Бишкекте ШКУнун 25 жылдык юбилейлик саммити өтөт

Бишкекте ШКУнун 25 жылдык юбилейлик саммити өтөт
Харун Абдулхак
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдыгына арналган саммит өтөт. Иш-чара 31-август жана 1-сентябрь күндөрү уюштурулуп, уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери катышат. Юбилейлик саммитте мамлекет башчылары уюмдун 25 жылдык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашы күтүлүүдө. Ошондой эле саммиттин жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынат.
Уюм кантип түзүлгөн?
Шанхай кызматташтык уюмунун тарыхы 1996-жылдан башталат. Ошол жылы Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери «Шанхай бештигин» түзүшкөн. Анын негизги максаты — чек ара аймактарындагы ишенимди бекемдөө, коопсуздукту камсыз кылуу жана аскерий жааттагы чыңалууну азайтуу болгон.
2001-жылы Өзбекстан уюмга кошулуп, 15-июнда Шанхайда алты мамлекет Шанхай кызматташтык уюмун түзүү жөнүндө декларацияга кол коюшкан. Кийин уюмдун кызматташуу багыты кеңейип, коопсуздук менен катар экономика, транспорт, энергетика, маданият жана гуманитардык байланыштар да маанилүү багыттарга айланды.
Бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюмуна 10 мамлекет толук укуктуу мүчө болуп саналат. Алар — Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь. Индия менен Пакистан 2017-жылы, Иран 2023-жылы, ал эми Беларусь 2024-жылы толук укуктуу мүчө болуп кошулган. Мындан тышкары, ШКУда байкоочу мамлекеттер жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр да бар.
Мындай кеңири курам ШКУнун географиялык чөйрөсү кеңейип, анын Евразиядагы саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелерин талкуулаган маанилүү көп тараптуу аянтчага айланганын көрсөтөт. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча да ШКУ дүйнөдөгү ири көп тараптуу уюмдардын бири. 2025-жылдагы маалыматтар боюнча, уюмга мүчө 10 мамлекеттин жалпы ички дүң өнүмү болжол менен 27,5 триллион долларды түзгөн. Бул дүйнөлүк экономиканын болжол менен 23 пайызына жеткен көлөм.
ШКУнун негизги иш багыты
ШКУ үч негизги документти камтыйт: Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясы, Терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү жөнүндөгү Шанхай конвенциясы жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишими. Уюмдун саясаты, иш-аракети, багыты ушул документтерге негизделген.
Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясы ШКУнун негизги уставдык документи болуп эсептелет. Ал 2002-жылдын 7-июнунда Санкт-Петербург шаарында кабыл алынган жана 26 беренеден турат. Хартия уюмдун максаттарын жана принциптерин, кызматташуунун негизги багыттарын, ШКУ органдарынын түзүмүн жана ыйгарым укуктарын, чечимдерди кабыл алуу тартибин, мүчөлүк маселелерин, ошондой эле башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну аныктайт.
Экинчи негизги документ бул – Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жөнүндө Шанхай конвенциясы. Бул Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы биргелешкен аракеттеринин укуктук негизин түзгөн маанилүү документ болуп эсептелет. Конвенция 2001-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кабыл алынган.
Документте терроризм, сепаратизм жана экстремизм түшүнүктөрү аныкталып, аларга каршы күрөшүүдө мамлекеттердин кызматташуусунун негизги багыттары белгиленген. Ага маалымат алмашуу, тийиштүү органдардын өз ара аракеттенүүсү, террордук жана экстремисттик аракеттердин алдын алуу, ошондой эле кылмышка шектүүлөрдү издөө жана жоопкерчиликке тартуу боюнча кызматташуу кирет.
Бүгүнкү күндө дал ушул конвенциянын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүндө диний тармак боюнча стратегиялар түзүлүп, кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, дааватка, аялдардын жилбабына, эркектердин сакалына тыюу салынууда.
Ал эми, ШКУга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишими 2007-жылдын 16-августунда Бишкекте кабыл алынган. Документ мамлекеттердин ортосунда өз ара ишенимди, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Келишим ШКУга мүчө өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү жана ар тараптуу кызматташтыгынын укуктук негизин түзөт.
