Кабар

Кыргызстандан Кытайга өткөн 78 тонна алтындын ээси ким?

Кыргызстандан Кытайга өткөн 78 тонна алтындын ээси ким?

Кытайдын расмий маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары Кыргызстандан Кытайга жалпысынан 78 тоннага жакын алтын кирген. Анын наркы болжол менен 7,6 млрд долларды түзөт. Бирок Кыргызстандын Улуттук статистика комитети ошол эле мезгилде Кытайга дээрлик алтын экспорттолбогонун көрсөтүп турат. 2025-жылы болгону 200 грамм, ал эми 2024-жылы негизги алтын Швейцария, Улуу Британия жана башка өлкөлөргө сатылган.

Кыргыз Бажы кызматы бул айырманы Кытайдагы «бондулук аймак аркылуу соода» режимине шылтоолоп жаткандай. Кыргыз тарап билдиришинче, 2024-жылы Кытай менен болгон бажы сүйлөшүүлөрүндө бул алтынды «үчүнчү өлкөлөр» жөнөткөнү айтылган.

Бирок негизги суроо жоопсуз калууда: эгер алтын Кыргызстан аркылуу өткөн болсо, анда эмне үчүн Кыргызстандын статистикасында катталбаган? Ошондой эле алтын кайсы өлкөгө таандык экени жана Кыргызстан аркылуу кайсы маршрут менен өткөнү ачыкталган эмес.

Эгерде башка өлкөнүн алтыны экспорттолгон болсо, расмий бийлик кайсыл өлкөдөн кандай өлчөмдө өткөрүлгөнүн так документтер менен көрсөтүп коюшу керек эле. Андыктан, кыргыз калкы жалпы элдин мүлкү болгон алтын жана башка кендерден өндүрүлгөн байлыктардын эсебин талап кылып, аны элдин кызыкчылыгына иштешин талап кылуусу керек.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button