Роя гезити

Кашмирди азат кылуунун жалгыз чечими — Халифалык

Кашмирди азат кылуунун жалгыз чечими — Халифалык

Индиядагы мушрик мамлекет 2019-жылдын 5-августунда 370-беренени жокко чыгаргандан бери жети жыл өттү. Бул күн Кашмир мусулмандарынын башына түшкөн узакка созулган кырсыктардын тизмесине кошулган дагы апаат күн болду. Ушул күнү индус мамлекети Жамму жана Кашмирдин өзгөчө макамынан калган акыркы нерселерди расмий түрдө жокко чыгарып, аны өзүнүн фашисттик «Хиндутва» долбооруна кошту.

5-августтан кийин Исламий өзгөчөлүктү жана бул жердин демографиялык түзүлүшүн жок кылууга багытталган системалуу, көп катмарлуу курчоо башталды. Жаңы отурукташуу мыйзамдары иштелип чыгып, табигый ресурстар жана кеңири жерлер индус капиталисттерине сатууга коюлду. Муну менен мыйзамдык “муздак инженерия” аркылуу мусулман көпчүлүгү бутага алынган азчылыкка айландырылууда.

2019-жылдын 5-августунан кийин оккупацияланган Кашмир өрөөнү дүйнөдөгү эң чоң түрмөгө айланды. Мыкаачы коменданттык саат жана бир нече айга созулган байланыштын үзүлүшү миллиондогон адамдарды муунтту. Миңдеген мусулман эркектер, аялдар, ал тургай балдар да коомдук коопсуздук жөнүндө мыйзам аркылуу сотсуз, мөөнөтсүз камакка алынды. Түрмөлөр менен кыйноо борборлору толуп, каршылык көрсөтүүнүн жана башкача пикир билдирүүнүн ар кандай үнү 900 миң индиялык аскердин өтүгүнүн алдында тебеленди.

Бул жаңырык кокустук эмес эле. 2017-жылы идеолог Рам Мадхав: «Биз (израилден) анын терроризм жана чек ара коопсуздугу менен кандай мамиле кылганын үйрөнүшүбүз керек», — деген. Яхудий түзүмүнүн коопсуздугу тыгыз жана технологиялык аскерий оккупация модели көзөмөл мунаралары, учкучсуз учуучу аппараттар жана жасалма интеллект аркылуу көзөмөлдөө менен күчөтүлгөн. Дал ушул модел Кашмирде жайылтылды. Палестиналыктарды көзөмөлдөө үчүн тыңчылык программаларын камсыздаган NSO Group жана Verint сыяктуу яхудий компаниялары Индия өкмөтүнө көзөмөл системаларын сатышкан. Индия өкмөтү аларды Кашмир каршылыгынын ар кандай үндөрүн басуу үчүн колдонууда. Бул Исламга жана мусулмандарга болгон жек көрүүсү бириктирген, континенттерди камтыган бекем индус-сионисттик альянстын мөмөсү.

Кылмышкер индус мамлекет ондогон жылдар бою бул кадамга баруудан тартынган. Анткени ал жалгыз салттуу коркунучтан т.а. Пакистан армиясынан жана анын “Кашмир – Пакистандын күрөө тамыры” деген тарыхый талабынан коркчу. Өрөөндөгү эзилген мусулмандарда да 370-берене Пакистандын аскерий жетекчилиги үчүн кызыл сызык болот деген алсыз үмүт бар эле. Дал ушул болжолдонгон коркунуч «Хиндутва» карышкырын кандайдыр бир деңгээлде алыста кармап турган. Бирок 2019-жылга келгенде Индиядагы «Хиндутва» акимдерине кыянатчыл жашыруун каналдар аркылуу «күрөө тамыр» деген сөз куру ураан гана экени, ал эми Пакистандагы малай аскерий жетекчилик жокко чыгаруу документинин сыясы кургай электе эле Кашмирдин канын сатып жибергени билдирилген эле.

Бул кыянатчылык жакында эле болгон артка кетүү эмес. Тескерисинче, улуттук мамлекет түзүлгөндөн бери Пакистандын ар бир акиминин канында жүрүп келе жаткан ыплас келишимдин уландысы. Алар өздөрүнүн колонизатор кафир кожоюндарын ыраазы кылуу менен бирге тактыларын сактап калуу үчүн Кашмир маселесин дайыма соодалашуу куралы катары колдонуп келишкен.

Ошентип, үзгүлтүксүз уланып келген кыянатчылыктын чынжыры 1966-жылы Ташкентте фельдмаршал Аюб Хандан башталды. Ал 1965-жылдагы согушта аскерий демилгени өткөрүп берип, Американын макулдугунун ордуна согушпоо тууралуу куру келишимди кабыл алды. Зульфикар Али Бхутто 1972-жылы Шимлада бул сатууну андан ары тереңдетип, ок атышууну токтотуу линиясын Көзөмөл линиясына айлантты. Наваз Шариф Лахор декларациясы менен кыянатчылыктын үстүн жаап, андан кийин Клинтондун көрсөтмөсү менен Каргилдеги мужахиддерден баш тартты. Батыштын ачык малайы Мушарраф болсо бул сооданы чеберчилик менен жүргүзүп, багынып берүүнүн формуласы болгон белгилүү төрт пункттан турган формуланы сунуштады. Унчукпай багынып берүүнүн негиздөөчүсү генерал Каяни пайдасыз артиллериялык ок атууларды жүргүзүп турганда, жашыруун каналдар Дели менен Вашингтонду «күрөө тамыр» ички керектөө үчүн гана колдонулган басымды чыгаруучу клапан экенине ишендирип турушту.

