“Рошид Халифалык мамлекетиндеги маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар Башкармалыгы” китебине сереп

“Рошид Халифалык мамлекетиндеги маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар башкармалыгы” китебине сереп
Кириш сөз жана китеп менен таанышуу:
Хизб ут-Тахрир 2026-жылдын март айында «Рошид Халифалык мамлекетиндеги маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар башкармалыгы» аттуу китепти чыгарды. Бул китеп Хизб негизделгенден тартып Исламий жашоону кайрадан баштоону өзүнүн максаты кылып белгилеп, тургузуп келе жаткан бийик имаратка кошулган дагы бир кыш болду. Хизб буга чейин да Халифалык мамлекетине байланыштуу бир катар эмгектерди басып чыгарган. Алардын арасында «Исламдагы башкаруу түзүмү», «Конституция долбоорунун мукаддимасы», «Халифалык мамлекетинин жихазы», «Халифалык мамлекетиндеги малия» жана башка басылмалар бар. Булардын баары, Аллахтын каалоосу менен, келечектеги Халифалык мамлекети кандай болушу керектиги тууралуу ачык-айкын жана кеңири элести калыптандыруу үчүн чыгарылган. Халифалык дүйнөдөгү башка мамлекеттик формалардан айырмаланган өзгөчө мамлекет болуп саналат.
Бул китеп компьютердик инженерия же программалоо тууралуу китеп эмес. Тескерисинче, ал мамлекеттин иштерин башкарууда маалыматтык технологиялардын ролун чагылдырган фикрий жана саясий долбоор. Бул китеп маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын зор таасирине жооп катары жарык көрдү. Анткени акыркы он жылдыктарда бул технологиялар адамдардын, коомдордун жана мамлекеттердин жашоосуна эң чоң таасир көрсөтүүчү технологиялардын бирине айланды. Ал тургай, бүгүнкү дүйнөдөгү экономикалык, идарий, коопсуздук жана аскерий ишмердүүлүктөрдүн көпчүлүгү дал ушул технологиялык түзүм аркылуу башкарылууда. Ошентип, технология компьютерлер, телефондор жана байланыш каражаттары менен гана чектелбей, маалымат агымын башкарган, мекемелерди бири-бири менен байланыштырган, чечим кабыл алууда роль ойногон жана санариптик доордо мамлекеттердин күчү менен таасиринин эң маанилүү элементтеринин бирин түзгөн комплекстүү системага айланды.
Бул терең өзгөрүүлөрдү аңдап-түшүнүү аркылуу мамлекеттеги маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын орду тууралуу ар тараптуу көз карашты сунуштоо зарыл болду. Анткени ал түздөн-түз техникалык колдонуунун чегинен чыгып, көзөмөл, коопсуздук, администрация жана өнүгүү системасынын бир бөлүгүнө айланган стратегиялык тармак болуп саналат. Ошондуктан изилдөө технологиянын жана анын курамдык бөлүктөрүнүн аныктамасы менен гана чектелбестен, аны өнүктүрүүнү, башкарууну жана коргоону жөнгө салышы керек болгон жалпы саясаттарды, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдү колдоодогу жана алардын ар түрдүү милдеттерин аткаруу жөндөмүн күчөтүүдөгү ролун да карайт.
Китептеги негизги маселе:
Китеп маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар экинчи даражадагы техникалык тармак бойдон калбастан, заманбап мамлекеттер башкаруу, экономика, коопсуздук, коргонуу, маалымат каражаттары жана жашоонун башка бардык тармактарында таянган негизги факторлордун бирине айланганын ачыктайт. Ошондуктан бул технологияга ээ болуу жана анын негизги инфраструктурасын көзөмөлдөө бүгүнкү күндө техникалык же кызмат көрсөтүү маселеси гана эмес, түздөн-түз күч, көзөмөл жана эгемендик менен байланышкан маселеге айланды.
Ошондуктан өз кызыкчылыктарын коргоого жана өз иштерин башкаруу жөндөмүн бекемдөөгө умтулган мамлекеттер үчүн башкалар өндүргөн технологияларды колдонуу жетиштүү эмес. Тескерисинче, алар технологияны өнүктүрүүгө, башкарууга, өз маалыматтарын жана маалыматтык мейкиндигин коргоого мүмкүнчүлүк бере турган өз алдынча алкактарды түзүүгө муктаж. Мына ушундан улам китептеги ар түрдүү темалар жана коидалар (эрежелер) ушул максатты ишке ашырууга багытталган амалий чечимдер катары келип чыгат.
