Куранды үйрөнсөң көп жакшылыктарды үйрөнөсүң

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Куранды үйрөнсөң көп жакшылыктарды үйрөнөсүң
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Бари китебинде “Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп, үйрөткөнүңөр”, деген бөлүмүндө айтылат:
حدثنا حجاج بن منهال حدثنا شعبة قال أخبرني علقمة بن مرثد: سمعت سعد بن عبيدة عن أبي عبد الرحمن السلمي عن عثمان رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: خيركم من تعلم القرآن
Бизге Хажжаж бин Минхал Усмандан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) риваят кылды: “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөнүңөр”.
Урматтуу бир туугандар:
Бул хадисте Куранды үйрөнүү, жаттоо, окуу жана ага ылайык жашоо зарылдыгы жөнүндө айтылат, анткени бул жерде көптөгөн жакшылыктар бар, анткени адам бул дүйнөдө үйрөнө турган жана үйрөтө турган эң жакшы нерсе – бул Куран. Куранды билген адам бекем тоо сыяктуу. Дүйнө ага маанисиз болуп калат жана ал Аллах жолунда эч кандай жемелөөчүнүн жемесинен коркпойт. Куран аркылуу жандар жашоого, жүрөктөр тынчтыкка ээ болот.
Эй мусулмандар!
Жашооңор Куранды кармануудан көз каранды экенин, ал эми жоготууларыңар жана кыйрооңор аны этибарга албагандыгыңардан көз каранды экенин далилдөөнүн кажети жок. Каапыр колонизаторлор бул Куранга каршы ал пайгамбарыңарга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) түшүрүлгөндөн бери жана дагы эле ага каршы күрөшүп келе жатканын далилдөөнүн кереги жок. Турмуш чындыгы муну өтүмүштө да, азыр да айтып турат. Ага канчалык бекем кармансаңар, каапырлар силерди андан ажыраттууга ошончолук умтулат. Бул күрөш силер аны таштаганга чейин же ага амал кылып аны менен жеңишке жеткенге чейин бүтпөйт. Куранды үйрөнүү – жеңиш, аны текчелерде эмес, жүрөктөрдө сактоо – жеңиш, ал эми аны жашоо чындыгында колдонуп, араңарда бекем орноштуруу – бул өтө чоң жеңиш.
Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалык мамлекетин курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 24-робиул аввал.
2026-ж, 6-сентябрь.

