Роя гезити

Аскерий альянстар — Батыштын айла-амалдары жана кызыкчылыктары

Аскерий альянстар — Батыштын айла-амалдары жана кызыкчылыктары

Исламдагы башкаруу түзүмү — биримдик түзүмү, федерация эмес; бир халифа, бир армия, бир Байтулмал жана бир мамлекет болот. Исламда улуттук жана аймактык мамлекеттерге орун жок. Ал — бир Үммөт, анын тынчтыгы да, согушу да бир. Бүгүнкү күндө өкүм сүрүп турган мамлекеттер шартындагы аскерий альянстар — мусулман өлкөлөрүндө жайылып кеткен чачыранды абалды бекемдөө, алсыздыгын улантуу жана өлкөлөрдү өз калкынын канына батырып, аларды өз кызыкчылыктарына кызмат кылдырган Батыш үчүн ыңгайлуу майдан болуп саналат. Абу Бакр Сыддык разияллаху анху мындай деген:

وَإِنَّهُ لَا يَحِلُّ أَنْ يَكُونَ لِلْمُسْلِمِينَ أَمِيرَانِ، فَإِنَّهُ مَهْمَا يَكُنْ ذَلِكَ يَخْتَلِفْ أَمَرُهُمْ وَأَحْكامُهُمْ، وَتَتَفَرَّقْ جَمَاعَتُهُمْ، وَيَتَنَازَعُوا فِيمَا بَيْنَهُمْ، هُنَالِكَ تُتْرَكُ السُّنَّةُ، وَتَظْهَرُ الْبِدْعَةُ، وَتَعْظُمُ الْفِتْنَةُ، وَلَيْسَ لِأَحَدٍ عَلَى ذَلِكَ صَلَاحٌ.

«Мусулмандардын эки амири болушу адал эмес. Анткени мындай болгон учурда алардын иштери жана өкүмдөрү бири-бирине каршы келип, жамааты бөлүнүп, өз ара талашып-тартышат. Ошондо Сүннөт ташталып, бидъат пайда болуп, фитна күчөйт. Мында эч ким үчүн жакшылык жок».

Аскерий альянстар эл аралык мамилелердин өзөгүндө турат. Аларды туура түшүнүү үчүн эл аралык абалды, ага таасир этүүчү мамлекеттерди жана бул мамлекеттердин вакыйлыгын билүү зарыл: алар өз алдынча чечим кабыл алуучу мамлекеттерби же тышкы көрсөтмө менен аракеттенген малай мамлекеттерби?

Аскерий альянстар — эки же андан көп мамлекеттин орток душманга каршы турууга милдеттенген келишимдери. Буга мисал катары христиан элдеринин Ислам мамлекетине каршы кресттүү жортуулдарындагы альянсын, дүйнөлүк согушта Европа мамлекеттеринин Германияга каршы альянсын жана Америка башында турган НАТО альянсына каршы Советтер Союзу башында турган Варшава келишимин айтууга болот.

Анда Пакистан, Саудия жана Түркия ортосунда түзүлгөн үч тараптуу аскерий альянстын акыйкаты эмнеде? Орток душман ким? Бул мусулмандардын маселелерине нусрат берүү үчүн түзүлдүбү?

Түркия Америка башчылык кылган НАТО альянсынын мүчөсү. Ал өзү мүчө болгон альянска каршы согуша албайт жана Американын кызыкчылыктарына коркунуч туудура албайт. Анын яхудий түзүмү менен болгон мамилелери эзелтен бери бекем болуп келген жана Газадагы кыргын согушунан же Сирия менен Ливанга жасалган кол салуулардан улам расмий түрдө өзгөргөн жок. Ал эми Саудия Американын мусулмандарга каршы согушунун негизги каржылоочусу болуп саналат. Американын базалары анын аймагында жайгашкан жана мусулмандарга каршы агрессиясын ошол жерден жүргүзөт. Пакистандын Америкага малайлыгы болсо чак түштөгү күндөй айкын.

Ал эми мусулмандардын маселелерине келсек: Палестина 80 жылга жакын убакыттан бери оккупацияда. Мусулмандардын биринчи кыбыласы жана Расулуллах ﷺ Исра кылган Масжидул Акса 60 жылдан бери туткунда. Индия менен Кашмирдеги индустардын кылмыштары жана Кытайдын мусулмандарга жасап жаткандары көз алдыбызда. Газадагы кыргын согушу уланып жатат, Батыш Жээктеги отурукташкандардын ээнбаштыгы да уланууда. Ливанда анын элин өлтүрүү, шаарларын талкалоо жана айылдарын жер менен жексен кылуу уланып жатат. Сирияга каршы тынымсыз кол салуулар жана анын жерлеринин оккупациясы да уланууда. Ага чейин Башар режими Америка колдоосу жана Орусия, Иран жана анын кошуундарынын катышуусу менен Сирия калкынан бир миллиондон ашуун адамды өлтүрүп, калкынын жарымын жер которууга мажбурлаган кылмыштарды жасады.

Ушунун баарына карабастан, Палестина, Сирия, Ливан, Кашмир, Түркстан жана башка жерлердеги мусулмандардын маселелерине нусрат берүү үчүн түзүлгөн бир да альянсты көргөн жокпуз. Анда бул альянстын акыйкаты эмнеде?