Маалыматтык жана коммуникациялык технологияларга карата бул көз карандысыз көз караштын ийгилиги, биринчи кезекте, жаңыдан түзүлгөн мамлекеттин өткөөл баскычтан ийгиликтүү өтүү, чиптерди жана башка нерселерди жеткирүү чынжырларындагы дүйнөлүк монополияны бузуу, тажрыйбалуу жана адистешкен квалификациялуу кадрларды сактап калуу, ошондой эле жарандардын шаръий укуктарын коргоо менен коопсуздук талаптарынын ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылуу жөндөмүнө байланыштуу.
Технология жана ойгонуу:
Мусулмандардын ойгонуусунун жана тарыхтагы күчүнүн сыры илимдерге, өнөр жайга жана байлыкка байланыштуу болгон эмес. Тескерисинче, ойгонуу рухий негиздеги фикрий өсүү аркылуу, башкача айтканда, мамлекет менен үммөт негизделген ошол фикрий түзүм аркылуу болгон жана болот. Ислам тарыхында жетишилген илимий, идарий жана аскерий жетишкендиктер ошол ойгонуунун жемиши болгон, анын себеби болгон эмес. Үммөт өзүнүн цивилизациясы негизделген негизди жоготкондо артка кетүү башталып, аны менен кошо илим, өнөр жай, байлык, күч жана биримдик да артка кеткен.
Ушул түшүнүккө ылайык, технология адамдардын иштерине камкордук кылуу жана мамлекетти башкаруу үчүн курал жана васита катары колдонулат. Ал мамлекеттин фикрий да, саясий да жашоосунун негизин түзбөйт. Ошондуктан максат — маалыматтык технологиялар тармагы ойгонгон мамлекеттин ичинде идара, көзөмөл жана таасир көрсөтүү үчүн зарыл курал катары кандай башкарылышы керектигин баяндоо.
Белгилей кетүүчү нерсе, назарий илимдер үммөткө билим жана илимий мыйзамдарды берет, ал эми тажрыйбалык (колдонмо) илимдер бул билимди чечимдерге жана инженердик долбоорлорго айлантат. Андан соң технология бул долбоорлорду мамлекетке жана коомго кызмат кылган жабдуулар, системалар жана амалий продукциялар түрүндө ишке ашырат. Ошондуктан технологиялык күчтү куруу технологияны импорттоо менен болбойт. Тескерисинче, ал технологияны өндүрүүгө жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү илимий, инженердик жана өнөр жай базасына ээ болууну талап кылат.
Технология тармагы кафир Батыш мамлекеттеринин колунда жана жашоого болгон көз карашына ылайык пайда болуп, өнүккөнүн эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Алар аны кыйратуу жана бузукулук куралы катары колдонуп, байлыктарды талап-тоноо, таасирин жайылтуу, аң-сезимдерди манипуляциялоо, малайларды даярдоо жана капиталисттик жашоо таризин таңуулоо үчүн колонизатордук куралга айландырышты. Натыйжада технологиянын таасири аскерий куралдардан да кыйратуучу күч болуп калды. Ошондуктан Халифалык мамлекети акыйдадан келип чыккан жалпы саясатты иштеп чыгып, бул тармакты түп-тамырынан кайра куруп, Исламдын жашоого болгон көз карашы негизинде түзүшү керек.
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын чыныгы кыйматы өзүнөн келип чыкпайт. Анткени ал түпкүлүгүндө бейтарап курал. Анын кыйматы өзү кызмат кылган цивилизациялык жана саясий долбоордон келип чыгат. Ошого карабастан, анын маанисин төмөндөтүп же аны жөн гана идарий курал катары кароого болбойт. Тескерисинче, аны күч жана бийлик куралдарынын маанилүү бөлүгү катары кароо керек. Анткени маанилүү технологияларды импорттоого таянган мамлекет көз карандылыкка жана тышкы таасирге дуушар болуп кала берет. Ал эми технологияга ээ болуу мамлекетке көбүрөөк көз карандысыздыкты, өз ресурстары менен чечимдерин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет жана өз кызыкчылыктарын коргоо менен максаттарына жетүү жөндөмүн күчөтөт.
