Макала

«Жаңы Кыргызстан» деген эмне: жаңы мамлекетпи же курулай көрүнүшпү?

«Жаңы Кыргызстан» деген эмне: жаңы мамлекетпи же курулай көрүнүшпү?

Садыр Жапаров «Ырыс-Ордо» конгресс-борборун жаңы имаратты ачылышы гана эмес, бийлик «Жаңы Кыргызстан» деп атаган түшүнүктүн да бет ачары катары таанытты. Ачылышта президент элдин биримдиги, жаңы баскыч, Кыргызстандын эл аралык аброю жана мамлекеттин ири долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу жөндөмү тууралуу сөз кылды. Ошол эле учурда ал эгемендүүлүктүн 35 жылын саясий тирешүүлөр, саясатчылардын демагогиясы, популизм жана коомдун түндүк-түштүккө бөлүнүшү менен байланыштырды.

Натыйжада шайлоо алдындагы саясатта коомчулукка жакшы тааныш болгон эски риторика, башкача айтканда, мурдагы саясатчылар көп сүйлөдү азыркы бийлик болсо иш жүзүндө жасап жатат” деген сөздөр кайрадан пайда болду. Баса белгилей кетчү жагдай, айтылган сөздөрдүн дээрлик баары шайлоо алдындагы чакырыкка окшоп, анын саясий мааниси даана байкалууда. Тагыраагы, мурда кыла алышкан эмес биз кыла алдык” деген сөз.

Кезектеги президенттик шайлоо жакындап келе жаткан шартта бул өзгөчө мааниге ээ. Саясий кампания үчүн мындай иш абдан ыңгайлуу. Бул жерде, «мага добуш бергиле» деп түздөн-түз айтуунун деле кереги жок. Болгону көзгө көрүнгөн жыйынтыктарды көрсөтүп, жарандарга өздөрү жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүгүн берип коюу жетиштүү болот.

Бирок бул жерде башка негизги суроо туулат: «Жаңы Кыргызстан» долбоорунун маңызы эмнеде?

Азырынча анын ишке ашып жатканын көрсөткөн негизги далили катары имараттар, тагыраагы, «Ырыс-Ордо», «Бишкек Арена», жолдор жана башка курулуш объектилери гана көрсөтүлүүдө. Бирок жаңы имараттын курулушу жаңы өлкө түзүлдү дегенди билдирбейт.

Экономиканын жаңы модели кайда? Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактары кандай өзгөрөт? Жаран менен мамлекеттин ортосундагы мамиле кандай болот? Сот системасы, коррупция, жумуш орундары жана миграция боюнча кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө? Ал эми ушунча көп сөз болуп жаткан жаштарга келечектин кандай образы сунушталууда?

Дал ушул жерде дагы бир ыңгайсыз суроо жаралат: чындап эле Кыргызстандын эл аралык ролу чет өлкөлүк меймандарды татыктуу тосуп алып, жайгаштырып, саммиттерди өткөрүп, андан кийин узатып коюу менен гана чектелеби? Биз дагы деле башкалардын иш-чараларын тейлеген тараптын милдетин гана аткара беребизби?

Кыргызстан ШКУнун мейманканасы эмес го? Заманбап конгресс-борбору, албетте, керек болушу мүмкүн. Бирок өлкөнүн эл аралык бедели кооз залда отурган президенттердин саны менен өлчөнбөйт. Бул жерде башка нерсе маанилүү, башкача айтканда: кайсы келишимдер жаңы жумуш орундарын түздү жана мындан ар бир кыргызстандык жаран катары конкреттүү кандай пайда көрө алат?

Меймандар кетип, саммит да аяктайт. Баары бүткөн соң, өлкөдө имарат менен сүрөттөрдөн башка эмне калат?

Анын үстүнө, кандайдыр бир объектти куруп коюу, бул иштин жарымы. Аны кийинки ондогон жылдар бою каржылап, тейлеп жана талаптагыдай абалда кармап туруу керек. Ошондуктан коомчулук курулуштун баасын гана эмес, объектти иштетүүгө кеткен чыгымдарды, анын канчалык деңгээлде пайдаланыларын жана өлкө экономикасына кандай киреше берерин да билиши маанилүү.

Калктын арасында жакырчылык дагы деле сакталып турган шартта, мамлекеттин ийгилигин жаңы имараттардын чарчы метрлери менен өлчөө өзгөчө таң калычтуу көрүнөт.

Борбор Азиянын жакырчылыгына карабастан, чөлкөмдө жалпы эле мамлекеттик «фасаддардын» жарышы жүрүп жаткандай бир көрүнүш пайда болууда: ким кооз аэропорт, стадион, имарат же конгресс-борбор курат, ким эң шаңдуу саммит өткөрөт дегендей. Ар бир өлкө: «Биз эми четте калган, экинчи пландагы мамлекет эмеспиз» деп өзүнүн маанилүүлүгүн далилдегиси келет.

Бирок бул жерде өнүгүүнүн белгисин чыныгы өнүгүүнүн өзү менен чаташтырып алуу оңой. Укмуштуудай конгресс-борбор куруп коюу жеңил, бирок аны менен жаңы экономикалык модел түзүлөбү? Президенттерди коноктоп коюу менен чечим кабыл алынуучу борборго айланып кетүү мүмкүнбү?

Дал ушул жерден, биз эң негизги көйгөйгө келип такалабыз. «Жаңы Кыргызстандын» жаңы идеологиясы кайда? Биримдикке чакырык бар дейли. Бирок ал биримдик эмненин негизинде түзүлөт жана кандай максатты көздөйт?

Чыныгы идеологиялык долбоор дал ушул суроолорго жооп бериши керек. Азырынча болсо «Жаңы Кыргызстанды» биринчи кезекте курулуштар аркылуу көрсөтүүгө аракет жасалып жаткандай көрүнүүдө.

Чыныгы «Жаңы Кыргызстан» болушу үчүн, кайсы жетекчи бийликке келбесин, андан кийин да сакталып кала турган система болушу керек. Ал узак мөөнөттүү стратегияга, ишенимдүү иштеген институттарга, экономиканын жаңы моделине, сапаттуу билим берүүгө, адилеттүү мыйзамдарга жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга негизделиши зарыл.

Болбосо, «Жаңы Кыргызстан» долбоору: 35 жыл бою башкалардын колунан келген жок, ал эми биздин колубуздан келди. Алар сөз менен гана чектелди, биз курдук. Алар бөлүп-жарды, биз бириктирдик деген азыркы бийликтин жөн гана саясий брендине айланып калуу коркунучуна туш болот. Мындай кептер Казакстанда бир нече жылдан бери натыйжасыз кайра-кайра айтылып келет. Ал эми бул сөздөр өз кезегинде, анын шайлоо алдындагы мүнөзүн даана көрсөтүүдө.

Ал эми Кыргызстанга жаңы фасаддан да көбүрөөк нерсе керек. Кыргызстанга адамдын жана коомдун негизги көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмдүү бүтүндөй бир система аздык кылууда. Ага жашаш үчүн, күрөшүү үчүн жаңы маңыз, жаңы багыт керек. Дал ушул маңыздын негизинде мусулмандар коомдун өнүгүшүнө жигердүү катышып, Илахий мыйзамдарга, тагыраагы Жараткандын мыйзамдарына таянган адилеттүү мамлекетти куруу максатын илгерилете алат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button