2035-жылы дүйнөдө мусулмандардын саны христиандардан ашышы мүмкүн

2035-жылы дүйнөдө мусулмандардын саны христиандардан ашышы мүмкүн
Вашингтондо жайгашкан “Pew Research Center” аналитикалык борборунун изилдөөсүнө ылайык, 2035-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын саны христиандардын санынан ашат.
Адистер мындай өсүштүн негизги себептеринин бири катары мусулман үй-бүлөлөрүндө төрөлгөн балдардын саны башка ири диний топторго салыштырмалуу жогору экенин белгилешет.
Изилдөөнүн маалыматына караганда, 2020–2025-жылдары бир мусулман аялга орточо 3,1 бала туура келген. Христиан аялдарда бул көрсөткүч 2,5 баланы, ал эми башка диний топтордо орточо 1,6 баланы түзгөн.
Борбордун эсебинде, 2020-жылы дүйнөдө 2,27 миллиард христиан жана 2,02 миллиард мусулман болгон.
Божомол боюнча, 2035-жылга карата мусулмандардын саны 2,57 миллиардга жетсе, христиандардын саны 2,52 миллиарддын тегерегинде болот. Эгер азыркы тенденция сакталса, 2070-жылга чейин мусулмандардын саны 3,6 миллиарддан ашып, христиандардын саны 3 миллиардга жетпей калышы мүмкүн.
Изилдөөдө башка диндердин өкүлдөрүнүн саны боюнча да божомолдор келтирилген. Тактап айтканда, 2070-жылга карата индустардын саны 1,2 миллиарддан 1,4 миллиардга, иудаизмди тутунгандардын саны 14 миллиондон 18 миллионго чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Бирок алардын дүйнө калкындагы үлүшү азаят.
Ал эми буддизмди тутунгандардын саны тескерисинче, 324 миллиондон 235 миллионго чейин кыскарышы мүмкүн. Ошондой эле эч бир динди тутунбай турган адамдардын дүйнө калкындагы үлүшү 24 пайыздан 17 пайызга чейин төмөндөй турганы айтылат.