Санариптик революция жана электрондук согуш:
Акыркы он жылдыктарда дүйнө санариптик революциянын натыйжасында түп-тамырынан өзгөрүүгө күбө болду. Маалымат эбегейсиз ылдамдыкта тарай баштап, компьютерлер, тармактар жана байланыш каражаттары жашоонун дээрлик бардык тармактарына кирди. Маселе маалыматтарды сактоо жана кайра алуу менен гана чектелип калган жок. Тескерисинче, санариптик технологиялар жана компьютерлештирилген программалар көптөгөн өндүрүш процесстерин, машиналарды, электр жана атомдук энергия объектилерин, энергия жана суу өндүрүүчү станцияларды жана башка көптөгөн тармактарды иштетүүчү негизги каражатка айланды.
Маалымат системаларындагы, эсептөө технологияларындагы, байланыш тармактардагы бул эбегейсиз өнүгүү жарандык жана аскерий маанилүү объектилердин көпчүлүгүн ушул санариптик технологияларга көз каранды кылды. Технологиянын таасири экономика, билим берүү, башкаруу, маалымат каражаттары, коопсуздук жана коргонуу тармактарына чейин жайылды. Бул технологиялар системаларга кирип барууга, объектилерди көзөмөлдөөгө жана аралыктан, чек аралардын ары жагынан башкарууга жөндөмдүү болгондуктан, мамлекеттер мунун өз эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана маанилүү объектилерин көзөмөлдөө жөндөмүнө коркунуч жаратышы мүмкүн экенин түшүнүштү. Натыйжада алар өздөрүнүн санариптик мейкиндигин коргоого жана электрондук чабуул аракеттерине каршы турууга киришти.
Маалыматтык технологиялардын таасири салттуу түрдө кадимки армияларга, энергия булактарына жана табигый ресурстарга таянган аскерий күч түшүнүгүн да өзгөрттү. Эми ал барган сайын технологиялык жана маалыматтык мүмкүнчүлүктөргө көбүрөөк таяна баштады. Ири мамлекеттер электроника жана программалык камсыздоо өнөр жайын, операциялык системаларды, байланыш тармактарын, маалыматтарды, маалыматтык ресурстарды жана аскерий технологияларды көзөмөлдөө аркылуу башкалардын үстүнөн өз таасирин кеңири жайылтууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле бул технология аскерий иш-аракеттин өз табиятын да өзгөрттү. Учкучсуз учуучу аппараттар, башкарылуучу ракеталар, команда берүү жана башкаруу системалары, байкоо жана чалгындоо каражаттары компьютерлерге, байланыш технологияларына жана программалык камсыздоого таяна баштады. Ошентип, алар аскерий күчкө жөн гана көмөкчү куралдар болбостон, аскерий күчтүн бир бөлүгүнө айланды.
Бул жагдайлардын натыйжасында жана технология мамлекеттер ортосундагы саясий, экономикалык жана аскерий күрөш майданына кирген соң, ири мамлекеттер электрондук мейкиндикте өздөрүнө тиешелүү коопсуздук жана аскерий стратегияларды иштеп чыгышты. Ошентип, электрондук (кибер) согуш түшүнүгү пайда болду. Ал — мамлекеттер ортосунда санариптик мейкиндикте жүргүзүлгөн үнсүз стратегиялык күрөш. Анда салттуу куралдардын ордун зыяндуу коддор, көзөмөлгө алуу жана өзүн-өзү жок кылуу вирустары, али аныктала элек коопсуздуктагы алсыздыктар жана тоскоолдук жаратуу сыяктуу программалык куралдар ээлейт. Бул санариптик салгылашуулар душмандын маанилүү системаларына кирип барууну, анын команда берүү жана башкаруу тармактарын иштен чыгарууну же абадан коргонуу системаларын, энергия жана суу станцияларын, аэропортторду иштен чыгарууну көздөйт. Натыйжада чек арадан өтпөстөн жана бир да ок атпастан, идарий жана аскерий ишмердүүлүктү дээрлик толугу менен шал кылууга болот.