Россиянын позициясы
Россия ШКУга мүчө өлкөлөр арасында өзүнүн көз карашын жайылтууга аракет кылып келет. 2008-жылы Россия Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу маселесин көтөргөн. 2014-жылы Россия күн тартибине Крымды таануу маселесин көтөрүп чыккан. Ал эми 2022-жылы Москва БУУда Украинадагы согуш боюнча добуш берүүдө ШКУга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү позицияны карманышына жетишүүгө аракет кылган. Бирок орустун көз карашы уюмга мүчө башка мамлекеттердин тышкы саясий багыттары менен дайыма эле дал келе бербейт. Ошондуктан, Украина согушуна карата уюмга мүчө мамлекеттердин позициясы бирдиктүү эмес. А түгүл, Украина согушу себептүү Орусиянын алсырашы Борбор Азия жетекчилеринин көп векторлуу саясат жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Кытайдын позициясы
Кытай “Бир алкак – бир жол” демилгеси аркылуу өзүнүн таасирин жайып, экономикалык кубатын бекемдөөнү көздөйт. ШКУ анын бул стратегиясын жүзөгө ашыруучу платформалардын бири болуп калды. Ушул долбоордун алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында инфраструктуралык долбоорлорун тездик менен ишке ашырууда. Триллион долларга жеткени мындай ири долбоорлордун коопсуздугун камсыздоо үчүн Кытай ШКУдан тышкары өз алдынча аракеттерди да көрүп жатат. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнө курал-жарак жеткирүүнү көбөйтүп, алар менен эки тараптуу аскердик машыгууларды өткөрүүдө. Кытайдын куралдуу элдик милициясы Борбордук Азиядагы беш мамлекеттин ар бири менен аскердик машыгууларды өткөргөн. Мындан тышкары, Кытай аймакта түздөн-түз аскердик-коопсуздук катышуусун да күчөттү. Атап айтканда, Кытайдын куралдуу элдик милициясынын базаларынын бири Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына жакын жайгашкан.
ШКУ НАТОго каршы уюм боло алабы?
ШКУ кызыкчылыктары бир максатты көздөгөн өлкөлөрдөн куралган уюм деп айтууга болбойт. Ал тургай, бири-бирине каршы позициядагы мамлекеттер уюмга мүчө болушту. Маселен, Пакистан менен Индияны алсак, алардын ортосундагы карама-каршылык ШКУнун аянтчасына да жайылууда. Тагырак айтканда, Индия Пакистанды 2025-жылы 22-апрелде Пахалгам шаарында терракт уюштурду деп айыптаган. Ал эми, 2025-жылдын 25–26-июнунда Кытайдын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынында Индиянын коргоо министри ШКУдагы кесиптештерин Индиянын позициясын эске алууга жана Пакистанга карата чечкиндүү позицияны карманууга чакырды. Бирок, Делинин бул чакырыгы Циндаодо колдоо тапкан жок. Натыйжада Индия тарап ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынынын биргелешкен декларациясына кол коюудан баш тартты.
Ошондой эле, 2022-жылы 14-17-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматтатык уюмунун саммити өтүп жаткан учурда кыргыз-тажик чек арасында кандуу жаңжал чыккан.
Ал эми, АКШ менен “Израилдин” Иранга каршы чабуулу ШКУ үчүн негизги сыноолордон болуп калды. Себеби уюмдун мүчөсүнө каршы кол салуу жасалганына карабастан, уюм тынчсыздануусун билдирип, талаш-тартыштарды тынчтык жолу аркылуу чечүүгө чакыруу менен гана чектелди. Уюмга мүчө өлкө жетекчилеринин бири да Иранга болгон кол салууну ачык айыптап чыга алган жок. Өткөн айда Бишкекте өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин саммитинде Иран маселеси эки тараптуу жолугушуулардын алкагында талкууланды. Бул болсо, ШКУ коопсуздук маселесинде бир позицияда эмес экенин ачык көрсөтүп турат. А түгүл, Пакистан сыяктуу өлкөлөр бул согушта Америка кызыкчылыгы үчүн ортомчулук кылып, жан үрөп кызмат кылууда. Пакистан менен АКШ коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, соода, инвестиция жана аймактык туруктуулук боюнча бекем кызматташтыкты улантып жатышат. Пакистандын өкмөтү бул мамилени «Pakistan-U.S. partnership» жана узактан берки өнөктөштүк деп мүнөздөйт.
