Макала

«Талибан» АКШ менен кантип соодалашып, кандай тобокелдикке барып жатат?

«Талибан» АКШ менен кантип соодалашып, кандай тобокелдикке барып жатат?

Расмий Кабул Вашингтонго америкалык элчиликтин ишин кайра жандандырууну, дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүнү, ошондой эле Ооганстандын кен байлыктарын өздөштүрүүгө, жолдорду жана суу сактагычтар курууга инвестиция салууну сунуштады. Биринчи караганда, бул демилге «Талибандын» тышкы саясатында олуттуу бурулуш болуп жатканын көрсөткөндөй болушу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө бул кадамды АКШ менен болгон мамилелерди аскердик тирешүү жана талаптардын алкагынан чыгарып, дипломатиялык жана экономикалык кызматташтык багытына буруу аракети катары кароо туура болот.

Ооганстандын Тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки америкалык тарапты өлкөгө кайра кайтып келүүгө чакырып, ошол эле учурда маанилүү шартты ачык белгиледи. Башкача айтканда, Ооганстанда АКШнын аскердик аралашуусу четке кагылат. Бул талаптын маанилүүлүгүн Вашингтондун буга чейинки позициясына салыштырып көргөндө байкасак болот. Мурда АКШ Баграм аскердик базасына кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн ачык талкуулап, анын стратегиялык маанисин, өзгөчө Кытайга жакын жайгашканын баса белгилеп келген.

Бул өңүттөн алганда, «Талибандын» негизги максаты эл аралык изоляциядан чыгуу, экономикага абдан зарыл болгон каржы жана технологияларды тартуу, ошондой эле Ооганстан бир гана Кытайга, Орусияга же башка бир өнөктөшкө көз каранды болууну көздөбөй турганын башка тышкы оюнчуларга көрсөтүү болушу мүмкүн. Башкача айтканда, сөз көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүү жана ири державалардын ортосундагы атаандаштыкты Кабулдун өзүнүн саясий мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн пайдалануу аракети жөнүндө болуп жатат. Мында америкалыктарга жөн гана «Ооганстанга кайтып келүү» сунушталып жаткан жок. Тескерисинче, аларга өлкөнүн экономикасына инвестиция салууга, анын инфраструктуралык долбоорлоруна катышууга жана Кабул менен дипломатиялык байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк сунушталууда.

Бирок дал ушул жерде негизги стратегиялык тобокелдик жаралат. «Талибан» АКШ өзүнүн экономикалык жана дипломатиялык жактан Ооганстанга кайтып келишин өзүнчө максат катары эмес, чөлкөмдөгү узак мөөнөттүү таасирин кайра калыбына келтирүүнүн куралы катары карашы мүмкүн экенин эске алышы керек. Эгерде америкалыктардын өлкөдө катышуусу бара-бара чалгындоо жаатындагы кызматташтыкка, инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылууга, стратегиялык инфраструктурага жетүүгө жана Кытайга каршы багытталган саясатка байланыша баштаса, анда бүгүнкү экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр бара-бара саясий көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Кытай фактору бул жерде өзгөчө сезимтал маселе болуп саналат. Ооганстан Борбордук жана Түштүк Азияны бириктирген географиялык мейкиндик катары стратегиялык мааниге ээ. Мындан тышкары, өлкөнүн кен байлыктары да тышкы оюнчулардын кызыгуусун арттырып келет. Ушундан улам, Вашингтон Кабул менен кызматташууну Ооганстандын ички өнүгүүсүнүн алкагындагы гана маселе катары эмес, Бээжин менен жүрүп жаткан кеңири геосаясий атаандаштыктын бир бөлүгү катары карашы толук мүмкүн.

Эгерде кырдаал ушундай нукта өнүгө турган болсо, «Талибандын» алдында олуттуу тандоо пайда болот. Ал, же америкалык тараптын кызыкчылыгын Ооганстандын өзүнүн өнүгүүсүнө пайдаланыш керек, же өлкө акырындык менен АКШнын Кытайды ооздуктай турган стратегиясынын таяныч аянтчасына айланып кетиши ыктымал. Дал ушул себептен улам, негизги коркунуч америкалык дипломаттардын же инвесторлордун Ооганстанга келишинде эмес, олуттуу коркунуч «Талибандын» кырдаалды жана саясий процесстерди өз көзөмөлүндө кармап туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуусунда.

Кабул «дипломатияга жана инвестицияга – ооба, аскердик базаларга – жок» деген принципти өзү аныктап, кызматташтыктын чегин өзү белгилеп турганга чейин, бул демилге Ооганстандын тышкы саясатынын өз кызыкчылыгына кызмат кылган куралы бойдон кала берет. Бирок кызматташуунун шарттарын Вашингтон аныктай баштаса, ал эми мындай тобокелдиктин ыктымалдыгы кыйла жогору, анда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүшү мүмкүн. Анткени америкалык инвестициялар убакыттын өтүшү менен коопсуздук, чалгындоо, стратегиялык инфраструктура жана тышкы саясат боюнча белгилүү бир талаптар менен коштолот.

Мындай шартта формалдуу түрдө эгемендүү бойдон калган Ооганстан акырындык менен тышкы милдеттенмелердин жана көз карандылыктардын татаал түзүмүнө кабылып, андан экономикалык жана саясий жоготууларсыз чыгуу барган сайын кыйын болуп калат.

