Жаратуу – жоктон бар кылуу маанисин билдирет

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Жаратуу – жоктон бар кылуу маанисин билдирет
Махмуд Санкротко.
Суроо: Бисмиллаахи рахмаанир рахиим. Ассламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракатуху. Аллахтан сизди коргоп, колдоп, тезирээк жеңишке жеткирип, бир кылымдан бери жоготкон даңкын, кадыр-баркын жана биримдигин үммөткө кайтарып берүүсүн тилейм…
Урматтуу шейхибиз, шейх Абдул Кадим Заллумдун (Аллах аны ырайымына алсын) “Исламда клондоонун өкүмү” аттуу китебинин алгачкы бетинде мындай деп айтылат: “Так мыйзамдар жана бекем түзүм кадыр жана кудуретүү жаратуучунун бар болушун талап кылат. Аллах Таала айтты:
﴿إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ﴾
“Чындыгында, Биз бардык нерсени так чен-өлчөм менен жараттык” (Камар: 49). Дагы айтты:
﴿وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيراً﴾
“Ал бардык нерсени жаратып, аны так чен-өлчөмдөп койду” (Фуркан: 2).
Башкача айтканда, Ал бардык нерсени тийиштүү өлчөм жана белгилүү бир тартипте жүрө турган кылып жараткан. Ал бардык нерсени өзүнө ылайыктуу нерсеге даярдады, ошондуктан бардык нерсе акылмандык менен жаратылды, чен-өлчөмсүз, тарипсиз жаратылган жок. Бул жаратуу жоктон бар кылган жаратуу. Анткени жаратуу – бул жок нерседен бир нерсени жаратуу, бар нерседен бир нерсени жаратуу эмес. Анткени бар нерседен бир нерсени жаратуу жаратуу болбойт”. (Цитатанын аягы). Шейх Аллах ага ырайым кылсын, жаратуу түшүнүгүн жок нерседен бир нерсени жаратуу менен чектеген, бирок Аллах Тааланын китебиндеги көптөгөн аяттар карап чыгылса... Мисалы, Аллах Таала айтат:
﴿خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ عَلَقٍ﴾
“Ал адамды уюган кандан жаратты” (Алак:2). Аллах Таала дагы айтат:
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنسَانَ مِنْ سُلَالَةٍ مِّن طِينٍ
“Чындыгында, Биз адамды жуурулган ылайдын (маңызынан) жараттык” (Момундар:12).
Дагы айтат:
﴿خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ كَالْفَخَّارِ﴾
“Ал адамды чопо сыяктуу ылайдан жаратты” (Рахман:14). Дагы айтат:
﴿وَخَلَقَ الْجَانَّ مِنْ مَارِجٍ مِنْ نَارٍ﴾
“Ал жиндерди оттун түтүнсүз жалынынан жаратты” (Рахман:15).
Башка аяттарда Аллах Таала бар нерседен жаратууну айткан. Жаратуу бир нерсени жоктон бар кылууга гана чектелеби? Бул түшүнүктү мурунтан бар болгон нерседен жаратуу жөнүндө айтылган аяттардын мазмуну менен кантип шайкеш келтирүүгө болот? Өтүнүч, муну мага сүрөттөп түшүндүрүп бериңизчи, Аллах сизге биздин атыбыздан мол жакшылыктарды берсин…
Жооп:
Аллах Таала сиздин бизге жакшы тилегиңиз үчүн сизге мол жакшылыктарын берсин, биз сиздин амандыгыңызды тилейбиз.
1. Жаратуу сөзүнүн тилде бир нече мааниси бар, биринчиден ал жок нерседен бар кылуу дегенди билдирет. Алдын ала үлгүсү жок бир нерсе жаратуу жана ал тагдырлоо (чен-өлчөмдөп бир тартипке салып коюу) маанисинде келет. Жасоо маанисинде да келет. “Лисан аль-Араб” китебинде мындай деп айтылат: “Жаратуу” Алла Тааланын сыпаттарынын арасында Жаратуучу жана пайда кылуучу сыпаттары бар. Араб тилинде жаратуу деген сөз мурда эч кандай үлгүсү жок бир нерсени жаратуу дегенди билдирет. Аллах жараткан нерселердин баарын Ал мурда эч кандай үлгүсү жок жараткан. Тактап айтканда жоктон бар кылган. Жаратуу да, буйрук да Ага таандык. Эң мыкты жаратуучу болгон Аллахка мактоолор болсун. Абу Бакр Ибн аль-Анбари мындай деген: “Арабдардын тилинде жаратуу эки нерсеге ээ. Бири – жоктон бар кылууга негизделген жаратуу. Экинчиси – тагдырлоо (чен-өлчөмдөп, бир тартипке (мыйзамга) салуу. Аллах ар бир нерсени жаратты, Ал аны жоктон пайда кылды. Кудурети Күчтүү Зат айтат:
﴿يخلُقكم في بطون أُمهاتكم خَلْقاً من بعد خَلق في ظُلمات ثلاث﴾
“Ал силерди энелериңердин курсагында үч караңгылыкта, жаратуу артынан жаратуу менен жаратат”.