Америка президенти бул альянстын түзүлгөнүнө кубанычын билдирди. Республикачыл конгрессмен Жо Уилсон Саудия, Түркия жана Пакистан ортосундагы өз ара коргонуу келишиминин түзүлүшүнө президент Трамптын салымы бар экенин билдирди. Ал эми Түркия оппозициясы: «Биз түрк армиясын башкалардын согуштарында калкан кылбайбыз жана Түркиянын аскерий подрядчыга жана аймактагы жаңжалдардын бир тарабына айланышына жол бербейбиз», — дешти. Мындан тышкары, Американын өкүлдөрү аймактан кетпей, буйруктарды берип, ар бир майда-чүйдө иштин аткарылышын көзөмөлдөп турушат. Бул болсо аталган альянс Американын буйругу менен түзүлгөнүн тастыктайт.

Анда Американы бул альянсты түзүүгө эмне түрттү? Америка ички жана тышкы жактан терең стратегиялык кризистерди башынан өткөрүүдө:

· Курч саясий бөлүнүү президент Трамптын бийликке келишине алып келди. Ал Американы дүйнөдө шылдыңдын бутасына айлантты. Анын жеңиши тарапташтары Капитолий имаратын басып киргенден кийин жарандык согуштан кутулуунун жолу болду.

· 40 триллиондон ашкан эбегейсиз карыз доллардын абалына жана Америка көзөмөлдөгөн каржылык которуулар түзүмүнө көптөгөн экономикалык коркунучтарды жаратууда.

· Эпштейн жаңжалдары мамлекеттик мекемелерге жана саясатчыларга болгон ишенимди алсыратты.

· Яхудийлердин Газадагы кылмыштары жана анын дүйнөлүк коомдук пикирде жараткан кескин өзгөрүүсү Америка менен яхудий түзүмүн дүйнө жүзүндө жек көрүндү мамлекеттерге айлантты.

· Иранга каршы согуш жана аскерий үстөмдүк, аба соккулары жана тосуп алуучу ракеталар өз максаттарына жете албаганынын натыйжасында Америка согушту чечкиндүү аяктай албай калды.

· Согуштун канчага созуларын, анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин жана дүйнө мамлекеттеринин ага карата позициясын туура эмес баалоо.

· Американын курал-жарагы менен ок-дарыларынын запасы өтө кооптуу деңгээлге чейин түгөнүшү.

· Согуштун кымбаттыгынан улам коргонуу бюджетинин түгөнүшү жана аскерий базаларда болгон кыйроолор Американын аскерий катышуусун жана эми ачык бутага айланган америкалык базалардын жайгашуусун кайра карап чыгууга алып келет.

Американын «Форин Афферс» журналындагы көлөмдүү макаласында Жорж Вашингтон университетинин саясат таануу жана эл аралык мамилелер боюнча профессору Марк Линч, мурда Европа империялары жок болуп кеткендей эле, алар Америка үстөмдүк кылган Жакынкы Чыгыштын да жок болуп баратканына күбө болушарын болжолдойт.

Сөздүн кыскасы: Американын ийгиликсиздиги жана өзүнүн дүйнөдөгү ордуна, анын эл аралык түзүмүнө жана мекемелерине, ошондой эле Атлантикалык альянсына тийгизген таасири аны өз максаттарына жетүү үчүн арттан туруп жетекчилик кылуу жана аймактагы куралдарына ролдорду бөлүштүрүп берүү стратегиясына өтүүгө түрттү:

1. Аймактагы өз таасири астындагы туруктуулукту сактоо.

2. Өз кызыкчылыктарын, эң оболу яхудий түзүмүн сактап калуу жана аны аймактагы табигый бир түзүм катары бекемдөө.

3. Иранды өз саясатына баш ийдирүү жана аны өзүнө көз каранды мамлекетке айлантуу үчүн ага басым кылуу.

4. Кытайдын күчөп баруусун ооздуктоо жана жеткирүү чынжырлары менен энергияны көзөмөлдөө.

5. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди, анын ичинде Европа мамлекеттерин Американын эркине баш ийдирүү.

6. Алар үчүн ушулардын баарынан да кооптуусу бул Ислам. Ал яхудий түзүмүнүн жана Американын Жакынкы Чыгыштагы жашоосуна коркунуч туудуруп келет жана аймак элдеринин арасынан күтүүсүздөн жарылып чыгууга аз калды. Араб жазы дүйнөнү күтүүсүздөн таң калтыргандай эле, анын чыгышына унутта калган бир бурчтагы бир адамдын аракети себеп болуп, бүтүндөй аймакты дүрбөлөңгө салып, залимдер менен диктаторлорду кулатты жана Батыш Усманий Халифалыкты кулаткандан бери курган нерселердин баарын жок кылууга аз калды.

Ислам Үммөтү тирүү жана эч качан өлбөйт. Ал өзүндөгү рухий күчү жана согуштук акыйдасы, өзүндөгү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Аллах ага тартуулаган стратегиялык жайгашуусу жана башка үммөттөрдө жок эбегейсиз байлыктары менен өзгөрүү жасоого кудуреттүү. Батыш менен яхудий түзүмүнүн болушу алардын колонизатордук куралдары болгон акимдердин болушуна байланыштуу. Бүгүн Үммөт катуу күрөштүн ичинде жана Аллахтын уруксаты менен андан жеңүүчү болуп гана чыгат. Батыш Аллахка, фитратка жана адамзатка каршы согуштун эшигин ачты жана бул эшик анын жеңилиши менен гана жабылат.

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَىٰ أَمْرِهِ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт». (Юсуф: 21).

Роя гезити

Шейх Саид Ризван Абу Авад (Абу Имад)

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button