Бул жагдай «Талибан» үчүн дагы бир жагынан өзгөчө кооптуу. Анткени АКШ менен кызматташуу боюнча азыркы демилге кыймылдын бийликке кайтып келгенинин беш жылдыгы белгиленип жаткан учурга туш келип жатат. Бул күндөрү расмий баяндамаларда АКШ жана НАТО мурдагыдай эле Ооганстанда жеңилүүгө учураган күчтөр катары көрсөтүлүүдө. Өлкөдө аскердик параддар өткөрүлүп, атүгүл америкалык аскерлерге каршы жасалган чабуулдардын сахналаштырылган көрүнүштөрү көрсөтүлүүдө.

Амир Хан Муттаки да өз сөздөрүндө чет элдик баскынчылыкка жана Ооганстанга батыштык саясий моделди таңуулоо аракеттерине каршы күрөштө жеңишке жетишилгенин баса белгилеп келет. Дал ушул жагдайда, АКШны дипломатиялык жана экономикалык жактан Ооганстанга кайтып келүүгө чакыруу аракети Ооганстан өз идеологиясынан баш тартып жаткандай эмес, тескерисинче, Американын ал жерде катышуусун түзүлүш жана мазмун жагынан өзгөртүү аракети катары түшүндүрүүгө болот.

«Талибандын» көз карашына жана алар баса белгилеп жаткан айырмачылыкка таянсак, Ооган жериндеги америкалык жоокер баскынчылыктын символу, ал эми америкалык дипломат жаңы Ооганстандын шарттарын кабыл алган инвестор. Башкача айтканда, ал Кабул менен кызматташууга келген өнөктөш катары көрсөтүлүүдө. Тагыраагы, аскердик көз карандылыктын ордун экономикалык жана саясий көз карандылык ээлеп калган абал жаралууда.

«Талибандын» ой жүгүртүүсүнө ылайык, АКШ Ооганстандан аскердик күч катары чыгып кеткен болсо, эми кайрадан өлкөгө үстөмдүк кылуучу күч катары эмес, тескерисинче, Кабул менен сүйлөшүүгө жана өз ара макулдашууга барууга аргасыз болгон мамлекет катары кайтып келүүдө. Бирок мындай мамиленин өзү да өтө алсыз, кооптуу жана чектелген. Эгерде америкалык инвестициялар жаңы жумуш орундарын түзүп, инфраструктураны өнүктүрүп, бюджеттин кирешесин көбөйтүп, Кабулга тышкы байланыштарын диверсификациялоого мүмкүнчүлүк берсе, анда мындай кызматташтык Ооганстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, эгемендүүлүгүн бекемдөөгө салым кошо алат. Бирок капитал менен кошо өлкөнүн стратегиялык ресурстарына жана маанилүү инфраструктурасына көзөмөл орной баштаса, анда бул кызматташтык тескери натыйжага алып келиши толук мүмкүн.

Мындай шартта АКШнын аскердик жайгашуусунун өзү да зарыл болбой калышы ыктымал. Анткени экономикалык көз карандылыктын өзү эле саясий таасир этүүнүн натыйжалуу рычагдарын түзүп бере алат.

Вашингтон Кабулга экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана саясий мамилелерди нормалдаштырууну сунуштап, бирок анын ордуна Кытайга карата америкалык стратегияга көмөктөшүүнү талап кыла турган болсо, анда жагдай Кабул үчүн оорлошуп, олуттуу мүнөзгө ээ болот. Анткени «Талибан» формалдуу түрдө өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактап калганы менен, иш жүзүндө тышкы саясатын жүргүзүүдө америкалык кызыкчылыктарды эске алууга аргасыз болгон абалга туш болот. Натыйжада Ооганстан өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, ири державалардын ортосундагы геосаясий атаандаштыктын таасирине көз каранды болуп калуу коркунучунда калат. Ошондуктан азыркы демилге бир гана шартта күчтүү дипломатиялык кадам боло алат: «Талибан» өзүнүн саясий багытын жана кызматташтыктын негизги шарттарын көзөмөлдөөнү Ислам мабдасына ылайык сактап, бул кызматташтыктын акырындык менен колонизатордук күч алдындагы бир тараптуу милдеттенмелерге айланып кетишине жол бербеши керек.

Азыркы демилгенин башкы тобокелдиги да дал ушул жерде болууда. Вашингтонго аскердик жайгашуунун ордуна дипломатиялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктү сунуштоо менен «Талибан» биринчи кадамда саясий артыкчылыкка жетиши мүмкүн. Бирок эгерде ал кызматташтыктын кийинки шарттарын аныктоого жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып алса, бара-бара бүгүн өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып жаткан геосаясий оюндун барымтасыболупкалышытолукыктымал.

Демек, «Талибан» АКШнын Ооганстанга болгон кызыгуусун ооган саясатынын кызыкчылыктарына кызмат кылган ресурс катары пайдаланып, ошол эле учурда Ооганстандын өзүн америкалыктардын Кытай менен болгон геосаясий атаандаштыгындагы саясий ресурска айлантып жибербөө үчүн сүйлөшүүлөрдүн шарттарын өз көзөмөлүндө кармай алабы? – деген негизги суроо сакталып калууда.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button