Кризистердин шамалы Күрдистан аймагын каптоодо, андан кутулуунун жана аман калуунун жолу кайсы?

Кризистердин шамалы Күрдистан аймагын каптоодо, андан кутулуунун жана аман калуунун жолу кайсы?
15 жылдан бери же андан да көп убакыттан бери Ирактагы Күрдистан аймагы анын арты-артынан келген өкмөттөрү уюштуруп, башкарып келген жасалма кризистердин басымы астында жашап келет. Өтө аз айлык акы кризисинен тартып, суу, электр энергиясы, керосин, газ, бензин жана башка көптөгөн кризистер — мунун баары аймактагы адамдарды жашоонун эң төмөнкү чегине жеткирди жана чечимдин эч кандай көрүнүктүү келечеги жок. Биз 2026-жылы жашап жаткан учурда, Күрдистан калкынын буттары астында байлыктар толуп жатканына карабастан, алар дагы деле бир нече литр бензинди кымбат баада сатып алып, же бир нече саат электр энергиясына зар болуп жатканы акылга сыябы?!
Кризистер күчөгөндө өкмөт дароо элдин чөнтөгүнө кол салат. Өкмөттөр бензиндин, керосиндин, газдын, электр энергиясынын жана суунун акысын, кыймылсыз мүлк менен автоунааларды каттоо төлөмдөрүн жогорулатып, кызматкерлердин айлыктарын кечиктирип келишет. Ал кечиктирүүлөр элүү айлыкка же андан да көпкө жетти. Ушундай жол менен алар тигил же бул жердеги жоготууларынын ордун толтуруу үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк акча чыгарып алышат!
Ооба, өкмөттөр камкордук кылуучу өкмөттөр эмес, салык-жыйым чогултуучу өкмөттөр болгондо, өздөрүнүн өкмөтү светтик капиталисттик өкмөт экенин жана мыйзамдары Батыштын колонизатор күчтөрү мусулман өлкөлөрүнө таңуулаган адам чыгарган конституциялардан алынганын ачык жарыялашканда, элге мамиле кылууда ушундай деңгээлдеги төмөндүктөн башка эмнени күтүүгө болот?! Ал тургай эл: «Биз өкмөттүн балдары эмес, душмандары сыяктуубуз», — деп айта баштады.
Аймактагы адамдардын абалы ушунчалык даражага жетти дейсиң, алар бир нече жылдан бери уланып келе жаткан оор жылдардагы ошол кайталанма, жасалма кризистердин азабынан кыйкырып жатышат. Бул кризистер аларды ушунчалык эзип салгандыктан, айрымдары телеканалдардын экрандарында: «Ушул жашоодон жана ушул кризистерден кутулуу үчүн өлүп эле калсак кана!» — деп айтып жатышат. Башкалары болсо, эгер өз өкмөттөрүнүн тушунда абал ушундай болорун билишкенде, аймактын эли өзүбүздү өзүбүз башкарабыз деп согушуп, курман болбойт элек деп айтып чыгышты. Ал эми өкмөт укпайт, көрбөйт жана жооп бербейт. Эл бир өрөөндө болсо, өкмөт таптакыр башка өрөөндө. Бийликтин күчү, акчанын күчү жана элдин аларга унчукпай турушу аларды мас кылды.
Эй, мусулмандар! Ким Аллах Субханаху ва Тааланын жолунан алыстап, акыреттин ордуна дүйнө жашоосуна ыраазы болсо, өзүнүн элин, уруусун, тегин жана тукумун дининен жана акыйдасынан жогору койсо, анын жашоосу тар жана оор болуудан башкача болбойт. Аллах Тааланын сөзү муну тастыктайт:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى * قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرْتَنِي أَعْمَى وَقَدْ كُنتُ بَصِيرًا * قَالَ كَذَلِكَ أَتَتْكَ آيَاتُنَا فَنَسِيتَهَا وَكَذَلِكَ الْيَوْمَ تُنسَى﴾
«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». Ал: «Раббим, неге мени көр кылып тирилттиң, мурда мен көрчү элем го», деген эле; (Алла) айтты: «Ошондой, Сага Биздин аят-кереметтерибиз келгенде аларды унуттуң». Бүгүн сен да ошондой «унутуласың». (Таха: 124–126).
Эй, Күрдистан аймагындагы бир туугандар жана сүйүктүүлөр! Исламдагы чечкиндүүлүктүн, намыстын жана эр жүрөктүктүн мекени болгон аймактын эли! Эй, диниңердин бийиктиги жана үммөтүңөрдүн азиздиги үчүн жасаган кереметтүү иштериңер жана аракеттериңер менен тарых жазгандар! Ошол иштериңер менен Салахуддин Айюбий рахимахуллах сыяктуу силер аскерлерди жетектеп, мусулмандар артыңардан ээрчиген. Акыры Аллах силердин жетекчилигиңер астында силерге жана Ислам үммөтүнө Расулуллахтын ﷺ Исра жери болгон жерди азат кылууну насип кылды. Ошону менен жеңишке, бийликке, азиздикке жана сыймыкка жеттиңер. Анткени Аллах силерге ошол ачык-айкын жеңишти насип кылган эле.
Мурунку берекелүү жолуңарга кайткыла жана Исламды толугу менен кайрадан жашооңорго кайтаргыла. Анткени силердин азиздигиңер жана сыймыгыңар бир гана Ислам менен болот. Дүйнө жана акыреттин азиздигине да бир гана Ислам менен жетесиңер. Аллах Таала айтты:
﴿لَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ كِتَاباً فِيهِ ذِكْرُكُمْ أَفَلَا تَعْقِلُونَ﴾
«Чындыгында Биз силерге бир Китеп – Куран түшүрдүк, анда силер үчүн зикир (урмат-сый) бар. (Себеби, ал силердин тилиңерде түштү). Акыл жүгүртпөйсүңөрбү?!» (Анбия: 10).
Роя гезити
Райан Иса — Ирак вилаяты




