Роя гезити

Сиси Июль революциясын ичи бош жаңгактай билдирүүлөр менен эскерди

Сиси Июль революциясын ичи бош жаңгактай билдирүүлөр менен эскерди

Египеттин президенти Сиси 1952-жылдын 23-июлундагы революциянын 74 жылдыгына карата мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлгөн сөзүндө көптөгөн билдирүүлөрдү жасады. Алардын көбү 2014-жылдан бери өлкө ичинде өзүнүн жетишкендиктери деп эсептеген нерселерди көрсөтүү менен чектелди. Ал: «Египет 2014-жылдан бери бекем чечкиндүүлүк менен өзүнүн ордуна жана калкына ылайык келген ар тараптуу өнүгүү жана жаңылануу жолуна түштү», — деп, «ал терроризмге каршы туруп, аны жеңди жана ошол эле учурда курулуш иштерин токтоткон жок», — деп белгиледи. Бул сөздөрү менен ал исламчыларды бийликтен четтетүүнү, аларга каршы күрөшүүнү жана аларды куугунтуктоону көздөп жатат. Мунун ордуна дин тутуу эркиндиги деген ураан астында мамлекеттин секулярдуулугун бекемдеп, коррупцияга жана бузукулукка камкордук кылды. Ал: «Мындан тышкары, биз дин тутуу эркиндигин бекемдедик», — деди.

Адамдардын иштерине кам көрүүдөгү жана өлкөнү жакырчылык менен жокчулуктан алып чыгуудагы өзүнүн ийгиликсиздигин актоо үчүн, ал жетишкендик деп эсептеген бир катар нерселерди санап: «Биз заманбап инфраструктура курдук, башаламан курулуштарды жойдук, жаңы шаарларды курдук, чөлдөрдү өздөштүрдүк, салттуу жана кайра жаралуучу энергия станцияларын курдук, ошондой эле мунай жана газ кендерин табуу аракеттерин күчөттүк. Бул биздин аймактык энергетикалык борбор катары ордубузду бекемдейт», — деди. Муну менен ал адамдардын өз көздөрүнө ишенбей, сезимдеринен күмөн санашын каалап жатат. Анткени жакырчылык, оорулар, ачарчылык жана жашоонун эң жөнөкөй шарттарынан ажыроо Египеттеги күнүмдүк жашоонун көрүнүшүнө айланды. Миллиондогон адамдар ачка жана оорулуу абалда укташат, жүз миңдеген адамдар баш калкалай турган жай таба алышпайт, миллиондогон адамдар ылайдан салынган үйлөрдө, мүрзөлөрдө жана урап түшкөн имараттарда жашоодон башка арга таба алышпайт. Ал эми баалардын кымбаттоосу шартында күнүмдүк тамак-аш табуу көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн кыялга айланды.

Ошентип, Египет калкынын жашоосу жай өлүмдүн бир барзахына айланды. Анан Сиси чыгып алып, өзүнүн жетишкендиктери жана Египеттин абалы тууралуу биз тааныбаган башка бир өлкө жөнүндө айтып жаткандай сүйлөйт!

Ал эми тышкы саясат жаатында аймактагы согуштардан өлкөнү оолак кармаганын “менин баатырдыгым” деп эсептеди. Муну менен ал яхудийлердин Газадагы согушун жана Америка менен яхудийлердин Иранга каршы согушун айтып жатат. Бирок ал Газадагы согушта яхудий түзүмүнө карата карманган бейтараптык, ал тургай аны менен тил табышуу позициясы шерменделик жана уят экенин унутту. Египет калкы жана дүйнөдөгү мусулмандар анын Газадагы алсыз боордошторуна жардам берүүдөн Египет армиясын тосуп, ал тургай ал жердеги мужахиддерди курчоону бекемдөөдө яхудий түзүмүнө көмөктөшкөн кылмышын эстеп калбашы үчүн айтты, бирок негизинен ал бул тууралуу кыйытып айтуудан да уялышы керек эле.

Ал яхудий жетекчилеринин эки дарыянын ортосундагы мамлекет жөнүндөгү Тооратка негизделген кыялдарын ачык айтып жатканын угуп туруп, алардын кыялдарын талкалоо же шайтандын азгырыктарын алардын зээндеринен чыгарып таштоо үчүн эч нерсе кылбайт. Атүгүл Синай дагы деле куралсыздандырылган бойдон калууда. Бул яхудий түзүмүнүн чек аралары Египет тараптан коопсуз бойдон калышы жана ал Египетке каалаган учурда сокку урууга мүмкүн болгон алсыз аймак бойдон калышы үчүн жасалууда.

Сиси Газадагы мужахиддер баштаган үммөттөгү жихадий маанайдан жана яхудий түзүмүнүн кылмыштарына каршы элдин жана дүйнөнүн кыжырдануусунан пайдаланып, Египеттин улуу армиясы менен аттанып, Газадагы жана бүткүл Палестинадагы элибиздин азаптарын токтотуп, экөөнү тең яхудийлерден азат кылуунун ордуна, яхудийлер менен түзүлгөн кордукка салган тынчтык келишимин сактап калганы менен мактанып чыкты.