Ошондуктан байланыш жана маалыматтык технологиялар тармагы раиятты коргоо жана анын кызыкчылыктарын сактоо боюнча мамлекеттин жалпы саясатына ылайык тартипке салынышы керек. Бул эки негизги багыт аркылуу ишке ашат. Биринчиси — санариптик системалар негизделген техникалык каражаттарды жана жабдууларды өндүрүүгө жөндөмдүү өнөр жай жана технологиялык базаны түзүү, мисалы, электрондук чиптерди жана интегралдык схемаларды өндүрүү. Экинчиси — байланыш тармактарын башкаруу, системаларды коргоо, тышкы дүйнө менен болгон байланышты көзөмөлдөө, операциялык системаларды жана аппараттар менен машиналардын өз ара байланышуу механизмдерин түшүнүү аркылуу технологияны башкаруу жана аны колдонууну тартипке салуу үчүн ачык-айкын саясатты иштеп чыгуу.
Ошондой эле электрондук согуштун мамлекеттер ортосундагы заманбап күрөш майдандарынын бири катары пайда болушу мусулмандардан душмандын үрөйүн учурган күчтү даярдоонун алкагында зарыл болгон технологиялык жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү даярдоону талап кылат. Муну менен электрондук согуш мамлекетти жана анын кызыкчылыктарын коргоого, Исламий даъватты алып баруу жана жайылтуу аракеттерин колдоого багытталган жихад амалдарынын бир бөлүгү болот.
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар үчүн борбордук идарага болгон муктаждык:
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар мамлекеттердин ар түрдүү иштеринин жана маанилүү объектилеринин ажырагыс бөлүгүнө айланып, жөн гана көмөкчү каражат бойдон калган жок. Анткени идара, коопсуздук, экономика, коргонуу жана жалпы кызматтар аларга таянат. Ошондой эле алар маалыматтар менен каттоолорду сактоодо, мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы байланышта, аскерий жана коопсуздук системаларын иштетүүдө, маанилүү инфраструктураны башкарууда негизги роль ойнойт. Алар заманбап мамлекеттин өзөгүнө айланып, мамлекеттин ар түрдүү иштери менен тыгыз байланышкандыктан, андагы ар кандай мүчүлүштүк мамлекеттик түзүмдөрдүн ишине жана мамлекеттин кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир этет. Бул маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар үчүн адистешкен борбордук идара түзүү өтө зарыл экенин көрсөтөт.
Бул тармакты бирдиктүү идарасыз жана толук координациясыз ар түрдүү идарaларга бөлүнгөн жана чачыранды абалда калтыруу олуттуу алсыздыктарды жана душмандар мамлекеттин объектилерине таасир көрсөтүү же анын маанилүү түзүмдөрүнө кирип баруу үчүн пайдалана турган жолдорду пайда кылышы мүмкүн. Бул мамлекеттин алсырашына, анын айрым функцияларынын шал болушуна же калктын кызыкчылыктарынын үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул идара мамлекеттин технологиялык пландоосун жүргүзөт, байланыш тармагын тартипке салат, санариптик инфраструктураны башкарат, системалар менен тармактарды коргойт, ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы технологиялык иштерди координациялайт жана мамлекеттин стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдейт.
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар башкармалыгы мамлекеттин бир катар негизги түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болот. Алардын башында Халифанын аппараты, вилаяттар, соттор, аскерий башкармалык, өнөр жай башкармасы, ички коопсуздук жана мамлекеттин идарий түзүмү турат. Бул башкармалык аталган түзүмдөр менен идарaларга өз иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон технологиялык каражаттарды, системаларды жана программаларды камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүүчү орган катары каралат. Ал түздөн-түз Халифалык аппаратына байланышы керек. Анткени анын таасири суверенитетке, идарага жана коопсуздукка байланыштуу иштердин көпчүлүгүн камтыйт. Ошондой эле ал кадимки кызмат көрсөтүүчү идара эмес, тескерисинче, мамлекет иштеринин жүрүшүнө, ички коопсуздугуна, тышкы байланыштарына, аскерий мүмкүнчүлүктөрүнө жана экономикалык күчүнө түздөн-түз таасир этүүчү орган болуп саналат.