Андан тышкары, Индия да Батыш менен тыгыз кызматташып келет. Маселен, Индия менен АКШнын мамилеси «Комплекстүү глобалдык стратегиялык өнөктөштүккө» негизделген. Бул жөн гана дипломатиялык жакындашуу эмес, коргонуу, жогорку технология, соода, космос, энергетика жана Индо-Тынч океан аймагындагы коопсуздук боюнча кеңири кызматташтыкты камтыйт. Ошондой эле эки өлкө Кытайга каршы багытталган Quad форматына мүчө. Буга кошумча, мезгил-мезгили менен Индия-Кытай чек арасында жаңжалдар чыгып, Индия Кытайга атаандаш күч катары Американын колдоосун алып турат.
Борбор Азия өлкөлөрү болсо көп векторлуу саясатты алып барууга кызыкдар. Өзгөчө Казакстан менен Өзбекстан экономика жаатында бир гана Кытайга байланбастан, Батыш өлкөлөрү менен да кызматташып тең салмактуулукту сактоого аракет кылып жатышат.
Мындан тышкары, Кытайдын өзү да Америка менен мамилени чыңалтууга кызыктар эмес. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай менен АКШнын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 559,74 млрд долларды түздү. Анын ичинен Кытайдын АКШга экспорту 420 млрд долларды камтыды. Бул сумма Кытайдын 2025-жылдагы жалпы тышкы соодасынын 8,8%ын түзөт. Бул жагдай ШКУнун кадамдарына таасир кылып жатат. Ошондуктан, коопсуздук жаатында ШКУнун күн тартиби “үч жаман күчкө” (терроризм, сепаратизм, экстремизм) каршы күрөш менен гана чектелүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, уюмдун 25-саммитинде Россия Европадагы коопсуздук кризиси жана анын себептери тууралуу кескин билдирүүлөр камтылган документтин кабыл алынышын самайт. Бирок, саммитте Украина маселеси күн тартибине коюлушунун ыктымалы аз. Себеби, Кытай Батышка каршы Россиянын позициясынан башка өзүнүн дипломатиялык позициясын эркин билдире турган мүмкүнчүлүгүн сактап калгысы келет. Индия жана Борбор Азиядагы көпчүлүк өлкөлөр болсо ШКУну бул жаңжалда бир тарапты колдогон же актаган уюмга айландыргысы келбейт.
Иран өзүнө саясий колдоо көрсөтүлүшүн каалайт. Ал эми, Кытай энергетикалык каттамдардын жана жолдордун туруктуу иштешине, Индия деңиз жолдорунун эркин болушуна жана Ирандагы инфраструктураларга жеткиликтүүлүктүн сакталышына кызыкдар. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү жаңжалдын башка аймактарга жайылып кетишине жол бербөөнү каалашат.
ШКУга кирген өлкөлөрдүн айрымдары АКШ менен союздаш же АКШнын таасири астында. Айрымдары АКШ менен жакшы мамилени сактап калууга кызыкдар. Ошондуктан ШКУ АКШга каршы түзүлгөн күчтүү блокко айлана албайт. Кытай азырынча АКШ менен ачык тирешке баруудан алыс болууда. Бирок, ал келечекте уюмдун багытын өзгөртүүгө аракет кылса да, бул оңой болбойт.
Ошол эле учурда ШКУдагы өлкөлөр Батыштын саясатына нааразы болгону менен, Кытайга же Орусияга толук көз каранды болуп калгысы келбейт. Айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча саясат жүргүзүүгө көбүрөөк умтулуп жатат.
Мындан улам, ШКУ коопсуздук жаатында чоң жана реалдуу кадамдарга барышы күмөн. Көбүнчө кескин билдирүүлөр жана жалпы сөздөр менен гана чектелиши күтүлөт. Уюмдун коопсуздук боюнча негизги иши Ислам жана мусулмандарга каршы терроризм, экстремизм жана сепаратизм шылтоосу астында күрөшүүгө багытталган. Башкача айтканда, ШКУ көбүнчө ички коопсуздук маселелерине көңүл бурган уюм боюнча сакталып калууда.




