Казакстанда динге байланыштуу жаңы жаңжал күчөдү

Казакстанда динге байланыштуу жаңы жаңжал күчөдү
Казакстанда дин темасына байланыштуу коомдук талкуу кайрадан күчөдү. Буга продюсер Баян Алагузованын дин тууралуу социалдык тармактагы кезектеги билдирүүсү себеп болду.
Алагузова дин жана аны жайылтуу темасынан чарчаганын билдирип, бейиш менен тозоктун бар экенине күмөн санаган пикирлерин жазган. Ошондой эле ал Исламдагы «72 хур кыз» түшүнүгүн шылдыңга алган.
Продюсердин билдирүүсү социалдык тармактарда кеңири талкууга түшүп, казакстандык мусулмандардын бир бөлүгүнүн кескин сынына кабылды. Айрым колдонуучулар анын сөздөрүнө укуктук баа берилиши керектигин талап кылышууда.
Ошол эле учурда азырынча мамлекеттик органдар жана Казакстандын мусулмандарынын Диний башкармалыгы тарабынан бул пикирге байланыштуу расмий билдирүү жарыялана элек.
Учурда Алагузованын сөздөрү канчалык деңгээлде туура же туура эмес экендиги тууралуу талашып-тартышуу мусулмандар үчүн туура позиция эмес. Бирок, анын бардык билдирүүлөрү иликтенип, жоопкерчиликке тартылабы же жокпу деген маселе Казакстан мусулмандары күтүп жаткан реакция.
Журналисттердин түз суроо-талабына муфтият жарандардын социалдык тармактардагы ар бир сөзүнө жана динге болгон жеке көз карашына комментарий бербей турганын билдирди. Бирок мындан улам төмөндөгүдөй олуттуу суроо жаралат: эмне үчүн айрым учурларда ачык билдирүүлөр муфтияттын жана бийликке ыктаган «сарай» имамдарынын бүтүндөй жамаатынын чукул реакциясын жаратат да, ал эми башка учурларда, ал тургай коомдо массалык резонанс жаралып жатса да, бул жөн гана «динге болгон жеке көз караш» деп бааланат?
Жакында эле коомчулук мындан түп-негизинен айырмаланган окуяга күбө болгон. Той учурунда аксакалдын “чуулгандуу” сөздөрүнөн кийин Казакстан мусулмандарынын Диний башкармалыгы ыкчам түрдө расмий билдирүү таратып, анын айтылган диний пикирлерине баа берген.
Көп өтпөй Президенттин администрациясынын өкүлү да ачык билдирүү жасап, укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон соң, аксакалдын кармалганын маалымдашкан.
Башкача айтканда, бул окуяда коомдук талкуу кыска убакыттын ичинде диний жана мамлекеттик институттардын реакциясын козгогон.
Учурдагы кырдаал да коомдук резонансты күчөтүп жатат. Бирок бул жолу сын-пикирлер мамлекеттик органдардын ичиндеги дин өкүлдөрүнүн деңгээлинде эмес, негизинен дин туткан жарандардын арасында гана айтылууда. Ошол эле учурда КМДБ тарабынан да, укук коргоо органдары тарабынан да азырынча кандайдыр бир конкреттүү реакция жасала элек.
Дал ушул жерде мамлекеттик институттардын мамилесинин өзгөчө бир багыттагы ырааттуулугу жана алардын кош стандарттуу позициялары байкалууда. Эгерде диний көз караштагы жаран кандайдыр бир көрүнүштү ачык сындаса, анын билдирүүлөрү расмий талкуу маселесине айланып, укуктук чараларга чейин жетиши мүмкүн.
Ал эми коомчулукка кеңири таанымал светтик адам диний түшүнүктөрдү ачык сындап же шылдыңдаган болсо, мындай билдирүүлөр анын жеке пикири катары кабыл алынууда.
Эмне үчүн реакция ким сүйлөп жатканына жана анын сөздөрү кимге багытталганына жараша өзгөрүшү керек? Светтик мамлекетте ишеним эркиндиги жана пикир билдирүү укугу баарына бирдей кепилденүүгө тийиш эмеспи? Бирок, иш жүзүндө бул принциптер баарына бирдей колдонулбай жатканы маалым.
Эгерде айтылган пикир сөз эркиндигинин алкагында болсо, анда бул эркиндик дин туткан жана дин тутпаган жарандар үчүн бирдей корголушу керек. Ал эми билдирүү мыйзамда белгиленген чектен ашса, анын авторунун коомдогу макамына, көз карашына же атактуулугуна карабастан, укуктук баа берүү да бирдей принциптердин негизинде жүргүзүлүүсү керек.
Ошол эле учурда, кыянатчыл муфтияттын позициясынан жана Исламга карата душмандык мамилесин көрсөткөн мамлекеттик системадан айырмаланып, аймактагы мусулмандардын мамлекеттин өз динине карата тандалма мамилени барган сайын даана аңдап, административдик жана саясий жактан өздөрүнүн коргоосуз экенин улам көбүрөөк түшүнүп жатканы абдан кубандырат.
Бул, албетте коомдун адеп-ахлактык жактан эң төмөн деңгээлдеги өкүлдөрүнүн оозеки чабуулдарынан гана эмес, ишенимге карата ар кандай коркунучтардан коргонуунун өздүк механизмдерин жана коопсуздукту камсыз кылуунун системалуу чечимдерин түзүү зарылдыгы жөнүндөгү ойду дагы да бекемдейт.
Мусулмандар өздөрүнүн кордолгон абалына ыраазы болбостон чыккынчылардын, ошондой эле фитнага, азгырыкка жана коомду бөлүп-жарууга түрткү бергендердин мындан ары да башкаруусуна жол бербеши зарыл. Тескерисинче, алар пайгамбарлык манхажына негизделген Халифалык түзүмүндө өздөрүнүн административдик жана саясий жетекчилигин орнотуу зарылдыгын тез арада түшүнүп жетүүлөрү керек.
Бул үчүн мусулмандар Исламды жөн гана диний ишенимдердин жыйындысы катары эмес, Исламий өкүмдөрдү турмушка ашыруунун жана өз акыйдасын коргоонун бардык усулдарын камтыган практикалык мабда (идеология) катары таанып, аны терең үйрөнүүсү шарт. Ошондой эле Исламды бүткүл дүйнөгө жайылтуу үчүн мамлекеттик механизмдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн да түшүнүүлөрү керек.
Хужжат Жамиа