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын негизги курамдык бөлүктөрү:
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар бир эле нерсе эмес. Тескерисинче, ал бир нече катмардан турган өз ара байланышкан система. Бул система негизделген эң маанилүү негизги курамдык бөлүктөрдү көрсөтүү зарыл. Алар төмөнкүлөр:
Биринчиден: электрондук чиптер, аппараттар жана жабдуулар. Булар бүтүндөй технология негизделген материалдык бөлүктү түзөт. Компьютерлер, телефондор, байланыш аппараттары, серверлер жана заманбап аскерий жабдуулар өз ишинде электрондук схемаларга жана микрочиптерге таянат.
Экинчиден: операциялык системалар, программалар жана тиркемелер. Булар аппараттарга иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. Электрондук жабдуулардын өздөрү аларды көзөмөлдөгөн жана ар түрдүү функцияларын башкарган программалар менен операциялык системаларсыз эч кандай функцияны аткара албайт. Программалык камсыздоо технологиянын логикалык же иштетүүчү бөлүгүн түзөт.
Үчүнчүдөн: коммуникациялык технологиялар. Булар аппараттардын өз ара маалымат алмашуусуна мүмкүндүк берген байланыш каражаттары. Компьютерлер менен программалардын болушу гана жетиштүү эмес, адамдар менен ар түрдүү аппараттардын ортосунда маалыматтарды жеткирүүчү каражаттар да болушу зарыл.
Төртүнчүдөн: тармактар жана интернет. Булар аппараттарды бир мекеменин ичинде болобу же дүйнөлүк деңгээлде болобу, бири-бири менен байланыштырган инфраструктура. Ал эми интернет — миллиондогон аппараттар менен системаларды бири-бири менен байланыштырган эң чоң дүйнөлүк тармак болуп, маалыматтарды жана кызматтарды дээрлик заматта алмашууга мүмкүндүк берет. Тармактарды көзөмөлдөө жана башкаруу мамлекеттин технологиялык суверендигинин маанилүү тараптарынын бирин түзөт.
Бешинчиден: электрондук согуш. Ал заманбап күрөштүн эң маанилүү көрүнүштөрүнүн бири. Мамлекеттер ортосундагы күрөш салттуу куралдар менен гана чектелбей, системаларга кирип барууну, маалымат топтоону, электрондук тыңчылыкты, тоскоолдук жаратууну, иштен чыгарууну жана санариптик инфраструктураны коргоону да камтый баштады. Ошондуктан электрондук мейкиндикти көзөмөлдөө заманбап аскерий жана коопсуздук күчүнүн бир бөлүгүнө айланды.
Демек, заманбап технология жөн гана компьютер же телефон эмес. Тескерисинче, ал майда электрондук чиптерден башталып, дүйнөлүк тармактар жана электрондук согуш менен аяктаган комплекстүү система. Анын ар бир бөлүгү башка бөлүктөргө таянат жана аларды толуктайт. Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар идарасынын милдети — мамлекеттин өзүн-өзү толук камсыз кылуусуна жана толук санариптик эгемендүүлүгүнө жетишүү үчүн техникалык жабдууларды жана программалык камсыздоону өндүрүүдө өз алдынча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды башкаруу саясаты:
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар тармагы жалпы саясатка баш ийиши керек. Адистешкен идара бул тармактагы мамлекеттин жалпы саясатын иштеп чыгуу, стратегиялык пландарды түзүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө иштерин өз мойнуна алат. Ал электроника өнөр жайын түзүү жана өнүктүрүү, программалык камсыздоо тармагын өнүктүрүү, тез, жеңил жана жогорку эффективдүүлүктөгү кызмат көрсөтүү үчүн мамлекеттин иштерин компьютерлештирүү, жогорку сапаттагы тез байланыш кызматтарын камсыз кылуу жана ар түрдүү тармактарга керектүү технологияларды жеткиликтүү кылуу иштерин аткарат.
Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар саясатынын коидалары:
Халифалык мамлекетинде маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар саясатын башкаруу үчүн система түзүү зарыл. Бул иштин өзөгү катары азыркы учурда маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар саясаты боюнча бир катар коидалар иштелип чыккан. Китепте бул саясаттын он тогуз коидасы баяндалып, ар бир коиданын шаръий далилдери келтирилген. Бул жерде аталган коидаларды жана алардын шаръий далилдерин толук баяндоого мүмкүнчүлүк жок. Бирок биз аларды жалпы түрдө көрсөтөбүз. Аларды үч чоң фикрий алкак же багыт аркылуу кароого болот. Алар: технологиялык, маалыматтык жана стратегиялык жактан эгемендикти камсыздоо.