Башкача айтканда, жаратуу артынан жаратуу менен (тартиптеп, мыйзамдаштырып жаратуу). Ал силерди нутфадан бир тамчы суудан, анан уюган кандан, анан бир муштум эттен, анан сөөктөр катары жаратат. Анан сөөктөрдү эт менен каптайт, анан силерди келбетке келтирип, силерге жан киргизет. Бул “үч караңгылыкта жаратуу артынан жаратуу” дегендин мааниси – курсак караңгылыгы, жатын караңгылыгы жана плацента (тон) караңгылыгы ичинде жаратуу дегенди билдирет. Ошондой эле, ал белди, жатынды жана курсакты билдирет деп айтылат”. [Цитата аяктады.]
Жаратуу – бул бардык нерселерди жоктон бар кылуу. Жаратуу – бул тагдырлоо (чен-өлчөмдөө, белгилүү бир тартип мыйзам менен жаратуу).
Жаратуу – бул мурда үлгүсү жок бир нерсени пайда кылуу. Туура маанини контекст (сөздүн багыты) жана карина (белгилер) аныктайт.
2. Клондоштуруу жөнүндөгү китепте жок нерседен бир нерсени жаратуу маанисиндеги жаратуу жөнүндө айтылган. Шейх мындай дейт: “Бул эбегейсиз зор илимий жетишкендиктер жана алардын колдонулушу жогорку өнүккөн технологиялар, эгер ал бир нерсени аныктаса, анда ал Аллахтын улуулугун, Анын күч-кубатын, акылмандыгын жана Анын жаратуусундагы кемчиликсиздигин жана Ал бул жандыктардын Жаратуучусу жана Баштоочусу бир Аллах экенин көрсөтөт. Ал кокусунан жаралган эместигин, анткени анын так системасы жана аны башкарган жана көзөмөлдөгөн так мыйзамдары бар экендигин көрсөтөт. Жаратылган нерселер белгилүү бир так мыйзамдын негизинде жүрүшү жана эмне үчүн жаратылганына ылайыктуу касиеттерге ээ болуусу алардын кокустуктан жаратылгандыгын жокко чыгарат, анткени кокустук так мыйзамдарды жана системаны жаратпайт. Так мыйзамдар жана так система чыгармачыл, күчтүү, кудуретүү жаратуучунун болушун талап кылат. Аллах Таала айтты:
﴿إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ﴾،
“Чындыгында, Биз бардык нерсени так чен өлчөм менен жараттык”. Жагы айтат
﴿وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيراً﴾،
“Ал бардык нерсени жаратып, анын так чен өлчөмүн белгиледи”.
Башкача айтканда, Ал бардык нерсени тийиштүү өлчөм жана белгилүү бир тартипте жүрө турган кылып жараткан. Ал бардык нерсени өзүнө ылайыктуу нерсеге даярдады, ошондуктан бардык нерсе акылмандык менен жаратылды, чен-өлчөмсүз, тарипсиз жаратылган жок. Бул жаратуу жоктон бар кылган жаратуу. Анткени жаратуу – бул жок нерседен бир нерсени жаратуу, бар нерседен бир нерсени жаратуу эмес. Анткени бар нерседен бир нерсени жаратуу жаратуу болбойт”.
3. Талкуунун баары жок нерседен бир нерсени жаратуу мааниси жөнүндө жүрүп жатат, анткени ал нерселердин кокустан пайда болбогондугун айтып турат. Тескерисинче, аны жараткан, башкача айтканда, жоктон бар кылган жана аны так бир системага салып койгон Жаратуучу бардыгын айтып турат. Далил катары келтирилген аяттар да жоктон бар кылган жаратууну көрсөтүп турат:
﴿إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ﴾،
“Чындыгында, Биз бардык нерсени так чен өлчөм менен жараттык”.
﴿وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيراً﴾،
“Ал бардык нерсени жаратып, анын так чен өлчөмүн так белгиледи”.
Бул ыйык аяттардагы сөз бардык нерсе жөнүндө жүрүп жатат. Аяттарда Аллах “баардык нерсени” жараткан деп айтылды, бул жаратылбаган эч нерсе жок дегенди билдирет. Башкача айтканда, нерселер жок болчу, ошондуктан Аллах аларды жараткан, башкача айтканда, Ал аларды жоктон бар кылды. Анткени (كل شيء) “баардык (бүткүл) нерсе” деген сөз айкашы бардык нерселерди камтыйт. Шейхтин “клондоштуруу” китебиндеги сөзү: “Анткени жаратуу – бул жок нерседен бир нерсени жаратуу, бар нерседен бир нерсени жаратуу эмес, анткени бар нерседен бир нерсени жаратуу жаратуу эмес”. Бул туура жана орундуу айтылган сөз, айрыкча ушул контекстте.
