Президенттин мечит ачуусу жана кош стандарттуулук

Президенттин мечит ачуусу жана кош стандарттуулук
Талас шаарындагы Борбордук мечиттин ачылышы диндар мусулмандар жана шаар тургундары үчүн кубанычтуу окуя болду. Өзгөчө намаз окуу үчүн орундардын жетишсиздигин эске алганда, абдан маанилүү күн болду. Бирок бул иш-чарага Президенттин жеке өзү катышканы бир катар суроолорду жаратууда.
Президент Садыр Жапаров 4 500 адамга ылайыкташкан төрт кабаттуу мечиттин ачылышына өзү келип, имаратты кыдырып көрүп, намаз менен аяктаган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ушундан улам, «административдик деңгээли боюнча Талас шаарындагы мындай мекеменин ачылышына шаардын мэри, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же тиешелүү диний уюмдун жетекчилиги катышса жетиштүү болмок беле? Өлкө башчысынын жеке өзү катышуусуна чындап эле зарылчылык бар беле?» деген орундуу суроо туулат.
Өлкө башчысынын көңүл буруусун жана түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылган мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелер жетиштүү. Ошондуктан анын мындай иш-чарага жеке өзү катышуусу зарылчылыктан улам эмес, атайын жасалган саясий кадам катары кабыл алынууда. Ал эми президенттин бул иш-чарага жасаган өзгөчө мамилеси, бийликтин акыркы жылдары жүргүзүп жаткан диний саясатынын алдында өзгөчө кызыгууну жаратат.
2025-жылдын январь айында Садыр Жапаров «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койгон. Анын негизинде мамлекет диний чөйрөгө көзөмөлдү кыйла күчөтүп, ошол эле учурда секуляризм саясатын катаалдаштыруу менен дин менен саясаттын ортосуна жана катуу чек коюлган. Ага ылайык, учурда диний уюмдардын саясий ишмердүүлүккө катышуусуна тыюу салынат. Диндин негизинде саясий бирикмелерди түзүүгө жол берилбейт. Диний ишмерлерге диний ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин шайлоого катышуусуна беш жылдык чектөө киргизилген. Ибадат кылуучу жайларда саясий иш-чараларды өткөрүүгө жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле саясий жана шайлоо алдындагы иш-чараларда диний тематиканы колдонууга бир катар чектөөлөр коюлган. Башкача айтканда, мамлекет өзү коомго: дин саясий куралга айланбашы керек деген принципти таңуулап жатат. Бирок, эмне үчүн бул принцип диний уюмдарга жана диний ишмерлерге карата катуу талап кылынса, ал эми президентке келгенде мындай чек оңой эле бузулуп калат?
Диний ишмердин саясатка барышына жол берилбейт. Диндин негизинде саясий долбоор түзүүгө тыюу салынат. Мечитте саясий үгүт жүргүзүүгө болбойт. Диний теманы саясий курал катары пайдаланууга да чектөө коюлган. Ал эми президент мечиттин ачылышына келип, диний салтанаттын чордонунда болуп, намаз менен аяктаган иш-чарага коомчулук алдында катыша алат. Анын үстүнө бул сапар президенттин басма сөз кызматы тарабынан расмий чагылдырылып, өлкөнүн күнүмдүк маалыматтык күн тартибинин бир бөлүгүнө айланат. Демек бийлик белгилеген чек кайда?
Эгер Садыр Жапаров ал жерге жөнөкөй момун мусулман катары келсе, анда буга эч кандай суроо жаралмак эмес. Адамдын ишеними, президентти кошкондо да, ар бир адамдын жеке иши. Бирок ал жерге Президент катары, расмий иш-чаранын алкагында жана президенттин басма сөз кызматынын расмий чагылдыруусу менен барса, анда жөн гана мусулман Жапаровдун жеке намазы болбой калат. Бул мамлекет башчысынын коомдук-саясий ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Ал эми саясатчынын коомдук ишмердүүлүгү кааласа да, каалабаса да саясий мааниге жана белгилүү бир саясий натыйжага ээ болот.
Демек мунун баарын эске ала турган болсок, кандай жыйынтык келип чыууда? Алар бизден бул жерде эч кандай саясий максат жок экенине ишенишибизди каалап жатышабы?
Натыйжада светтик мамлекеттин принцибинен алыстап, динди саясаттан бөлүү талабын бийликке ыңгайлуу учурларда гана колдонгон түзүм калыптанууда. Башкача айтканда, диний символдор бийликке саясий жактан пайдалуу болгондо, аларды коомдук-саясий мейкиндикте колдонууга жол ачылат.
Дал ушул жерде маселе ишенимде эмес, эки жүздүүлүктө экени ачыкталууда. Тагыраагы, бул сөзсүз түрдө президенттин жеке адам катары эки жүздүүлүгүнө тийиштүү дегенди билдирбейт. Анткени биз анын жүрөгүндө эмне бар, эмне жок экенин биле албайбыз жана муну талкуулоо да биздин иш эмес. Маселе саясий түзүмдүн өзүндө болуп жатат. Анткени коом үчүн бир эрежелерди белгилеп, ошол эле учурда өзү тыюу салган нерселерди саясий кызыкчылыкка жараша пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бийликке калтырган түзүм – мына дал ошол кош стандарттарды жаратууда.
Акырында кайра эле: “эгер мамлекет динди саясий максатта колдонууга тыюу салса, анда эмне үчүн президент өзү диний коомдук мейкиндикте мынчалык активдүү көрүнүүгө аракет кылууда?” деген негизги суроо жаралат. Дал ушул карама-каршылык «кош стандарт» деп аталат.
Абду Шүкүр




