Күйүүчү майдын баасы дагы кымбатташы мүмкүн

Күйүүчү майдын баасы дагы кымбатташы мүмкүн
Кыргызстандын мунай соодагерлери күйүүчү-майлоочу продукциялар базарында кырдаал курчуп баратканын эскертүүдө. Буга чейин төмөн баада алынган күйүүчү майдын запасы акырындап азайып жатат. Ошол эле учурда жаңы партиялардын баасы кыйла жогорулады.
Кыргызстандагы мунай трейдерлер ассоциациясынын (АНК) маалыматына ылайык, азыркы негизги көйгөй күйүүчү майды кайдан алуу маселесинде эмес, аны учурдагы базардын баасында сатып алууга бизнестин мүмкүнчүлүгү жетип-жетпешинде.
Азыр Беларусияда АИ-92 бензининин бир тоннасы болжол менен 1 350–1 400 доллар, дизель майы 1 400–1 500 доллар турат. Түркмөнстанда бензиндин баасы 1 300–1 400 доллар, дизель майы 1 350–1 450 доллардын тегерегинде. Орусиядан келген дизель майы 1 450–1 500 долларга чейин жетсе, Кытайдан ташып келинген дизель майынын баасы жеткирүү чыгымдарын кошкондо болжол менен 1 370 долларды түзөт.
Бензин боюнча абалды Орусиядагы таңсыктык дагы татаалдаштырууда. Орусиялык компаниялар Беларусиядан да күйүүчү майды активдүү сатып алып жатышат. Натыйжада Кыргызстанга жеткиликтүү көлөм кыскарып, ресурс үчүн атаандаштык күчөп, баага кошумча басым жаралууда.
Мунай трейдерлеринин айтымында, мурун арзаныраак баада алынган күйүүчү майдын запасы азайып баратат. Ички базарды үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн компаниялар эми мунайдын жаңы партияларын кыйла жогору баада сатып алууга аргасыз. Бирок, бизнес үчүн мамлекет кымбаттаган сатып алуу чыгымдарын кандай механизм менен жана кандай көлөмдө компенсациялай турганы боюнча так жооп керек.
Кыргызстанда күйүүчү-майлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу механизми иштейт. Анын негизги максаты — күйүүчү майдын керектөөчүлөр үчүн баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө.
Бирок учурдагы мамлекеттик колдоо механизми мурунку, кыйла төмөн баалардын негизинде түзүлгөн. Азыр базардагы шарттар өзгөрүп, импорттук күйүүчү майдын наркы олуттуу өстү.