4. Суроодо айтылган аяттарга келсек, Аллах Таала:
﴿خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ عَلَقٍ﴾
“Ал адамды уюган кандан жаратты”, – деди. Аллах Таала:
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنسَانَ مِنْ سُلَالَةٍ مِّن طِينٍ
“Чындыгында, Биз адамды ылайдын маңызынан жараттык”, – деди. Кудурети Күчтүү зат:
﴿خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ كَالْفَخَّارِ﴾
“Ал адамды чопо сыяктуу ылайдан жаратты”,– деди.
﴿وَخَلَقَ الْجَانَّ مِنْ مَارِجٍ مِنْ نَارٍ﴾
“Ал жиндерди оттун түтүнсүз жалынынан жаратты”,– деди.
Бул жаратуу этаптары жөнүндө башкача айтанда, белгилүү бир чен–өлчөм, тартипке салынган жаратуу:
A. Адамдын (ага тынчтык болсун), жаралышы жөнүндө айтылган аяттар анын жаралуу баскычтарын сүрөттөйт. Ал топурактан жаратылган, бул жерде Кудуреттүү Аллах топуракты жуурулган ылайга анан кара баткакка, андан кийин чопого айландырган. Анан Куртубинин тафсиринде айтылгандай, Ал ага Өзүнүн рухунан үйлөдү. Аллах Таала айтты: “Ал адамды жаратты”
Аллах Асман менен жердин чоң ааламынынын жаралышын жана андагы жалгыздыгынын жана күчүнүн далилдерин айтып өткөндөн кийин, адам тууралуу, кичи ааламдын жаралышын айтты:
خلق الإنسان “Ал адамды жаратты” (من صلصال كالفخار) “Чопо сыяктуу ылайдан”.
Чопо сыяктуу ылай – бул үн чыгарган кургак топурак, ал бышырылган чопого окшош. Ошондой эле ал кум менен аралашкан ылай деп айтылат. Алар муну бузулган эт менен тамырлар чирий баштаганда пайда болгон чириген топурак деп да айтышты. Бул тууралуу хижр сүрөсүндө айтылган:
من صلصال كالفخار “Чопо сыяктуу ылайдан”. Башка жерде : (من صلصال من حمأ مسنون) “Кара ылайдан”, – деди. Дагы башка жерде: (إنا خلقناهم من طين لازب). “Биз аларды жабышкак ылайдан жараттык”, – деди. Дагы башка жерде: (كمثل آدم خلقه من تراب) “Аллах аны топурактан жараткан”, – деди.
Бул аяттар маани жагынан бири бирине дал келет. Анткени ал жердин топурагынан бир аз алынып ага суу кошулуп жуурулуп ийленди, анан ал кара баткакка айланды, анан ал чойулган жабышкак чопого айланды.
Бирок, бул эч кандай жоктон жаралуу жок деген маанини билдирбейт. Анткени, Адам (ага тынчтык болсун), жаратылган топурак кайдан пайда болгон? Аллах Таала аны жоктон жаратпаган беле? Анда топурак кантип эт менен канга айланды? Бул жок нерседен бир нерсе жаратуу эмеспи? Анан Аллах Таала ага рухунан үйлөгөндөн кийин жашоо кайдан пайда болду? Рух Аллахтын жараткандарынын бири эмеспи? Адамдын (ага тынчтык болсун) жаралышы жөнүндө айтылган Ыйык аяттарда адамдын жаралуу баскычтары баяндалат жана алардан Адам жоктон жаратылган эмес деп түшүнүлбөйт.
Б. Ошол сыяктуу эле, жиндин жаралышы жөнүндө айтылган аяттарда анын жаралуу баскычтары сүрөттөлөт, ал оттон болгон, андан кийин Аллах аны Өзүнө белгилүү болгон акылмандык менен аны жин кылган. Куртубинин чечмелөөсүндө мындай деп айтылат:
(وخلق الجان من مارج من نار)
“Ал жиндерди түтүнсүз оттон жаратты”.
Хасан мындай деген: Жаан – бул Иблис, ал жиндердин атасы. Ибн Аббастын айтымында: Жаан жиндердин бири, ал эми жалын от. Аллах жиндерди таза оттон жараткан. Жалындын тилинен деп да айтылган.