Ал эми 2019-жылдагы кыянатчылыктын “инженери” генерал Бажва багынып берүүнү геоэкономика тилине ороп, бул “өнөрдү” жакшы өздөштүрдү. Анын көзөмөлү астында 5-августтагы агрессия үшкүрүк менен гана кабыл алынды. Ал жана анын жарандык өнөктөшү Имран Хан Пакистандын бардык жериндеги мусулмандардын каарын басууну кылдат координациялашты. Эч кандай натыйжа бербеген «дхарна» нааразылык оюндарын өткөрүүгө уруксат берип, ошол эле учурда конкреттүү чараларды көрүүгө жана дипломатиялык мамилелерди үзүүгө чакырган калыс үндөрдү камакка алышты. Имран Хан камералар турган столду муштап, министрин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алдында жалбарууга жөнөттү. Андан соң кордукту унчукпай жутуп, сооданы кайра ачты жана кафирлер демөөрчүлүк кылган «тынчтык» сүйлөшүүлөрүн атактуу, уяттуу артка чегинүү саясатын колдонуу менен улантты.

Ал эми бүгүн генерал Асим Мунир да ошол эле сценарийди улантууда. Ал мусулмандардын чыныгы каарын басып жана мазлумдардын үнсүз кыйкырыктарына кулак салбай келет. Аюбдан Бхуттого, Наваздан Мушаррафка, Каяниден Имранга жана эми Мунирге чейин услубдар өзгөрөт, бирок сценарий өзгөрбөйт. Кашмир бул малай рувайбизалар үчүн өздөрүнүн куфр тактыларын сактап калуу жана кожоюну Американын эркин ишке ашыруу үчүн соода кылуучу каражаттан башка нерсе эмес.

Бул алсыздык жана кордук Халифалыктын жоктугунун түздөн-түз жана сөзсүз болуучу натыйжасы. Кашмир мусулмандарын камап турган, 1947-жылы чыгып кетип жаткан британ колонизатор күчү тарабынан чийилген чек аралар — үммөттүн денесиндеги терең жараат. Эч кандай мунаса жыты жок жалгыз чечим жана Вашингтондон Тель-Авив жана Нью-Делиге чейин Аллахтын душмандарын коркута турган жалгыз жол — бул колонизатордук түзүмдөрдү талкалап, Кашмирден Андалуска чейин, Кавказдан Сахарага чейин бардык исламий өлкөлөрдү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын астында бириктирүү.

Эй, Пакистандын куралдуу күчтөрүндөгү калыс офицерлер! Акимдериңердин кыянатчылыгын мойнуңарга алгыла. Алар — Аллахтын өкүмүн дайыма четке кагып, кафир улуттук мамлекет түзүмүн ишке ашырып келген элита. Бул малай акимдерге отун болбогула. Силер Халид ибн Валид менен Мухаммад ибн Касымдын урпактарысыңар, үммөттүн канына курулган тактыны коргоого эмес, акыйкат сөзүн бийик көтөрүүгө чакырылган жоокерлерсиңер. Алар Акыретин сатып жиберген бул өтмө дүйнө — улуу эсеп-кысаптын алдындагы бир гана аялдама. Ал жерде бардык амалдар ачыкка чыгат: биз Жаратуучунун мыйзамын кармандыкпы же кафирлердин мыйзамдарын колдондукпу? деп жооп беребиз.

Ыйманыңар жооп берсин, анткени ал силерге Саъд ибн Муаз сыяктуу болууну жар салууда. Анын чечкиндүү позициясы батылдын тактыларын солкулдаткан. Кыймылга келгиле жана рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан Хизб ут-Тахрирдин калыс жетекчилигине нусрат бергиле. Үммөт ичиндеги балдар менен аялдар, жаштар менен карылар, Кашмирдин эзилген өрөөндөрүнөн туткундагы Аксага чейин силердин көтөрүлүп, бул залим акимдерди кулатып, Халифалыкты тикелөөңөрдү күтүп жатат.

Эй, Пакистандын куралдуу күчтөрүндөгү калыс офицерлер! 370-берененин жокко чыгарылгандыгынын жетинчи жылдыгында Кашмир өрөөнүнөн Газага чейин шахиддердин энелеринин онтогону жана балдардын кыйкырыгы силерди көтөрүлүп, аракет кылууга чакырган күчтүү чакырык болсун. Бузуку малай акимдер мусулмандардын басып алынган жерлеринин бир карыш жерин да азат кылышпайт. Жалгыз баш калкалоо, күч жана иззат Халифалыкта, дүйнөнү Аллахтын шарияты менен башкара турган мамлекетте. Аллах ﷻ айтты:

﴿هَٰذَا بَلَاغٌ لِّلنَّاسِ وَلِيُنذَرُوا بِهِ وَلِيَعْلَمُوا أَنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ وَلِيَذَّكَّرَ أُولُ الْأَلْبَابِ﴾

«Бул (Куран) адамдар эскертилүүлөрү жана (Алла) Жалгыз Кудай экендигин билүүлөрү, ошондой эле акыл ээлери үлгү-эскертме алуулары үчүн (Алла тарабынан тушүрүлгөн) бир аят-кабар». (Ибрахим: 52).

Роя гезити

Устаз Мухаммад Абдуллах — Кашмир.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button