Ал эми Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушуна келсек, ал Иран режими ондогон жылдар бою Америкага көрсөткөн бардык чоң кызматтарына карабастан, Американын Иранга кандайча кол салганын көрүп турат. Анткени Америка андан толук баш ийген кызматчыга айланышын жана өлкөнүн мунай менен газ байлыктарын, Венесуэлага жасагандай, Америка компанияларынын талап-тоноосуна таштап беришин каалады.

Ал мунун баарын жана келишимди да, жакшылыкты да сактабаган Америкага байланып калгандардын акыбети кандай болорун көрүп туруп, аны менен жана яхудий түзүмү менен болгон мамилесин мурдагыдай кор болуу, аларга таянуу, баш ийүү жана берилгендик курмандыктарын тартуулоо абалында сактап калууну улантууда. Америка андан кутулууну чечкен каалаган учурда анын башына эмне түшүшү мүмкүн экенине да маани бербейт.

Ошентип, ал мактанып мындай дейт: «Египет айланасындагы оор шарттарга, эбегейсиз басымдарга жана согуштар менен улам кайталанган кризистер толкунe, анын көптөгөн өлкөлөрүн кыйраткан аймактагы болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга карабастан өз жолун улантты. Чоң экономикалык жоготууларга карабастан, Египет келечекти куруу жана өз мүмкүнчүлүктөрүн сактоо максатынан тайган жок».

Ал өз акылынын жана башкаруу жөндөмүнүн тайкылыгынан жети кабат калайга оролгон жумшак коркутуу сөздөрү яхудий түзүмү сыяктуу кылмышкер, жырткыч түзүмгө же Америка сыяктуу текебер, колонизатор, бой көтөргөн мамлекетке таасир берет деп ойлойт! Ошондуктан ал: «Элинин аң-сезиминин жана жоокерлеринин күчүнүн аркасында эч ким Египетке да, анын мүмкүнчүлүктөрүнө да кол тийгизе албайт», — деп, Египет «алынгыс чеп жана коопсуздук менен туруктуулуктун тиреги бойдон кала берет», — дейт.

Ушунун баарынын арасында коопсуздук органдары менен армия жетекчилеринин анын айланасында биригип турушун камсыз кылуу Сиси үчүн эң маанилүү маселе. Ошондуктан ал аларга ыраазычылык билдирет. Сиси текебер Трамптын жетекчилигинин шартында Египетти жана аймакты курчап турган чоң коркунучтарды көрүп турат. Ошондой эле яхудий түзүмүнүн күчөп баратканын, Жакынкы Чыгыштын көрүнүшүн өзгөртүү жана Египет менен Түркияны алсыратууга даярдануу тууралуу тынымсыз айтып жатканын көрүп турат. Бирок ал агрессия болуп калса, Египет ага каршы турууга даяр деп өзүн жана айланасындагыларды сооротуу менен гана чектелүүдө. Даярдык иш менен эмес, тилек менен боло тургандай!

Акылдуу адам башкалардан сабак алат. Вакыйлык яхудийлердин Египетке каршы агрессиясы убакыттын гана маселеси болуп калганын ырастоодо. Тажрыйба көрсөткөндөй, Америка өзүнүн кызыкчылыктары Жакынкы Чыгыштагы алдыңкы базасы болушу үчүн даярдаган яхудий түзүмүнүн пландарында экенин көрсө, Сисини да, анын жардамчыларын да жоготуудан өкүнбөйт.

Эгер Сиси менен анын режими акыл калчаганда, яхудий түзүмү аларга “кеч киргизгенге” чейин, алар ага “таң аттырмак”. Бирок аларда акыл менен ой жүгүртүү болмок беле?! Анткени малайлык алардын жүрөктөрүн да, акылдарын да сокур кылып, алар артта калгандар сыяктуу болуп калышты:

﴿رَضُوا بِأَن يَكُونُوا مَعَ الْخَوَالِفِ وَطُبِعَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَفْقَهُونَ﴾

«Алар катын-калачтар менен калууга ыраазы болушту. Дилдерине мөөр басылып коюлду. Демек, эми алар (жихадга чыгууда боло турган жакшылыкты) түшүнүшпөйт». (Тообо: 87).

Мына ушул нерсе Египет армиясындагы ихластуу офицерлер менен штаб жетекчилерин убакыт өтүп кете электе демилгени өз колдоруна алып, өлкөнү Исламга, иззатка жана азаттыкка карай жетектөөгө милдеттендирет:

﴿كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّن قَرْنٍ فَنَادَوْا وَلَاتَ حِينَ مَنَاصٍ﴾

«Биз Алардан илгери дагы канча кылым-урпактарды (ыймансыздыктары себептүү) жок кылганыбызда, алар (баштарына азап түшкөндө жардам сурап) жалбарышкан, (бирок бул учур азаптан) качып кутулуу учуру эмес эле». (Сод: 3).

Роя гезити

Устаз Саид Фадл

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button