Аль-Лайс мындай деген: Аль-Маариж – бул катуу жалындаган жаркыраган жалын… Ибн Аббас оттун үстүнөн көтөрүлүп, кызыл, сары жана жашыл түстөрдүн аралашып кеткен жалын экенин айткан. Ушул сыяктуу нерсени Мужахид айткан жана булардын баары мааниси боюнча бири бирине жакын. Аль-Жавхари “Ас-Сихаах” китебинде мындай деген:
(مارج من نار) “От жалыны – бул түтүнү жок от, андан жиндер жаратылган”. Жиндер жаралган отту Алла Таала жоктон бар кылган. Анан андан жиндерди жаратып, аларга жашоо берди. Мунун баары жиндерди жоктон бар кылган, Аллах Тааланын иши. Жиндердин жаралышы белгилүү бир чен өлчөм тартипте этап-этабы менен болгондугу, Аллах аларды жоктон жараткан эмес дегенди билдирбейт…
В. Ал тургай, Улуу Жараткандын:
﴿خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ عَلَقٍ﴾
“Ал адамды уюуган жабышкак кандан жаратты” деген сөзү да Аллах адамды жоктон жаратпаганын билдирбейт. Уюган кан эркектин спермасынан жана аялдын жумурткасынан пайда болот, Аллах аларды эт жана сөөк кылып жаратып, анан аларга жан үйлөгөн… Мунун баары Кудуреттүү Аллахтын жаратууну белгилүү бир чен өлчөм тартипке салып койгон иши, анткени Ал мунун баарын жоктон бар кылган так система боюнча жараткан. Чындыгында, Аллах жоктон бар кылуучу зат... Бул асыл аятта жана ушул сыяктуу аяттарда айтылгандай:
﴿خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ عَلَقٍ﴾
“Ал адамды жабышкак уюган кандан жаратты” деген сөз анын жаралуу баскычтарынын сүрөттөлүшү, жаралуусунун башталышы эмес… Башка аяттарда анын жаралуу этаптары жөнүндө кененирээк маалымат берилген, мисалы, Улуу Жараткандын:
﴿وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ سُلَالَةٍ مِنْ طِينٍ * ثُمَّ جَعَلْنَاهُ نُطْفَةً فِي قَرَارٍ مَكِينٍ * ثُمَّ خَلَقْنَا النُّطْفَةَ عَلَقَةً فَخَلَقْنَا الْعَلَقَةَ مُضْغَةً فَخَلَقْنَا الْمُضْغَةَ عِظَاماً فَكَسَوْنَا الْعِظَامَ لَحْماً ثُمَّ أَنْشَأْنَاهُ خَلْقاً آخَرَ فَتَبَارَكَ اللَّهُ أَحْسَنُ الْخَالِقِينَ﴾
“Албетте, Биз адамды жуурулган ылайдан жараттык, андан кийин аны бир тамчы сымал коопсуз жайга жайгаштырдык. Анан Биз сперманы жабышкак уюган канга айландырдык, жабышуучу уюган канды бир кесим этке айландырдык, бир кесим этти сөөккө айландырдык, сөөктөрдү эт менен каптадык, андан кийин аны башка бир макулук катары жараттык. Жаратуучулардын эң мыктысы болгон Аллахка чексиз мактоолор болсун” (Момундар: 12-14).
Аллах Таала башынан аягына чейин бардык нерсени чен-өлчөмдөп тартипке салып Жараткан жана буга Анын бул сөздөрү жетиштүү:
﴿إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ﴾،
“Чындыгында, Биз бардык нерсени так чен өлчөм менен жараттык”.
﴿وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيراً﴾،
“Ал бардык нерсени жаратып, анын так чен өлчөмүн белгиледи”. Башкача айтканда Аллах баардык нерсенин жаралуусун башынан аягына чейин чен-өлчөмдөп белгилүү бир тартипке салып койгон. Ошондуктан, эгерде биз Аллахтын макулуктарды жараткандыгы жөнүндө айткан Куран аяттарын карап чыксак, аларда жоктон жаратуунун камтылганын көрөбүз. Бул жаратылыштын башаты жана биздин Кудуреттүү Аллах жөнүндө Ал Жаратуучу деген сөзүбүздүн да башаты. Куран аяттарында Аллахтын бир нерсени башка бир нерседен жаратканын айтуусу бул маанини жокко чыгарбайт. Анткени биринчи жана экинчи нерселерди да Аллах жараткан:
﴿وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيراً﴾
“Ал бардык нерсени жаратып, анын чен өлчөмүн так белгилеген”. Демек, жаратуудагы эң жогорку бийлик Анын колунда, Ага даңк. Ааламдардын Ээси болгон Аллахка мактоолор болсун.
Бул жооп жетиштүү деп үмүттөнөм, Аллах эң жакшы билүүчү жана даанышман. Сизге салам жолдойм жана ийгилик каалайм.
Боордошүуңар Ато бин Халил Абу Рашта.
1448-х, 24-робиул аввал.
2026-ж, 9-сентябрь.




