карама-каршы келет.

Мындан тышкары дагы бир өтө кооптуу маселе бар. Ал – яхудий түзүмү менен келишимдерди түзүү, аны жана биздин жерлерибизди, ыйык жайларыбызды басып алганын таануу маселеси. Биз бардык чынчыл адамдарды буга каршы турууга, аны толугу менен четке кагууга жана мындай нерсе ишке ашканга чейин анын алдын алууга даяр болууга чакырабыз. Анткени яхудий түзүмү биздин жерлерибизди басып алган, алар менен каршылашуу сөзсүз боло турган каршылашуу болуп саналат. Ошондуктан биз ага толук даярдык көрүшүбүз керек жана бизге таңууланып жаткан уктатуучу убадаларга алданбашыбыз керек.

Ырас, өткөөл мезгилдин администрациясы яхудий түзүмү менен келишимдерге кол коюуга макул болуу багытын бир аз жумшартты. Бирок бул убактылуу гана көрүнүш. Анткени көз карандылык саясатын жана Американы ыраазы кылуу жолун тандоо өлкөнүн кызыкчылыктарына негизделген көз карандысыз чечимдерди кабыл алууга тоскоол болот.

Ошондой эле 2026-жылдын 26-июнунда Ливан менен яхудий түзүмүнүн ортосунда түзүлгөн, саясий жана коопсуздук алкагы катары эсептелген келишим Ливан менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы каршылашууну токтотууну, аны таанууну жана кеңири жөнгө салууга жол ачууну көздөйт. Бул кийин Америка түрткү берип, аймактык тараптардын тил табышуусу менен Сирияда да кайталанышы күтүлгөн прецедент болуп эсептелет.

Өлкөнүн байлыктары болсо Америка жана анын компаниялары үчүн аларды көзөмөлгө алуу максаты болгон олжо болуп эсептелет. Бул ар кандай артыкчылыктарга ээ болуу жана өлкөнү эркин базар менен менчиктештирүү саясатына түртүү аркылуу ишке ашырылат. Бул үчүн мыйзам чыгаруу бийлиги катары Эл өкүлдөр кеңеши мындай иштерге уруксат бере турган мыйзамдарды кабыл алып, ушул тармакка тиешелүү келишимдерди бекитиши керек болот. Натыйжада мүмкүнчүлүктөрүбүз жана байлыктарыбыз душмандарыбыздын колуна өтөт. Мындан тышкары, бул Американын бардык тармактардагы үстөмдүгүн таңуулоого жол ачып, толук көз карандылыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт жана андан кутулууну мурдагыдан да кыйыныраак кылат.

Бизди күтүп турган коркунучтар жана кыйынчылыктар чоң. Алардын чечими көз карандылыкты жана адам чыгарган башкаруу түзүмдөрүн бекемдөөдө эмес, Аллах биз үчүн ыраазы болгон башкарууну – Ислам башкаруусун орнотууда. Анткени биздин бардык көйгөйлөрүбүз ошол аркылуу гана чечилет жана дүйнөдө да, акыретте да урматыбызга, жеңишибизге жана бактыбызга жетишебиз.

Роя гезити

Мустафа Аль-Бакрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button