Адилеттүү мамлекетке «өзүбүздүн кишилер» эмес, мыктылар керек

Адилеттүү мамлекетке «өзүбүздүн кишилер» эмес, мыктылар керек
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Талас шаарында «Акылман» лицейин жана бир катар социалдык объектилерди онлайн форматта ачты. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстанды жаңы деңгээлге көтөрө турган келечектеги окумуштуулар, инженерлер, дарыгерлер, мугалимдер жана мамлекеттик кызматкерлер тууралуу айтты.
Бул талашсыз сөз. Мамлекет өнүгүшү үчүн чындап эле күчтүү мектептерге, таланттуу жаштарга, заманбап лабораторияларга жана сапаттуу билим алууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө муктажбыз. Бирок маселе бир лицейдин ачылышы менен гана бүтпөйт. Тескерисинче, дал ушул жерден билим берүү системасынан кыйла кеңири турган олуттуу көйгөйгө көңүл буруу зарыл.
Жапаров «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрү кайсы кесипти тандабасын, жогорку билим алгандан кийин мамлекеттик кызматка өзгөчө тартип менен кире аларын баса белгиледи. Мындай система мыйзамдык жактан да бекитилген: «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрү квалификациялык талаптарга жооп берген учурда кадрлар резервине сынаксыз кирүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алынууда артыкчылык алуу укугуна ээ болушкан.
Бирок бул жерде кеп бир гана лицей жөнүндө эмес, кеп бүтүндөй билим берүү жана кадрлар системасынын адилеттүүлүгүндө болууда. Кыргызстан жыл сайын миңдеген адистерди даярдайт. Алардын арасында таланттуу жаштар, окумуштуулар, инженерлер, дарыгерлер, мугалимдер, программисттер жана экономисттер аз эмес. Бирок алардын көбү диплом алганы менен, алган кесиби боюнча жумуш таба албайт. Айрымдары өз өлкөсүндө өзүнө ылайыктуу мүмкүнчүлүк болбогондуктан, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болушат. Бул болсо эмгек миграциясын күчөткөн негизги факторлордун бири болуп калууда.
Натыйжада, билим берүү системасын биринчи кезекте, келечектеги мамлекеттик кызматкерлерди даярдоонун булагына айлантып коюу коркунучу жаралат. Ал эми анын негизги милдети муну менен гана чектелип калбайт. Билим берүү бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшү үчүн сапаттуу адамдык капиталды калыптандыруунун негизги куралы. Ошондуктан «Акылман» долбоорун жаштарга салынган инвестиция катары гана эмес, бийликке ыңгайлуу кадрлар резервин түзүүнүн мүмкүн болгон куралы катары да кароо маанилүү.
«Өзүбүздүн адам» принциби кесипкөйлүк менен атаандаша баштаганда, мамлекет эң баалуу мүмкүнчүлүктөрүнүн биринен, тагыраагы, мыктыларды тандап, аларга жол ачуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
Мындай учурда, жаш муунга карама-каршы белги берилген абал пайда болот. Бир жагынан, жаштарга билим алууга, илим менен алектенүүгө, өнүгүүгө жана өз тармагында мыкты адис болууга чакырык жасалса, экинчи жагынан, алар кызматтык өсүүдө билим жана жетишкендиктер менен бир катар жеке байланыштар да маанилүү экенин көрүшөт. Ал эми бул адилет атаандаштыкка болгон ишенимди солгундатып, бүтүндөй бир муундун умтулуу жана кызыгуусуна терс таасир этиши мүмкүн.
Дал ошондуктан «Акылман» өлкөнүн келечектеги кадр маселесин да, жалпы эле өлкөнү өнүктүрүү маселесин да чечкен жалгыз механизм боло албайт. Азырынча «Акылман» улуттук кадрлар резервин даярдоонун жалпы системасынын бир бөлүгү катары эмес, чектелүү чөйрөдөгү жаштар үчүн түзүлгөн өзгөчө жол катары гана көрүнүп турат.
Ар бир мектепте, колледжде же университетте билим алган таланттуу жаш адам өзүнүн билими, жөндөмү жана жетишкендиктери менен мамлекеттик башкарууга келүүгө бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Ошондо гана мамлекет башкаруучулардын тар чөйрөсүн эле өндүрбөстөн, чыныгы кесипкөй элитаны калыптандыра баштайт.
Күчтүү мамлекет курулган имараттардын саны менен гана өлчөнбөйт. Ал бекем идеологиялык негизден, ошол негизге таянган кесипкөй институттардан жана аларды натыйжалуу башкара алган, ошол идеологиянын негизинде тарбияланган адамдардан башталат.
Кыргызстанда азыр деле күчтүү адистер аз эмес. Бирок мамлекет аларды дайыма эле кызыктырып, өлкөдө иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүп бере албай келет. Мындан тышкары, дагы бир чоң ресурс бар, тагыраагы, чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргызстандык адистер. Аларды мекенине кайтарууга болот. Бирок бул үчүн куру ураандар эмес, реалдуу шарттар, татыктуу кесиптик чөйрө жана мекенине кайтып, ийгиликтүү иштеп кеткендердин жаркын мисалдары керек.
Буга байланыштуу билимге жана билимдүү адамга таптакыр башкача мамиле калыптанган Ислам Халифалыгынын тарыхый тажрыйбасына көңүл буруп көрүңүздөр. Ал жерде окумуштуу, дарыгер, математик, котормочу же философ адам жөн гана жан багууну көздөгөн адис катары эмес, коомдук, мамлекеттик жана диний мааниге ээ ишти аткарган адам катары каралган.
Натыйжада, дал ушундай болгон көз караштын негизинде билимге өзгөчө маани берген бүтүндөй бир маданият калыптанган. Билим изилденип, башка тилдерден которулуп, сакталуу менен кийинки муундарга өткөрүлүп турган. Ар кайсы аймактардан жана элдерден окумуштуулар чакырылып, китепканалар, медреселер жана илимий борборлор түзүлгөн. Адамдык капиталды бир гана мекемеден же бир эле билим берүү долбоорунан күтүшкөн эмес. Тескерисинче, талант кайсы жерде болбосун, аны издеп таап, колдоо көрсөтүп, өнүктүрүүгө аракет жасалган.
Дал ошондуктан бул тарыхый тажрыйба Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы мусулман дүйнөсү үчүн да маанилүү. Күчтүү муунду «билим алсаң жумуш табасың» деген түшүнүк менен гана тарбиялоо мүмкүн эмес. Алгач билим алууну ыймандуу адамдын Жаратканга болгон жоопкерчилиги жана Ааламдардын Эгесине кызмат кылуусунун бир бөлүгү катары кабыл алган маданиятты калыптандыруу зарыл. Ошондо гана мамлекет менен коом мектептен тартып кесиптик жашоого чейин ар бир жөндөмдүү адамдын дараметин ачууга шарт түзө алат.
Акыр-аягы, өлкөгө жөн гана дипломдуу же мансабы бар билимдүү жаштар эмес, бекем идеологиялык негизге таянган, билими менен жөндөмү коом үчүн реалдуу мааниге ээ болгон муун керек. Башкача айтканда, адам бирөөнүн «кишиси» болбостон эле кесипкөй болууга, коомго, жараткан Алла Таалага жана мамлекетке кызмат кыла алган система түзүлүшү зарыл.
Латыфул Расых




