Роя гезити

Малидеги абалдын курчушу

Малидеги абалдын курчушу

Малиде азавад согушкерлер менен Жамаат Нусрат аль-Ислам валь-Муслимин (Исламды жана мусулмандарды колдоо жамааты) тарабынан Мали армиясынын позицияларына каршы координацияланган бир катар чабуулдардан кийин абал олуттуу түрдө курчуду. Малинин армиясына аны колдогон Орусиянын Африка корпусу (мурунку «Вагнер») жардам көрсөтүүдө.

Азаваддык согушкерлер негизинен туарег этносторунан турган, Малинин түндүгүндө, Нигерде жана Улуу Сахарада жашаган калкты камтыган “Азавадды боштондукка чыгаруу боюнча элдик фронт деп аталган уюмду түзөт. Аларды Аль-Каида менен байланыштырылган исламий топтор колдоп, алар менен союз түзүшкөн. Бул топтор Малинин түндүгүндөгү кеңири аймактарды көзөмөлгө алуу үчүн туарегдер менен өз чабуулдарын толук координациялап турушат.

Элдик фронт Аль-Каида менен байланыштуу «Жамаат Нусрат аль-Ислам валь-Муслимин» тобу менен биргеликте Кидаль шаарын көзөмөлгө алды. Ошондой эле бул координацияланган чабуулдар түндүктөгү Гао, Агельхок жана Анфиф аймактарындагы дагы беш стратегиялык объектти, борбордук бөлүктөгү Севаре аймагын жана борбор Бамакого жакын жайгашкан маанилүү Кеньороба түрмө комплексин бутага алды. Натыйжада Бамако да ок атуунун жетүү аймагына кирди. Мындан тышкары, бул чабуул жасаган күчтөр Кати аймагындагы резиденцияга сокку уруу аркылуу Малинин коргоо министрин өлтүрүүгө да жетишти. Бул Мали мамлекетинин канчалык алсыз жана назик экенин көрсөттү.

Өз кезегинде Малинин армиясы дрондорду жана Орусиянын Африка корпусундагы жоокерлеринин жардамын колдонуу менен бул чабуулдардын мизин кайтарганын жарыялады. Армия ошондой эле чабуулга кабылган аймактардын көпчүлүгүндө абалды кайрадан көзөмөлүнө алганын жана чабуул жасагандарга оор жоготууларды алып келгенин билдирди.

Францияны көп жылдык колониялык үстөмдүгүнөн кийин Малиден чыгара алган, ошондой эле Буркина-Фасо жана Нигер менен союз түзүп, Африка континентиндеги Франциянын таасирине каршы аракеттенген активдүү үч тараптуу саясий уюшууну түзүүгө жетишкен бул Малинин өкмөтү — тышкы саясатта ушунча чоң ийгиликтерге жетишкенине карабастан — ички аймактарын көзөмөлдөөдө артка кетип жатканын көрүп жатабыз. Ал Азавад аймагынын көпчүлүк бөлүгүн жоготуп, элин бириктирүүдө ийгиликсиз болуп, өз аймагында эгемендигин орното албай калууда.

Кыязы, күчтөрдүн тең салмагы азыр каршылаш күчтөрдүн пайдасына ооп калды. Алар Азавад элдик фронту жана аны менен союздаш исламий жамаат. Малини колдогон орус күчтөрү (Орусиянын Африка корпусу) каршылаш күчтөрдүн чабуулун токтото алган жок. Ошондой эле Малинин өкмөтү Азавад аймагын биротоло жоготуу жолунда бараткандай.

Малинин Азавад аймагын жана мамлекеттин башка көптөгөн аймактарын жоготуусунун себеби — мамлекетте бардык этностук топторду бириктире турган мабдаий фикраттын жоктугу. Малинин француз колониализминен кутулганы өз элинен ага чексиз ишеним көрсөтүлөт дегенди билдирбейт. Айрыкча, ал бир колонизатордун ордуна башка колонизаторду алып келип жаткан учурда. Анткени орус корпусу француз колонизаторунан жакшы эмес, ал да жалданма жана киши өлтүргүч аскерлерден турат. Эгер абал ушундай болсо, анда Мали өз элинен мындай союзга кантип ишенүүнү күтөт?!

Андан тышкары, Франция, Америка, Британия жана бул мамлекеттердин Африкадагы малайлары жаңы Малиге жардам берүүнү каалашпайт. Анткени ал өз өлкөсүнөн Батыштын таасирин сүрүп чыгарып, анын ордуна Орусиянын таасирин алып келүүнү каалайт. Ошентип, Мали чоң туңгуюкка кептелди. Ал өз алдынча өз аймактарын көзөмөлгө ала албай жатат. Орус күчтөрү да буга жардам бере алган жок. Балким, Франция жана Батыш мамлекеттери буга ичинен кубанып жаткандыр. Натыйжада Мали жаман абалга туш болду.

Эгер азыркы абал ушундай бойдон улана берсе, анда Мали эки мамлекетке бөлүнүп кетиши мүмкүн: бири түндүктөгү туарегдер менен азаваддыктар үчүн, экинчиси түштүктөгү африкалык калк үчүн.

Мали да, башка өлкөлөр да этностук көйгөйлөрдөн жана чет элдик таасирден толук мааниде Исламды өзүнө акыйда жана саясий түзүм катары кабыл кылмайынча кутула албайт. Улутчулдук жана мекнчилдик түшүнүктөрүнүн туткунунда калган бойдон, этностук жана уруучулук жаңжалдардын бүтпөгөн айлампасында кала беришет жана француз таасирин чыгарып салуудан да пайда көрүшпөйт. Ошондуктан Малинин жалгыз чечими — малиликтер, туарегдер жана африкалыктар Ислам жана исламий акыйда негизинде бирге жашаган чыныгы исламий мамлекетке айланышы. Андан соң Африкадагы мамлекеттер да аны менен бир күчтүү мамлекетке биригип, бардык этностор Ислам кучагында бирге жашоого тийиш.

Роя гезити

Абу Хамза Аль-Хатваний

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button