Технологиялык суверендик дегенде мамлекеттин өзү таянган технологиянын негизги түзүмүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун түшүндүрөт. Башкача айтканда, мамлекет башкалар өндүргөн технологияларды жөн гана керектөөчү болбостон, өзүнө керектүү системаларды, аппараттарды жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган өнөр жай жана илимий мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек. Бул багыт маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар өнөр жайына, ойлоп табууларды жана технологиялык аппараттарды өнүктүрүүгө, жалпы маалымат борборлорун түзүүгө, санариптик инфраструктураны башкарууга, радио толкундар менен жыштыктарды тартипке салууга жана мамлекеттин санариптик мейкиндигин коргоого байланыштуу коидаларды камтыйт.
Ал эми маалыматтык суверендик күч жана таасирдин эң маанилүү булактарынын бирине айланган маалыматтарды жана баянаттарды (данные) көзөмөлдөөгө байланыштуу. Баянаттар идарaларда сакталуучу жөн гана каттоолор бойдон калган жок. Тескерисинче, алар коомдорду, экономиканы, армияларды жана мамлекеттин ар түрдүү түзүмдөрүн башкарууга мүмкүндүк берген стратегиялык ресурска айланды. Бул багыт киберкоопсуздукка, тышкы коркунучтарды көзөмөлдөөгө, тармактар менен системаларды коргоого, адамдардын купуялуулугун сактоого, мамлекеттик маалыматтардын сырдуулугун коргоого, интернет жана тышкы дүйнө менен болгон байланышты тартипке салууга байланыштуу коидаларды камтыйт.
Ал эми идарий жана стратегиялык суверендик технологияны мамлекетке кызмат кылдыруу жана анын жалпы максаттарын ишке ашыруу үчүн кандай пайдаланууга байланыштуу. Максат технологиялык өнүгүү менен мактануу эмес, тескерисинче, бул мүмкүнчүлүктөрдү мамлекеттик мекемелерди башкарууну жакшыртууга, жалпы кызматтарды өнүктүрүүгө, иштин эффективдүүлүгүн жогорулатууга, пландоо жана чечим кабыл алуу жөндөмүн күчөтүүгө багыттоо болуп саналат. Бул багыт электрондук документтерге, санариптик кол тамгага, электрондук төлөмгө, санариптик системаларга, аралыктан казылык жүргүзүүгө жана идарий иштерде жасалма интеллекттен пайдаланууга байланыштуу коидаларды, ошондой эле Маалыматтык технологиялар идарасы менен мамлекеттин башка түзүмдөрүнүн ортосундагы мамилелерди тартипке салууну камтыйт.
Китепте маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын Халифалык мамлекетинин идарaлары жана түзүмдөрү менен болгон саясаты тууралуу 19-коидага өзгөчө кеңири түшүндүрмө берилген. Аны сөзсүз белгилеп өтүү керек. Бул идаранын Халифалык мамлекетинин түзүмдөрү жана идарaлары менен болгон жалпы саясаты жергиликтүү маалымат борборлорун түзүүгө жана башкарууга, системалар менен тармактарды коргоого, программалык камсыздоолорду жана коопсуздук жабдууларын өндүрүүнү көзөмөлдөөгө жана өнүктүрүүгө, мамлекеттин жашыруун жана сезимтал маалыматтарын коргоого, мамлекеттин бардык түзүмдөрүн расмий байланыш каналдары жана санариптик системалар менен камсыз кылууга, ошондой эле жасалма интеллектти жана заманбап технологияларды жана алардын колдонулушун өнүктүрүү үчүн мамлекеттин ар түрдүү түзүмдөрү менен координация жүргүзүүгө негизделет.
Экинчиси, бул идаранын жаңы саясаттарды иштеп чыгуудан көрө мамлекеттин ар түрдүү идарaлары менен түзүмдөрүнө көрсөткөн кызматтарына жана сунуштаган системаларына көбүрөөк көңүл бурулат. Анда идаранын Халифанын аппараты, аскерий идараны, ички коопсуздукту, тышкы иштерди, өнөр жайды жана мамлекеттин ар түрдүү бөлүктөрдөн турган идарий түзүмүн колдоодогу мүмкүнчүлүк түзүүчү ролу баяндалат. Алардын арасында саламаттыкты сактоо башкармалыгы, билим берүү жана окуу программалары башкармалыгы, мечиттер башкармалыгы, жаратылыш идарасы, ажылык жана умра идарасы, ошондой эле башкаруу түзүмдөрүнүн калган идарaлары бар. Бул аларды өз милдеттерин аткаруу үчүн керектүү системалар, программалык камсыздоолор, байланыш тармактары, маалымат базалары жана санариптик инфраструктура менен камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле идара бул системаларды өнүктүрүү, тейлөө, коопсуздугун камсыз кылуу, алардын өз ара интеграциясын жана ортолорунда маалыматтын коопсуз жана тартиптүү алмашуусун камсыз кылуу иштерин аткарат. Бул иштин эффективдүүлүгүн жогорулатууга, мамлекеттин иштерин башкарууну жакшыртууга, анын пландоо жана чечим кабыл алуу жөндөмүн күчөтүүгө жана жогорку кызыкчылыктарын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Жыйынтык:
Китепте маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар заманбап доордогу күч менен суверендиктин эң маанилүү элементтеринин бирине айланып, жөн гана технологиялык тармак же көмөкчү кызмат көрсөтүүчү куралдардын жыйындысы бойдон калбаганы тууралуу жыйынтык чыгарылат. Демек, бул технологияга ээ болуу жана анын негизги инфраструктурасын көзөмөлдөө мамлекеттин колонизаторлук таасирден азат болушун камсыз кылуу жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн стратегиялык зарылдык болуп саналат.
Китепте технологиялык суверендикти куруу электроника, программалык камсыздоо, байланыш, маалымат борборлору жана киберкоопсуздук тармактарында өз алдынча мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүнү, ошондой эле маалыматтык мейкиндикти башкарууну талап кылары баса белгиленет. Ошондой эле технологияны мамлекеттин ар түрдүү түзүмдөрүнө кызмат кылдыруунун, идаранын эффективдүүлүгүн жогорулатуунун, кызматтарды жакшыртуунун, чечим кабыл алууну колдоонун жана заманбап технологиялардан, айрыкча жасалма интеллекттен пайдалануунун маанилүүлүгү көрсөтүлөт. Муну менен бирге суверендикке таасир этүүчү иштерде жана чечимдерде адамдын жоопкерчилиги сакталышы керек.
Демек, китептин негизги максаты мамлекет өзүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүнү, маалыматтык мейкиндигин коргоону жана технологияны идарага, коопсуздукка жана өнүгүүгө кызмат кылдырууну бириктирген комплекстүү системага муктаж экендигин баяндоо. Ушундайча маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар мамлекеттин күчүн, суверендигин жана өз максаттарын ишке ашыруу үчүн санариптик технологияларды пайдалануу жөндөмүн бекемдеген стратегиялык таянычтардын бирине айланат.
Акырында айтарыбыз, бул китеп жана ага чейин чыккан башка бардык китептер даъваттчылардын Халифалыкты тикелөөгө канчалык чоң көңүл буруп, олуттуу мамиле кылып жатканын, алардын саясий жана фикрий көз карашынын ачыктыгын жана мамлекеттин ар түрдүү иштерин башкаруу үчүн зарыл болгон амалий пикирлерди даярдоого болгон умтулуусун тастыктайт. Ошондой эле алар заманбап маселелерге кеңири чечимдерди сунуштоо жана Исламдын жашоо менен мамлекеттин иштерин тартипке салууга кудуреттүү экенин көрсөтүү аркылуу үммөттө бул долбоор тууралуу коомдук пикирди пайда кылууга тынымсыз аракет кылышууда. Бул аракет Исламий долбоордо камтылган аң-сезим менен ыхласты, ошондой эле анын ээлеринин адамдын, коомдун жана мамлекеттин көйгөйлөрүн чечүүчү цивилизациялык долбоор катары Ислам рисалатын алып жүрүп, аны жайылта турган чыныгы мамлекетти курууга багытталган фикрий жана саясий көз карашка ээ экенин да көрсөтөт. Аллах тавфик берүүчү жана Ага гана таянабыз.
Аль вай журналынын 482-санынан




